Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы аны шайлоодо БШК беш пайыздык чектен атайы өткөзпөй койду деп каршылык акцияларына чыгып, добуштарды кайра саноону талап кылууда.

Добуштарды кайра саноо талабын беш пайыздык чектен өткөн кээ бир партиялар колдоп чыгышты. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун акыркы расмий тыянагы чыкмайынча беш пайыздык босогону так айтуу да, добуштарды кайра саноо тууралуу чечим кабыл алуу да мүмкүн эмес деген позицияда турат.

Мамлекеттик автоматташтырылган системанын санагы боюнча парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 145 миңден ашык добуш алган. Ага жараша шайлоочулардын жалпы санын эсептеген партия өзүнүн беш пайыздык босогодон ашып, парламентке келүү укугуна ээ болгонуна ишенип турат.

Муну далилдөө үчүн партия сотко кайрылаарын жарыялап, эки күн катары менен Ошто нааразылык акциясын өткөрдү. Бул иш-чараны Баткенде, Каракөлдө, Жалал-Абадда шайлоочулар тобу колдоду. 18-октябрда Жогорку Кеңештин астында 500 ашуун адам катышкан нааразылык акциясын уюштурду. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын кетишин талап кылып, алардын парламентке келүүсүнө бут тосуулар болуп атканын билдиришти. Ош шаарында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын беш тарапкери шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде мөөнөтсүз ачкачылык акциясын жарыялашты. Алар “Бүтүн Кыргызстан” партиясы беш пайыздык чектен өттү деп таанылмайынча акцияны токтотпой турганын айтышууда.

Партия лидери Адахан Мадумаров БШК босогону партияны парламентке өткөрбөш үчүн атайын тосмолоп жатат деген бекем ишенимде турат:

- Бизде Кыргызстанда кантип эки сааттын ичинде 200 миң шайлоочу пайда болуп кетиши мүмкүн? Кантип Кыргызстанда 18 жаштан жогоркулардын саны 3 миллион 4 миң болуп кетиши мүмкүн? Бул ар бир кишинин акылына сыйбайт. Таптакыр акылына туура келбейт. Болгондо дагы бизде 500 миңден ашык киши Орусияда, Казакстанда жүрсө. Кечээ Ош, Жалал-Абад окуяларында 165 миң киши Кыргызстанды таштап кеткен болсо, 250 миң киши Орусиянын атуулдугун алган болсо, кайдан жүрүп бизде 3 миллиондон ашып кетет, шайлоочулар.

БШК өз кезегинде чын эле шайлоочулардын саны кошумча тизменин эсебинен 3 миллиондон ашып кетип, анын айынан босого 150 миңге чыгып кетти деп маалымдоодо:

- Тизмеден чыккандары болот, кайра киргендери болот. Аларды кошкондон кийин 3 миллион болду азыр. Бардык тизмеге кирген деп көрсөткүчтөр 3 миллиондон алынат. Тизмеге кирген деген кошумча жана негизги тизмеден турат. Көрсөткүчтөр эки тизменин негизинде алынат да. Ошон үчүн азыр 3 миллион болгондон кийин, 150 миң болушу керек,- деп билдирген БШК төрагасы Акылбек Сариев.

Талаш-тартышты жараткан бул жагдай эми добуштарды жана протоколдорду кайра карап чыгуу керек деген маселеге такалууда. Партиянын бул талабын азыр беш пайыздык босогодон өткөн “Ата-Журт”, “Ар-намыс” партиялары жана жеңишке жетпей калган “Замандаш” жана “Акыйкат” партиялары да колдоп атат. СДП партиясы болсо добуштарды эмес, протоколду кайра саноого каршы эместигин билдирүүдө.

БШК өз кезегинде азыркы жагдайда беш пайыздык босогону так кесе аныктаганга да, добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алуу да мүмкүн эмес экенин эскертүүдө. БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров муну жер-жерлердеги протоколдордун түп нускасы чогулуп бүтө электиги менен түшүндүрдү.

Ошол эле мезгилде байкоочулардын бир бөлүгү жеңишке жетпей калган партиялар өз чындыгын коомчулукту дүрбөтүү аркылуу эмес, сот аркылуу табышы керек деп эсептешет. Алардын бири саясат таануучу Токтогул Какчекеев буларды айтты:

- Бул жерде бир гана нерсе бар болчу. Кайсы жерде мыйзам бузуу болгондугу, же болбосо ошол жерде көз боемочулук кылгандыгы белгилүү болсо, ошонун баарын көрсөтүп туруп сотко бериш керек болчу. Ошондуктан бүгүнкү күндө чын эле маданияттуу саясатчылар болсо, айтат болчу, тетиги тетиги жерде ушундай кылынган ошондуктан сотко берип, сот текшерип берет эле. Эми бул жерде чоң жаңжалга, чоң көтөрүлүшкө айланткысы келип жатышат.

Ошентип, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы коюп жаткан талаптын чын-төгүнү качан, кандай шартта аныкталып, чекит коюлары азырынча белгисиз бойдон турат. “Бүтүн Кыргызстан” апрель окуясынан кийин пайда болгон жаш партиялардын катарында турат жана анын тизмесине кирген саясатчылардын кыйласы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда бийик кызматтарда иштегендер болуп саналышат.

Кошумчалап койчу жагы беш пайыздык босого боюнча “Бүтүн Кыргызстан” менен БШК ортосунда талаш-тартыш болуп жаткан кезде апрель окуясынан кийин түптөлгөн “Мекен шейиттери” кыймылынын бир тобу “Ата-Журт” партиясынын шайлоодо жеңип чыгышына каршылык билдирип көчөгө чыгышты. Бул аралыкта дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы парламенттик шайлоо Борбор Азияда эң ачык-айкын жана таза өткөн шайлоо деп баалап жатат.


XS
SM
MD
LG