Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Ош: Шайлоочулар тилеги - тынчтык жана ынтымак


Ош шаарында шайлоочу добуш берүүдө, 10-октябрь 2010-жыл
Ош шаарында шайлоочу добуш берүүдө, 10-октябрь 2010-жыл

Ош шаарында жана анын жанындагы этникалык кагылыш болгон айылдарда шайлоо күчөгөн тартиптин шартында өттү. Майда-барат мыйзам бузуулар катталды.

Өзбек конуштарында кооптонуу болгон жок

Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылынын тургуну 90 жаштагы Адалаткан Мамытова өзү каалаган партиясына добуш берип жатат. Ал төшөктөн тура албагандыктан, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага бюллетень менен үкөк алып келишкен.

-Мен жаш кезимен бери колхоздо, андан кийин дагы башка иштерде аябай көп иштегемин. Бирок пенсиям аз. Эми мына мен шайлап жаткан шайлоодо пенсиямды көбөйтөм деген партияга добушумду берип жатам. Мен шайлаган партия утуп чыгат деп ишенем,-деди Адалаткан.

Жеке үйлөр көп талкаланган Шарк өзбек конушунда орун алган № 5232 шайлоо бекети өрттөлүп кеткен Толстой атындагы орто мектепте жайгашкан. Комиссия башчысы Нажибуллахан Мирзахамидовдун билдиргенине таянсак, бул айылда шайлоочулар добуш берүүгө активдүү катышты:

-Биздин шайлоо түйүнүбүздө 2108 шайлоочу болсо, алардын дээрлик көпчүлүгү шайлоого активдүү катышты. Өзбек кварталдарынын баар эле активдүү катышты. Эч ким кооптонгон жок. Маселен, биздин бекетте 2 милиция, 5 элдик кошуундун мүчөсү кайтарып жатат. 10 чакты байкоочулар күзөтүштү,-дейт шайлоо комиссиянын төрагасы.

Жогорудагыдай кооптуу делген же башкача айтканда элдин таарынычы бар бекеттердин саны Ош облусу боюнча он сегизди түзөт. Аларда көзөмөл салган күч органдарынын саны бештен, элдик кошундардан болсо төрттөн нөөмөтчү кайтарышууда. Коопсуздук иштерине болсо жалпы Ош облусу боюнча үч миңден ашуун күч орган өкүлдөрү жана төрт миң элдик кошуундун чоролору тартылган.

Анча-мынча мыйзам бузуулар бар

Ошто добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар да катталганы айтылууда. Алардын бири Ош филармониясында орун алган №5300 бекетинде бир партиянын өкүлдөрү адамдарды кичи автобустар менен ташып келүү жана көзү адамдын ордуна башка адамды добуш бердирүү аракети башка бир партиянын өкүлдөрү тарабынан актыланган.

- Акт түздүк. Бирок кээ бир партиялардын өкүлдөрү акча берүүгө аракет кылып жатышты эле, биз кой деп, тынчытып койдук. Эми биздин акт боюнча иш козголобу, жыйынтык кандай болот, аны көрө жатабыз, - дейт атын атабоону өтүнгөн байкоочу.

Эл аралык байкоочулардын дээрлик бөлүгү июнда катуу жапа чеккен конуштарда көз салып жүрүшөт. Облус боюнча 40 бекетке өзүнүн байкоосун салып жаткан жергиликтүү “Адам укуктары жана демократия” борборунун жетекчиси Идирисбек Кубатбековдун пикиринде, күндүзгү добуш берүүлөрдө мыйзам бузуулардын майда-барат аракеттери байкалган:

- Мен бир топ участоктордон маалымат алып турдум. Мындан сырткары бир нече участкаларды кыдырып көрдүм. Менин байкашымча, шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчү одоно мыйзам бузуулар боло элек. Биз азырынча каттай алган жокпуз. Бирок айрым жерлерде башка документтери менен шайлоого киргиси келгендер, кошумча тизме менен киргендердин санынын көптүгү жана маркировкадан өткөндөрдүн кайра кирүүгө болгон аракеттери сыяктуу майда-барат көрүнүштөр болуп жатат.

Ошондой эле Ош шаарында бүгүн көчөдө баскан адамдардын саны да кыйла азайганы жана дүкөн, базарда соода кылгандар эртерээк ишин токтотуп жаткандыгы да байкалууда.

- Мен мына азыр базар жактан келе жатам. Кеч кире элек болсо деле, базарда, парктарда кишилер таптакыр калбай калыптыр. Көчөдө да тургундар сээлдеп калган. Кыязы, кооптонуп үйлөрүнө кетип калышкан окшойт. Мен дагы эртелеп эле үйгө кетейин деп жатам,-дейт базардан кайтып бараткан Расул аттуу жигит.

Ош облусу боюнча 468 шайлоо бекети ачылган, шайлоочулардын саны облуста 599 миң 393 адамды түзөт. Ош шаары боюнча 82 бекет иштеп жатат. Түштүк кааласында добуш берүүчүлөрдүн саны 119 миңге чукулдайт.

"Азаттыктын" тасмасы: Ош шаарында шайлоо күнү тартип күчөтүлдү

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG