Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Т.Сарпашев: “Энергобарондор” кетмейинче иш оңолбойт


«Туран» партиясынын лидери Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, энергетикада жетекчилик алмашкан менен баары бир энерго барондордун куйругу кесилмейинче бул тармак дегеле оӈолбойт.

-Энергетика министри алмашты, тармакта абал өзгөрөбү, Ильяс Давыдов жаӈы министрге кандай мүнөздөмө бере аласыз?

- Жаңы министр жөнүндө айтсам, бул илгерки Жамалбек Түлөбердиев кезиндеги эски кадрлардан, эски гвардиянын жетекчилеринин бири. Бул кишинин келгени абдан жакшы болду. Ильяс Давыдов негизинен кыш мезгилинде келген себебин мен мындай божомолдойм. Ал Өзбекстан менен Казакстанда эл аралык сүйлөшүүлөрдө, суу бөлүштүрүүчү жана электрди экспорттоо маселелери боюнча абдан таасирдүү энергетиктердин бири. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү 20 жылдан ашык бул киши жүргүзүп келчү. Ошондой эле бул кыштан чыгууда электр энергияны экспорттоо, импорттоо маселелерине анык көңүл бурулуп, ушул маселеге басым жасалганы белгилүү болду.

-Демек тармакта абал өзгөрүшү мүмкүн?

-Бул тармакта оңолуу боюнча сөз али эрте. Болгону кыштан аман-эсен чыгуу боюнча маселе болуп жатат. Тармакты жөнгө салуу маселеси жаздан кийинки маселе деп айтсак болот. Анткени, энерго барондордун куйругу кесилмейинче бул тармак дегеле оңолбойт.

-Азыр ушундай шартта Токтогулда суу сактагыч тууралуу кооптуу маалыматтар келүүдө. Ал жерде азыр 9 жарым млрд. суу бар экен. Бул суу февралга жетпейт деп Балкыбеков да эскерткен. Демек өчүрүүлөрдү мурдагыдан да көп жасоодон башка арга жок да бизде эми?

-Жок, өчүрүүлөрдөн башка дагы арга бар. Бүгүнкү күндө биз коңшу мамлекеттер менен Орусиядан болобу, Казакстандан болобу, өткөндө энергетиктердин бири Карыпкул Алымкулович деле айтпадыбы, электр кубатын сатып алганга эмне үчүн болбойт. 2 млрд. электр энергияны сатып алышыбыз керек. Албетте мамлекетибиз зыян тартат. Анан кызматтан алып коюу менен эле чектелбеш керек. Кезиндеги сууну сарамжалдуу пайдаланбаган жетекчилер мындан ары жоопко тартылышы керек.


Бирок мен буга ишенбейм. Негизинен электр энергиясын импорттоо жолу бар, эмне үчүн жок. Эгерде мисалы үйүңүздө товар жетпей атса, сиз аны сөзсүз түрдө коңшуңуздан сурайсыз да. Ошол сыяктуу эле электр энергия деген бул дүйнө жүзүндө стандарты бирдей, аны Орусиядан, Казакстандан алып келсе болот. Биз экспорттоп да жүргөнбүз, импорттой да алабыз. Экинчи жагы ушул.

-Эмнегедир бизде экинчи бир чоң маселе, бул жоготууларды кыскартуу боюнча көӈул бурулбай жатат, 40 пайызга жеткен жоготуу бар. Мүмкүн ошону катаал бир шарттар менен азайтса деле бизде энергетикалык кризис ушунчалык катуу болбойт беле?

-Энергетикалык жоготууларды азайтуу маселеси бул реформа жолу менен гана чечиле турган маселе. Анткени бул жерден менчик ээлери кандай бир деңгээлде өзгөрмөйүнчө мамлекеттин колундагы маселе болгондон кийин мамлекеттин алдында саясат жүргүзгөн жетекчилер, анан энергобарондорго баш ийишет. Энергобарондор кандай саясат жүргүзүп, тигил, же бул шайлоону өткөрүүдө, кандайдыр бир саясий компания өткөрүүдө таасирдүү күч болуп келген. Ошондуктан бул жерде жоготуулардын эсебинен жашаган көптөгөн коррупционер армия бар. Алар наны жок калат. Ошондуктан реформа болгондон кийин гана бул маселеге кайрылсак болот.

-Ушул коррупция, барондорго байланыштуу Балкыбеков дагы айыпталган эле. Азыркы министр болуп дайындалган Давыдов болсо 10 миң доллар пара берип жатып кармалды деп 2006-жылы Ички иштер министрлиги жарыялаган.

-Негизи ошол жерде камалганда мен Илья Давыдовдун баш чарасын өзгөртүү боюнча депутат катары өзүмдүн катымды бергем, камактан чыгарып бергиле деп. Бул адам эмне себептен камалганы жөнүндө мен адвокат болалбайм. Бирок ошентсе дагы мага жеткен маалымат боюнча, ошол кезде “Кыргызгазда” иштеп турганда, кандайдыр бир энергобарондорго тоскоол болуп, ошонун айынан заказ менен энергобарондор каматып, муну эс-учуна келтирген деген менде маалымат болгон.

Албетте, бул жерде мен аны актап, же адвокат болалбайм. Бирок ошентсе дагы энергетиктердин эски гвардиясы кийинки келген жаштарга, реформа жасайт деген шылтоо менен алып келген энергобарондордун гвардиясына карганда он эсе жогору турат. Бул адам, албетте, колуна тармакты абдан оор кезинде алды. Ийгилик каалайм. Бирок ошентсе дагы абдан катаал кыштан чыгуу маселеси гана буга тапшырылды деп ойлойм. Андан кийин энергобарондор кайрылып келиши мүмкүн.

-Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG