Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

“Кыргызгаз” күздөн тарта Орусиянын “Газпром” компаниясынын карамагына биротоло өтчүдөй. Стратегиялык маанидеги ишкананын сатылышынан өлкө кандай пайда же зыян тартаарын билбегендер өлкөдө арбын.

“Кыргызгаз” ишканасынын 88 пайыздык акциясы мамлекетке тиешелүү. Аны сатуу тууралуу кыргыз-орус өкмөттөр аралык меморандумга өткөн жылы, быйыл жыл башында биргелешкен долбоорду ишке ашыруу программасына кол коюлган. Бирок, ал документтер Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтө элек жана документте “Кыргызгаз” менен анын кардарларынын тагдыры кандай болот деп жазылганы көпчүлүккө беймаалым. Ошондуктан Орусиянын карамагына өтүп жаткан стратегиялык маанилүү ишкана келечекте өлкөгө саясий жана экономикалык жактан кандай пайда тийгизет деген маселе көпчүлүктү бушайманга салууда дейт Кыргызстандагы “Нефтитрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов:

-Биз кандай келишим менен саттык, “Газпром” кандай милдеттенме алып жатат, бизге кандай пайда түшөт, иштеп жаткан өнөр жайлар газ менен толугу менен камсыз болобу же жокпу, газды арзан баа менен алып келеби, эң негизгиси “Газпром” “Кыргызгазды” өнүктүрүү үчүн канча инвестиция жумшайт экен деген маселелер элге ачык айтылбай жең учунан сатып, макул болуп беришкен.

Анткен менен “Газпром” “Кыргызгазды” гана өнүктүрбөстөн Кыргызстандын аймагында кол тийбей жаткан газ кендерин иштетип, жаңыларын иликтөөгө алат жана ал үчүн чоң инвестиция салат экен деген маалымат көпчүлүктү муютууда. Экономика боюнча окумуштуу профессор Жумакадыр Акенеевдин баамында, бул программадан Кыргызстан утушка гана ээ болот:

-Себеби өзүбүздүн акчабыз жок. Көп адамдар Кыргызстанда газ, нефть көп деп айтып жатышат. Бирок канчалык деңгээлде көп экендигин эч ким билбейт. “Газпром” өзүнө алган милдеттенме боюнча 300 миллион долларды салып, Кыргызстандагы газ жана нефтини иштете баштаса өзүбүздү өзүбүздүн газ, нефть жана күйүүчү, майлоочу май менен камсыз кылып, ылайыктуу баа менен сатсак болот. Бул Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу.

“Кыргызгаз” ишканасынын башкы директорунун орун басары Кубан Мырзаканов “Азаттыкка” меморандумдан башка документ колго тие элек болгондуктан акция кандай баага сатылып, орусия тарап канча инвестиция салары али белгисиз деп билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап меморандумда көрсөтүлгөндөй бүт өлкөнү газдаштыруу, газ түтүктөрүн жакшыртуу үчүн кеминде 500 миллион доллар зарыл деп турат.

Орусиянын маалымат каражаттары болсо акцияны “Газпром” кеминде 220 миллион долларга алып, карыздарын да жабууга мажбур болот деп жазып жатышат.

“Газпром” болсо Кыргызстандагы долбоорун ишке ашыруу үчүн Көгарт, Майлуу-Суу аймактарында геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензия алган. Орусиялык айрым эксперттер көлөмү 6 миллиард куб метрге жеткен Кыргызстандагы газды иштетүү үчүн “Газпром” көп каражат коротуп,чыгымын актабай калат деп жатышат. Ошондой эле бул долбоор Борбор Азияда өз таасирин бекемдеп бараткан Орусия үчүн жакшы таяныч болуп, Кыргызстандын Өзбекстанга газ жаатында көз карандылыгын жоюп, теңата сүйлөшүүгө жол ачат, ушундан улам долбоор Өзбекстанга жакпайт дегендер да жок эмес.

Ошол эле учурда кыргыз жарандары “Газпром” газдын баасын көтөрүп жибериши ажеп эмес деп түпөйүл боло башташты. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов баа жана пайда көрүү өкмөттүн жүргүзгөн саясатына байланыштуу, эгер өкмөт өз жарандары үчүн кам көрсө тарифтерди бир калыпта кармап туруу дымагын колдоп чыгарбоого милдеттүү дейт. Анын айтымында, “Газпромдун” өз карызы мындай үмүткө шоола ачпайт:

-Азыркы учурда “Газпромдун” карызы 60 миллион доллардан ашты. Ошондуктан ал карызын толтуруш үчүн бааны көтөрүп, финансылык маселесин чечкенге аракет жасайт. Ушундан улам газдын баасы жалпы жарандар үчүн өтө кымбат болуп кетиши мүмкүн.Ошонун негизинде экономикалык жана саясий абал курчуп кетиши ыктымал. Бирок жалпы пайданы түшүрүү кыргыз өкмөтүнүн жүргүзгөн саясатына жараша болот.

Ал эми орусиялык эксперттер “Газпром” жылына 30 миллион кубметр газ иштеткен “Кыргызгаздын” кубатын эмдиги жылы 40 миллион кубметрге жеткирип, бара-бара Кытайга газ сатууга умтулат деп баалай башташты. Кыргыз коомчулугу болсо Кыргызстанга миң кубметр газын 240 доллардан саткан Өзбекстан Орусия алган 140 долларга түшүрүүгө жана газ, суу соодасын эл аралык нукка салууга мажбур болот деп үмүттөнүшүүдө. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстандын жер асты, үстүндөгү байлыктары чет өлкөгө толук өтүп, карапайым калк каржалаар бекен деп санааркагандар да арбын.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG