Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Балкыбеков "көп сүйлөгөндүгү" үчүн кызматтан алынды


Президент С.Балкыбековду өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министринин кызматынан алды, бирок талдоочулардын баамында, мындан энергетика тармагындагы кырдаал оңолуп кетпейт.

Президент Курманбек Бакиев экономиканы дүйнөлүк кризистин таасиринен коргоо боюнча өкмөт мүчөлөрү жана эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү менен дүйшөмбү күнү өткөргөн жыйында энергетика тармагындагы кемчиликтерди айтып, шейшембиде премьер-министр Игорь Чудиновдон бул тармакта кадрлык өзгөртүү сунушун берүүсүн тапшырган. Сапарбек Балкыбеков өлкө башчысынын сын-пикирине жооп берейин дегенде, Бакиев кагып койгон:

-Койчу Сапарбек, аябай көп сүйлөдүң, эми сен эфирге дагы башка жакка дагы. Бүгүн сен кое турчу. Ансыз дагы “горишь как”...

Айрым талдоочулар Курманбек Бакиев Германияда дарыланууда жүргөндө Сапарбек Балкыбековдун “электр кубаттуулугун үнөмдөбөй, азыркыдай лимиттен ашык жага турган болсок Токтогул ГЭСи февраль айынын ортосунда токтоп калышы мүмкүн”, деген божомолу анын кызматтан кетүүсүнө себеп болгонун айтышууда.

Ал эми коомдук ишмер Дастан Сарыгулов “энергетика тармагы эле эмес, өлкөнүн башкаруу системасын түп-тамыры менен өзгөртпөсө, жалгыз Балкыбековду кызматтан алуу менен кырдаал оңолуп кетпейт”,-деген көз карашта:

-Эч кандай өзгөрүү болбойт. Бир грамм, бир тыйын дагы өзгөрүү болбойт. Сапарбек Балкыбеков болгону аткаруучу болуп келген.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынан депутат Жангороз Каныметов белгилегендей Сапарбек Балкыбековду кызматтан алууга себеп толтура, анын бири ал “Электростанциялары” АКсында иштеп жүргөндө бир катар мүчүлүштүктөрдү кетирген. Анын баамында, Балкыбековду мурда эле кызматтан алуу керек эле:

-Балкыбеков сыяктуу энергетика тармагында абдан көп киши отурат. Абдан булганыч, бүгүнкү акыбалга алып келген көп киши отурат да азыр. Ошолорго дагы чара колдонуш керек. Буларды жөн эле кызматтан албай, жазага дагы тартыш керек. Ошондо гана кийин жакшы нерсе болот деп ойлойм. Экинчиден, мунун ордуна профессионал, жаңы ойлору бар, бүгүнкү кризистен чыгып кетүүнүн жолдорун тапкан адамды дайындаш керек.

Экс-спикер, коомдук ишмер Алмамбет Матубраимовдун пикиринде коррупцияга бөгөт коюлмайынча энергетика тармагы түгүл экономикалык өсүш дагы болбойт. “Жалгыз Балкыбековду кызматтан алуу менен энергетика тармагындагы маселе чечилип калбайт”-дейт Матубраимов.

-Мен ачык эле айтайын. Сапарбек Балкыбековду кызматтан алуу менен эле энергетика тармагында өзгөрүү болуп кетпейт. Муну убагында кызматтан алыш керек болчу. Эми азыр энергетика боюнча жалгыз эле Балкыбеков жооп бербейт да. Экинчи жагынан Балкыбеков чектелүү гана башкара алчу. Себеби дегенде энергия кубаттуулугун чыгаруучу ГЭСтер өзүнчө, бөлүштүрүү компаниялары өзүнчө бөлүнүп кеткен. Бизде аларга Мамлекеттик мүлк комитети коет да. Ошондуктан бул жерден Балкыбековду кызматтан алуу эч нерсе эмес. Анын ордуна татыктуу адамды алып келбей, мурда айыпталган кишини алып келип кайра кызматка коюшту. Ильяс Давыдов деген пенсиядагы киши. Эмне бизде жаштар түгөнүп калыптырбы? - деди Алмамбет Матубраимов.

Ал эми Сапарбек Балкыбеков менен байланышканыбызда, ал өзүнүн кызматтан алынган себептери тууралуу эч нерсе айта алган жок.

XS
SM
MD
LG