Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:17

Кыргызстан борбордук шайлоо комиссиясы кыйыр үгүт камтылганы айтылган көрнөк-жарнактарга кандай чара колдонорун билбей жатат.

Комиссиянын айрым мүчөлөрү шаар көчөлөрүндө ар кыл ураан, накыл сөздөр жазылган жарнактарга үгүт катары чара көрүүгө чакырса, мыйзамда так көрсөтүлбөгөндүктөн, ал кадамга бара албай жатышат. Ал ортодо адистер кыйыр үгүт шайлоочуларга ачык үгүттөн да алда канча күчтүү таасир бериши мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Насаат кептер жазылган жарнактар көбөйдү

Президенттик шайлоо жакындаган сайын Бишкектин көчөлөрүндө ар кыл накыл кеп, же ураандар жазылган көрнөк-жарнактардын катары толукталып жатат. Маселен, көчөлөрдөн көк түстөгү матага “Айла алтоо, АКЫЛ жетөө”, “Душманды АКЫЛ жеңет” деп акыл сөзү чоң тамга менен жазылган жарнактарды табууга болот. Ал эми “Жери түгөл жемиштүү өлкө, эли БҮТҮН бейиштүү өлкө”, “Чайпалсаң да төгүлбөй, чачылсаң да бөлүнбөй БҮТҮН болгун Кыргызстан!” деген насаат сөздөр жазылган жарнактарда БҮТҮН сөзүнө басым жасалган.

Жакында Бишкекте кызыл матага “Мыйзам жана тартип!” “Улуттар арасындагы ынтымак үчүн” деген ураан жазылып, алдында “Комиссар Катани” деп кол коюлган жарнактар асыла баштады.

БШК мүчөсү Жаркын Бапанова бул жарнактар кайсы бир талапкерди кыйыр түрдө үгүттөп жатканын айтып, аларга чара көрүүгө чакырууда:

- Мен кыйыр үгүт жүрүп жатат деп ойлоп жатам. Эми биздин башка мүчөлөр мыйзамда кыйыр жана түз агитация жок, бир гана агитация бар деп айтып калбадыбы. А мен ойлоп жатам. Бул көрнөк-жарнактарда жасагандар азыртадан эле биз ушундай ураан менен жүрөбүз деген нерсени элдин оюна сиңирип жатат.

Жыйынтыгын ала келгенде кыйыр үгүт, кадимки пропагандадан айырмасы жок. Керек болсо, мындай үгүт шайлоочуларга көбүрөөк таасир кылышы мүмкүн...
БШК: Мыйзамда кыйыр үгүт деген жобо жок

Деген менен Жаркын Бапанованын бул демилгеси БШКнын буга чейинки отумунда колдоого ээ болгон жок. Анткени мыйзамга ылайык, тигил же бул талапкерди колдоого чакыруу, кайсы бир талапкерди башкалардан бөлүп, мактап айтуу, талапкердин кесибине тиешеси жок маалыматтарды таркатып, алардын убадаларын жарыя кылуу гана үгүт деп эсептелинет.

БШК мүчөсү Нурмамат Ашымов азыркы көрнөк-жарнактарда булардын белгилери болбогондуктан бир чара көрүү мүмкүн эместигин билдирүүдө:

- Бизде мыйзамда кыйыр же ачык үгүт иши деген нерсе жок. Мыйзамчылар бизге так жазып беришкен. Мына мындай белгилери болсо үгүт иш деп белгилейбиз. Биз бул рекламаларды карап көргөнбүз. Мыйзамда камтылган белгилердин эч нерсеси жок. Ошондуктан биз муну агитациялык иш деп эсептеген жокпуз.

Жарнак ээлери делген жарандар эмне дешет?

Айрым байкоочулар шаар көчөлөрүндөгү БҮТҮН сөзүнө басым жасалган жарнактарды "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен байланыштырса, АКЫЛ сөзү менен коштолгондорун президенттикке талапкерлердин бирине таандык болушу мүмкүн дегендер бар.

Деген менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров ал жарнактарда эч кандай үгүт жок экенин буга чейин билдирген болчу. Ал эми “Комиссар Катани” деп жазылган жарнактарга менин тиешем жок дейт, кезегинде мындай лакап атка конгон, шайлоого катышам деп арыз берген мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев:

- Биринчиден бул мага таандык эмес. Бүгүн мен штабыма айттым. Ким такса, аны сүрүштүрүп алып койгулачы деп. Анткени бул бир чагымчылдык болуп жүрбөсүн деп жатам.

Кыйыр үгүттүн таасири чоң болушу мүмкүн

Кыргызстанда кыйыр түрдөгү үгүт иштери былтыркы парламенттик шайлоодо да колдонулганы айтылып келет. Ал учурда үгүт иштери башталганга чейин эле кайсы бир партиялар өз ураандары жазылган көрнөк-жарнактарды көчөлөргө илип, теле аркылуу кетирип турганы маалым.

Адистер кыйыр үгүт, кадимки ачык түрдөгү үгүткө салыштырмалуу шайлоочуларга көбүрөөк таасири кылышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Алардын бири шайлоо системалары боюнча Түркиялык адис, саясий коммуникация боюнча Кыргыз-Түрк Манас университетинин окутуучусу Эмине Явашгел буларга токтолду:

- Албетте шайлоочуларга таасир берет. Жыйынтыгын ала келгенде кыйыр үгүт, кадимки пропагандадан айырмасы жок. Керек болсо, мындай үгүт шайлоочуларга көбүрөөк таасир кылышы мүмкүн. Себеби, бул ураандар башкалардан эрте баштап, эрте өз ордун таап жатышат. Маалымат каражаттары бул өңдүү жагдайларды талкууга коюп, бул өңдүү көрүнүштөрдүн азайышын шарттоо керек. Эгер маалымат каражаттары бул жагдайды талкуулай башташса, кыйыр үгүттөр тескери таасирин тийгише башташы мүмкүн.

Маселенин себеби - мыйзамдагы мүчүлүштүк

Бизде мыйзамда кыйыр же ачык үгүт иши деген нерсе жок. Мыйзамчылар бизге так жазып беришкен...
Ал эми Юридика илимдеринин кандидаты, БШКнын мурдагы курамынын мүчөсү Нурлан Шерипов кыйыр түрдөгү үгүт делген көрүнүштөр, шайлоо мыйзамындагы мүчүлүштүктөрдөн келип чыкканын, бул жагдайды жөнгө салуу үчүн шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө муктаждык бар экенин билдирүүдө:

- Мыйзамга кыйыр түрүндө да маалымат берүү үгүт болуп эсептелинет деген тикеден-тике жобо кирзилиши керек. Эгер маалыматты берүү убагында кандайдыр бир үгүттүн элементтери аныкталса, анда шайлоо этабынан алынат, же болбосо кандайдыр бир башка чара көрүлөт деп туруп, кесе юридикалык жоопкерчиликке тартуу механизми так көрсөтүлсө, ошондо гана кыйыр маанидеги агитацияларды токтото алабыз.

Мыйзамга ылайык, 30-октябрга белгиленген президенттик шайлоого үгүт иштери 25-сентябрдан тарта башталат. Ага чейин кайсы бир талапкерди колдоп, үгүт кылууга тыюу салат. Буга чейин БШК айрым маалымат каражаттары үгүт иштерин эрте баштап жатышканын айтып, билдирүү таркаткан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG