Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Шайды оодарган шайлоо жыйынтыгы


Шайлоодон кийинки добуш эсептөө, Бишкек, 10-октябрь.
Шайлоодон кийинки добуш эсептөө, Бишкек, 10-октябрь.

БШКга келген шайлоо протоколдорунун түп нускасы менен көчүрмөлөрүнүн ортосунда чоң айырмачылыктар чыгууда.

20-октябрь күнү БШКнын мүчөлөрү ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген расмий шайлоо протоколдору менен шайлоо участкаларынан келген сейф-пакеттердеги протоколдорду салыштырууга киришишти.

Чындыктын “түбүнө” тике карашат

Сейф-пакеттерди ачып, протоколдорду текшерүү шайлоого катышкан саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана маалымат каражаттарынын катышуусунда жүргүзүлүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев акыр-аягына чейин текшерүү иштерин жүргүзүүгө айрым партиялардан түшкөн салыштыруу актылары негиз бергендигин кошумчалады:

- Кайра добуш санап же протоколдорду толук карап чыгыш үчүн негиз болуш керек. Биз алдын-ала текшергенибизде протоколдордо чын эле каталар бар экен. Ошондуктан ал каталар менен биз жыйынтык чыгара албайбыз. Андыктан толугу менен талдап карап чыгабыз. Сейф-пакеттерди өзүбүз деле ачып койсок болмок. Бирок айрым партия өкүлдөрү күмөн санабасын деген максатта алардын түздөн-түз катышуусунда толугу менен баштан аяк карап чыгалы деп чечтик.

Божураган болжол сандар салыштырылат

БШК мүчөлөрү “Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматтары добуш берүүнүн болжолдуу экендигине карабастан көпчүлүк маалымат каражаттары аларды акыркы жыйынтыктар катары чагылдырышкандыгын айыпташты. Анын натыйжасында коомчулукта түрдүү түкшүмөлдөр жаралыш ыктымалдыгы эскертилди.

БШК мүчөсү Жеңиш Акматов протоколдордогу партиялардын алган добуштарынын санындагы, негизги жана кошумча тизмелердеги айырмачылыктар текшерилип жаткандыгына токтолду:

- “ГАС-Шайлоонун” добуш берүүнүн жыйынтыктары туурасындагы маалыматтары жөн эле алдын-ала маалыматтар. Ал юридикалык күчкө ээ эмес. Ошондуктан райондор алып келген расмий шайлоо протоколдор менен участкалык шайлоо комиссиялары жөнөткөн сейф-пакеттеги протоколдорун салыштырууда келип чыккан айырмачылыктарды карап жатабыз. Ошол жерде бардыгы чечилет. Кошумча тизмеге канча киши киргизилген, негизги тизмеде канча шайлоочу болгондугу ошол жерде дайын болот.

Салыштырууга катышып жатышкан айрым партия өкүлдөрү туура эмес толтурулган, актай же болбосо айрым сандык каталары орун алган шайлоо протоколдору табылып жаткандыгын белгилешти. Ошондой эле алардагы сандардын шайлоо күнү добушканалардан берилген маалымат торчолорундагы сандар менен дал келбөөчүлүктөрү чыга баштагандыгы айтылды.

Мыйзам бузуулар далилденсе шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылабы?

“Адам укугу жана демократия” борборунун жетекчиси Идирисбек Кубатбеков текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар табылса, ал айрым чөлкөмдөрдө кайра добуш берүүгө же шайлоонун жыйынтыктарын түп тамырынан бери жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн деп эсептейт:

- Биринчисин кайрадан кайталап добуш берүү деп коет. Ал мыйзам бузуулар же шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчү жагдайлар кездешкен болсо, аныкталган шайлоо участкаларында же белгилүү бир чөлкөмдө гана жүргүзүлөт. Эгерде шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткен мыйзам бузуулар орун алгандыгы далилденсе, анда карап чыгып мыйзамдын чегинде кайрадан шайлоолор жарыяланышы керек.

"Бүтүн Кыргызстан" тарапкерлеринин акциясы, Бишкек, 18-октябрь.
Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы мурда жарыяланган беш пайыздык босогонун чеги боюнча шайлоодон уткандыгын жарыялап, БШКга аны таануу талабы менен нааразылык чараларын уюштурган. Партиянын беш пайыздык босогого илинбей калышына БШКнын түшүндүрмөсү боюнча кошумча тизмедеги 150 миңден ашуун шайлоочунун кошулгандыгы себеп болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Мурадил Жаңжалбековдун айтымында, кошумча тизмедеги шайлоочулардын санынын аныктыгы бардык протоколдорду салыштыруунун жыйынтыгында белгилүү болот:

- Ал партия беш пайыздык босогодон өттүбү же өткөн жокпу текшерүү көрсөтөт. Такталып жыйынтыгы чыккандан кийин бул маселенин башы ачылат. Ал гана эмес башка партиялар дагы мыйзам бузуулар болгон деп арызданып жатышпайбы. Ошонун бардыгынын чын-бышыгын аныктап чыгабыз. Бул протоколдорду кайрадан текшерүүлөр Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат. Мурда мындай тажрыйба болгон эмес. Партиялар өздөрү карап, чындыгына көздөрү жетиши керек.

Кечеңдеген шайлоо жыйынтыгы кырдаалды кыйчалыштырбайбы?

Анткен менен жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун кечеңдеп жатышына тынчсыздануусун билдиришти.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бирикмесинин төрайымы Динара Ошурахунова жыйынтыктарды чыгаруунун создуктурулушу менен кырдаал курчуп кетиши мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт:

- Чындыгында шайлоонун жыйынтыгынын кечеңдеп жатышы коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жаратышы мүмкүн. Анткени шайлоочулар дагы мөөнөтү узарып кетти, бурмалоолор болгон жокпу деп ишенбей калышы да мүмкүн. Ошондуктан расмий жыйынтыкты жарыялоону эртелетиш керек.

Шайлоо протоколдорун салыштырууда күмөндүү деп эсептелген шайлоо участкаларындагы добуш берүү бюллеттендери кайрадан саналышы мүмкүн. БШК мүчөлөрү шайлоо документтеринин мыйзамдуулугу аныкталгандан кийин гана расмий жыйынтыктар чыгарыла тургандыгын белгилешти. Ал эми БШК жетекчилигинин айтымында, текшерүү иштери канчага созулаары белгисиз.

XS
SM
MD
LG