Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

К.Абдымен: АКШнын базасы соодалашуу куралы болбошу керек


Ала-Тоодон АКШнын авиабазасын чыгаруу талабы көп айтыла баштады.

Ала-Тоодон АКШнын авиабазасын чыгаруу талабы көп айтыла баштады.

Саясат талдоочу Кубан Абдымен “Азаттыктын” таңкы маегинде АКШнын авиабазасын өлкөдөн чыгаруу маселесин кызытууга Орусия Кыргызстанга берүүгө ниеттенип жаткан 2 миллиард доллар шыкак берип жаткандыгын билдирди.

“Азаттык”:- Кубан мырза, кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов Орусияга барып, орус өкмөтү берем деп жаткан 2 милилард доллар насыянын шартын сүйлөштү. Бирок кыргыз коомчулугунда аны алууга каршы пикирлер арбын болууда. Орус өкмөтү насыя акча берүү менен кандай максатты көздөп жатат деген ойдосуз? Себеби анын артында АКШнын авиабазасын чыгаруу талабы турат деген ойлор бар эмеспи...

К.Абдымен: -Албетте, азыркы дүйнөлүк саясатта түзүлгөн кырдаалды карасак, Америка менен Орусиянын ортосундагы алака татаалдашып, тирешүүлөр күчөп бараткандыгы байкалат. Ошондуктан бул эки мамлекеттин алдына койгон стратегиялык максаттарына кайрылсак, Орусия Борбордук Азиядагы өз таасирин күчөтүү үчүн АКШнын авиабазасын Кыргызстандан чыгарылышына абдан кызыкдар экендиги белгилүү. Орусиянын Кыргызстанга 2 миллиард доллар беребиз деген убадасын биринчи кезекте ошол өз кызыкчылыгын ишке ашыруу үчүн айтылган убада катары карасак болот.

“Азаттык”: -Демек эки ортодо соодалашуу жүрүп жатат деген ойлорго кошулсак болобу?

К.Абдымен: -Экөөнүн ортосунда соода жүрүп жатат деп айтыш кыйын. Анткени Орусия менен АКШнын ортосунда түздөн-түз соодалашуу болушу мүмкүн эмес. Бирок өз максаттарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын жетекчилигин колдонуу жана бийлигин өзүнө көбүрөөк тартып алуу үчүн албетте, Орусия да , АКШ да кыргыз бийлиги менен соода жүргүзүп жатканы байкалып эле турат.

“Азаттык”: - Азыр Швецияда жүргөн коомдук ишмер Эдил Байсалов Москва президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшпөй Чудиновго көңүл артты, муну менен Бакиевдин бийлигине ишеним көрсөтпөсүн кыйытты деп билдирди. Сиз мындай ойго негиз бар деген ойдосузбу?

К.Абдымен: -Жок, мындай ойго негиз жок. Себеби ким гана болбосун, Кыргызстандын бийлигинде ким гана турбасын АКШнын да, Орусиянын да бийлиги сүйлөшүүлөрдү расмий бийлик өкүлдөрү менен гана жүргүзөт. Анткени мындай маселе расмий бийлик менен гана чечилет.

Бирөөнү алдыга чыгарып маселени чечкенге аракет кылганы азыркы кезде түзүлгөн кырдаалга жараша болуп жатат. Владимир Путин менен Игорь Чудиновдун ортосундагы сүйлөшүүнүн биринчи раунду катары өкмөт башчыларынын ортосунда болду десек болот. Андан кийин ушул айдын аягындабы же андан кийинби президент Курманбек Бакиев да Орусияга расмий сапар менен барары кабарланган.

Ошондуктан эки өлкө ортосундагы кенен-кесири сүйлөшүү алдыда болот деген ойдомун. Андыктан Чудинов менен Путиндин сүйлөшүүсүн кыргызстандыктар Орусиянын шартына көнөбү же көнбөйбү, эгер көнбөй турган болсо кандай аракетке баруу керек деген маселелер талкууланып жаткан алгачкы сыноо сүйлөшүү деп баалашыбыз керек.

Азаттык”: - Өкмөт Орусиядан бул насыяны алса тышкы карызды гана көбөйтпөстөн тышкы саясатында жаңылыштыктарды кетирип, энергетикалык тармакка ээлик кылуу укугун башка мамлекетке берип салат деген ойлор жөндүү деген ойдосузбу? Өкмөт чын эле муну менен чок басып албайбы?

К.Абдымен: -Кыргызстандагы азыркы энергетикалык кризистин абалында аны рационалдуу кадам катары карасак болот. Себеби Кыргызстандын энергетика тармагы эл жана кыргыз мамлекети үчүн эмес кимдир бирөөнүн чөнтөгү үчүн иштеп аткан тармак катары белгилүү.

Демек, ал накта бир кожоюндун колуна өтмөйүнчө азыркы абалдан чыгуусу мүмкүн эмес экендиги айдан ачык болуп калды. Тармак кимдин колуна тийсе да тартипти катуу сактаган, коррупцияны жойгон, элге пайда бербесе да, жок дегенде энергетика тармагын жөнгө сала турган кожоюн болбосо Кыргызстандын энергетикалык кризистен чыгаруу убактысы колдон чыгып кетет. Демек, орусиялыктар энергетика тармагына чындап кызыга турган болсо, анда аны кубаттоо гана керек.

"Азаттык": - Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG