Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ошто шайлоо тагдыры мурда эле чечилгенби?


Оппозициялык маанайдагы партиялар Оштогу кээ бир участоктордо шайлоонун жыйынтыктары күн мурунтан эле чыгарылган деп билдирип жатышат.

Оштогу айыл чарба техникумунда жайланышкан № 278-участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Татьяна Медведева саясий өнөктүктү корутундулаган документке кол койдуртуп, даярдап бүткөн маалда социал-демократиялык партиянын өкүлдөрү үстүнөн чыгып, акт түзүшкөн. Аталган факты боюнча СДП мүчөлөрү шаар прокурору Бөкөнбай Казаковго кайрылышкан, бирок натыйжа жок.

Бул туурасында президентикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин Ош шаардык штабынын башчысы Алымбай Кадыров төмөнкүлөрдү билдирди:

-Айыл чарба техникум участоктун шайлоосун жокко чыгарышка аракет кылабыз. Мен ойлойм мындай иш бул эле участокто эмес, көп участокто окшош картина болуп атат, тилекке каршы. Биз колдон келишинче баардык мыйзам бузууларга каршы күрөшөбүз.

Жергиликтүү байкоочулардын баамында, мөөнөтүнөн мурда берилген добуштардын да бурмалангандыгы ачыкталды.

-19-июль күнү бул жерде 800 кишиден ашык облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мөөнөтүнөн мурда добуш беришкен. Ошол кишилердин дээрлик бардыгынын бюллетендери конверттерге салынып чапталган. Азыр эми 49 эле киши алдын ала добуш берди деп туруп, баардыгын башкадан жасалган деп ичиндеги бюллетендер алмаштырылган, -деди байкоочу Эсенбай Куттубаев.

Оппозиция өкүлдөрү Ош шаарында Алмазбек Атамбаевдин жүздөгөн эки жүздөй ишенимдүү өкүлдөрү жана байкоочулары шайлоо участкаларына жолотулган жок деп прокуратурага шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзылдаевдин үстүнөн мыйзам чегинде чара колдонуу жөнүндө ачык кат менен кайрылышкан. Алардын пикиринде, мыйзам бузуулар жөнүндө миңге жакын акт түзүлө турган болсо, шаар боюнча шайлоо өтпөдү деп эсептегенге толук негиз болот.

Анткени менен Курманбек Бакиевдин Ош шаардык штабынын өкүлү Руслан Ташанов шайлоонун жүрүшүндөгү айрым мыйзам бузууларды кадырэсе көрүнүш катары эсептейт:

-Оппозиция бийликтин иштешине шарт түзөт. Бирок ошол эле учурда күбө болуп келебиз, баардык эле айтылган сын-пикирлер орундуу эмес.

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов «Азаттыкка» курган маегинде оппозиция өкүлдөрүнүн дооматтарын четке какты:

-Өзүңөр көрүп турасыңар бир эле шаардык мэриянын кызматкерлеринин эле эмес баардык шаар тургундарынын маанайы майрамдык маанай. Шаардык участкаларында баардык шарттар түзүлгөн. Шаар тургундары бир эле президентти тандабастан, келечектеги өзүнүн тагдырын тандап алууга активдүү катышып жатат. Мен ойлойм, мыйзам бузуулар болбойт, - деди Мелис Мырзакматов.

Акыркы сааттарда Ош шаардык шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, түштүк баш калаасынын 130 миң 423 шайлоочусунун 67 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышты.

XS
SM
MD
LG