Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Төрт шайлоо бекетиндеги добуштар жараксыз


Бишкек: кошоктошкон митингдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

“Мекен Шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын койгон митингин 19-октябрда да улантты. Бул күнү түштөн кийин “Бүтүн Кыргызстан” жактоочулары партиянын беш пайыздык босогодон өткөнүн таануу талабы менен чы

БШК протоколдордун түпнускасы менен көчүрмөлөрүн текшерүү учурунда чет өлкөдөгү төрт участканын добуштарын жараксыз кылды.

Ошентип БШК протоколдордун түп нускасы менен көчүрмөлөрүндөгү айырмаларды текшерип бүттү. Ага ылайык Орусиянын төрт шаарындагы Москва, Санкт-Петербург жана Казань шаарларындагы участоктордун добуштары жокко чыгарылды. БШК төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, буга негизги тизмелердин мыйзамга туура келбегендиги негиз берген.

Атап айтканда Санкт-Петербургда негизги тизмеде үч миң шайлоочу болсо, андан бирөө да добуш берген эмес, ал эми кошумча тизме боюнча 600дөн ашуун киши добуш берген. Шайлоочуларды көбү паспорт эмес, башка документтер менен деле добуш берген.

- Булардын негизги тизмелеринин мыйзамга туура келбегенинин негизинде добуштарды жокко чыгардык. Анткени бул тизмелер менен шайлоо өткөргөнгө болбойт болчу. Ошондуктан жокко чыгаруу чечимин кабыл алдык,-
деп билдирди Акылбек Сариев 25-октябрдагы маалымат жыйынында.

Буга чейин айрым партиялар республиканын аймактарындагы кээ бир шайлоо бекеттеринде добуш берүү бир топ мыйзам бузуулар менен өткөнүн жана протоколдорду толтурууда мүчүлүштүктөргө жол берилгенин айыптап келишкен. Алар ошол себептүү ушундай фактылар кездешкен участкалардагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, добуштарды кайра эсептөөнү да талап кылышкан эле. Бирок БШК төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, жергиликтүү шайлоо бекеттериндеги добуштар жокко чыгарылган жок.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жактоочуларынын митинги
Ал арада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ар кайсы аймактан келген 16 тарапкери Бишкекте ачкачылык акциясын улантышууда. Мындан төрт күн мурда Ош шаарындагы партиянын элүүдөй жактоочулары ачкачылыкты партия жетекчилигинин өтүнүчү менен токтоткон. Бул тууралуу “Бүтүн Кыргызстандын” жаштар канатынын координатору Эрнис Ормонов билдирди:

- Төртүнчү күндөн бери ачкачылык жарялап жатышат. Абалдары күндөн күнгө начарлап атат. Мамлекет тарабынан медициналык кам көрүү жок. Жалаң жеке тез жардамдан келип карап жатышат. Кечээ аларга дагы эки аял кошулуп, жалпы 16 киши болду. Жалаң аялдар. Алар өлкөнүн бардык аймагынын өкүлдөрү.

Шайлоо жыйынтыгынын кечеңдеши бир топ бүдөмүк ойлорду жаратууда дешет бир топ саясатчылар менен саясий серепчилер. Бул өлкөнүн ар кайсы аймагындагы митингдердин көбөйүшүнө түрткү болуп, шарт түзүүдө деген ойлор да айтылып, мындан ар кайсы саясий күчтөр пайдаланып кетиши ыктымал деген чочулоор да бар.

Ал арада “Ар-намыс” партиясы шайлоо жыйынтыгын эртерек чыгарууну талап кылып 27-октябрда митингин баштай тургандыгын да эскертүүдө. “Альфа- антитеррор” бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков кырдаалды курчутпаш үчүн БШК так маалыматтарды гана бериши керектигин белгилейт:

- БШК милдеттүү түрдө так, туура маалымат бериш керек. Бул келечекте бир дагы шайлоону бурмалап, уурдап, сатып алууга жол бербейт . Экинчиден, бизде чыныгы демократиялык бийликтин бар экенин билдирет. Ушундай бурмалоо боло берсе элде да, партияларда да эч кандай ишенич жок болот. Анын аркасынан элдин арасында ар кандай түшүнүктөр пайда болуп, көчөгө чыгуу, андан жаман терс оюндарга аралашып кетиши мүмкүн. Ошону кээ бир саясатчылар, партиялар убагында пайдалангысы келип атат.


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн негизги тизме аркылуу добуш берген адамдардын тизмесин текшерип баштайт. Ага шайлоого катышкан бардык партия өкүлдөрүнөн турган төрт-беш топ түзүлөт. Мына ушул да буга чейин чырга айланган беш пайыздык босогону жана чынында канча шайлоочу добуш бергенин аныктайт деген ишеничти жаратууда.

XS
SM
MD
LG