Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

“Менин тандоомдун мезгили” жарандык уюмдар союзу шайлоо процесси одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирди.

Жарандык уюмдар союзунун мүчөлөрүнүн билдиришинче, алардын байкоочулары Кыргызстан боюнча 1403 шайлоо участкаларында добуш берүү процессине көз салышкан. Алар мөөнөтүнөн мурда добуш бергендерди саны көп болгондугун, бюллетендерди шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн өздөрү таңгагы менен салгандыгын, шайлоочуларды жана байкоочуларды коркутуп үркүтүүлөр болгондугун , добуштарды саноодо түзүлгөн пртоколдордун байкоочуларга көрсөтүлбөгөндүгүн, кайра-кайра кирип добуш бергендер көп болгондугун билдиришти.

-Ушул фальсификацияга катышкан жарандардын көптүгү бизди чочутат. Биздин жарандарга эмне болгон? Эмне үчүн алар бардык нерсеге ишеничин жоготуп, ушундай жолго барууда. Эмнеге шайлоо ушундай чоң элдик фарска айланып кеткенигин ойлонушубуз керек.

Союздун мүчөлөрүнүн айтымында, шайлоо жарышынан эки талапкерди чыгып кетиши шайлоо процессинин бузулушуна алып келди. Анткени алар байкоочуларын чакыртып алгандан кийин мыйзам бузуулар массалык түрдө башталган. Союздун мүчөсү Динара Ошрахунова алардын байкоочулары ошол масштабдуу мыйзам бузуулар менен жалгыз бетме-бет калганын айтат.

-Мыйзам боюнча алар шайлоо процессинин аягына чейин турушу керек эле. Кандай мыйзам бузуу фактылары болуп жатканын белгилеп туруусу керек болчу. Алар эрте чыгып кеткени менен, эми колдорунда азыр кагаздары калбай калды. Экинчиден алар кетип калгандан кийин дароо шайлоо процесси көзөмөл жок бузулду. Болгон фактыларды көрсөтүп сотко кайрылып, далилдерди чогултуу керек эле. Алар болсо эмоцияга алдырып жөн эле чыгып кетишти. Биз үчүн абдан оор нерсе болду. Биз жалгыз калдык. Оор шартка карабастан биздин байкоочулар акыр аягына чейин милдеттерин аткарды.

“Менин тандоомдун мезгили” өзүнүн жүргүзгөн байкоолоруна таянып, азыркы Шайлоо кодекси таза акыйкат шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзө албай тургандыгын билдирди. Алардын айтымында, кодексти анализдеп, көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Союз шайлоону дем алыш күндөрү өткөрүү, добуш берүү процессине байкоо жүргүзүү үчүн кодекске фото, видеокамера менен көзөмөлдөө нормасын киргизүү, тизмеден чыгуу күбөлүгүн берүүнүн так системасын иштеп чыгуу, бармакка белги салууну кайра киргизүү сыяктуу бир катар сунуштарды иштеп чыккан.

БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин пикиринде, Шайлоо кодекси шайлоолор өткөрүлгөн сайын кемчиликтери жоюлуп, улам толукталып иштелип келе жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө деморатиялык ачык-айкын шайлоону өткөргөнгө азыркы Шайлоо кодекси шарт түзүп бере алат.

- Маркировка, тиги бу дегендерди киргизип кайра чыгардык. Бул шайлоонун таз ачык өтүшүнө олуттуу таасирин тийгизген жок. Бул боюнча бизге эч кандай арыздар, даттануулар да түшкөн жок. Ал эми шайлоону өткөрүү жумушчу күнүнө биринчи жолу туш келгендигине карабастан жарандар активдүү катышты. Бир саатын ичинде эртең мененки саат тогузга чейин эле жалпы шайлоочулардын 11, 44 пайызы добуш берди. Эми бир аз түйшүктөрдү алып келсе керек. Жумуштан бошой албай калгандай нерселер болгону менен, биз мындан ары шайлоону жумушчу күнгө дайындоону практикалай баштайбыз. Шайлоонун ачык айкын болушу шайлоонун катышуучуларынан көз каранды. Биздин шайлоочулар видеокамерасыз эле аң сезимдүү түрдө каалаган талапкерине жүрөгү менен добуш берүүсүнө мезгил келип деле калды го. Биз шайлоочулардын ошондой добуш берүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек.

Шайлоо күнү жарандык уюмдар союзунан добуш берүү процессине 2806 байкоочу көз салган. Алардын ишине 80 координатор баш көз болуп турушкан. Союздун билдиришинче, коомчулука маалымдалган бул фактылар - шайлоонун жүрүшү тууралуу алдын ала билдирүү. БШК шайлонун жыйынтыгын чыгарып бүткөн соң, жарандык уюмдар союзу дагы өзүнүн жыйынтык отчетун чыгарат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG