Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Бишкекте өрттөн жабыркагандарга жардам берилди


Бишкекте көп батирлүү үйдөн чыккан өрттөн жабыркаган тургундарга жардам берилди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, өрттөнгөн чатырды жаңылоого шаардык бийлик 500 миң сом бөлдү.

4-декабрда түнкү саат экилерде Сухомлинов жана Шота Руставели көчөлөрү кесилишкен жерде барак тибиндеги үйдөн өрт чыккан. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Куткаруу-тазалоо иштерине Ленин райондук администрациясынын жооптуу кызматкерлери, “Тазалык” ишканасы каралашкан. Оңдоп-түзөө иштерине да алар кол кабыш кылышары маалымдалды. (SE)

XS
SM
MD
LG