Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Экс-депутат, энергетика адиси Райымбек Мамыров Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан Казакстан менен Өзбекстан чыгып кетсе, Кыргызстандын түндүгүнө электр энергиясын ташып жеткирүү машакат иш болорун белгилейт.

- Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыгуу Казакстан менен Өзбекстанга кандай пайда алып келет?

- Мындай алып караганда эң жеңилирээк деңгээлде менимче азырынча Казакстан турат. Себеби алардын негизги электр энергияны пайдалануучулары Казакстандын түштүгүндөгү Чимкент, Жамбул облустары, ал эми электр энергияны көп чыгарган жагы түндүктө. Ошондуктан түндүк жагында электр энергия ашык болгону менен алар ал жактан түштүккө ташып келе албастан, түштүк жагына электр энергияны Кыргызстандан, Өзбекстандан бирдиктүү энерго системасын алып турат.

Экинчиси, Казакстанда дагы, Өзбекстанда дагы электр энергиянын 80 пайыздан көп жылуулук станциялары иштеп чыгат, Өзбекстанда 90 пайыздан ашык. Электр энергияны колдонуунун көбөйгөн убагы кыш мезгилинде эртең менен кечинде. Ошол маалда алар өздөрүнүн керектөөсүн өздөрү жабалган эмес. Ошону бир гана Кыргызстан менен Тажикстан берип келген экөөнө тең. Бул Казакстан боюнча.

Өзбекстан, чынын айтканда, жыргап кетпейт чыккандан. Алардыкы дагы баягы Казакстанга окшоп, электр энергияны көп чыгара турган станциялары Ташкен облусунун тегерегинде. Электр энергияны негизинен Фергана өрөөнүндө Наманган облусунда пайдаланышат. Ошондуктан биз электр энергияны чыгарып туруп Фергана, Наманганга берип койчубуз. Анан алар бизге Ташкенден Чимкент аркылуу кайтарып берчү. Бул элдин баарына пайдалуу болчу.

Биринчиден, азыр Өзбекстан линия курду Ташкенден Ферганага өзүнчө, бирок ошол эле убакта Өзбекстан Ташкенден Фергана өрөөнүнө ошончо электр энергияны ташып алып барыш керек. Ошого канча дагы жоготуулар кетет.

Экинчиден, Өзбекстан Казакстандагыдай мүмкүнчүлүгү жок кечинде, эртең менен кармаганга системаны. Аларда дагы өзүнчө жоготуулар болот өндүрүштө, башка жактарда.

Үчүнчүдөн, менин жеке көз карашымда, булар Ташкенден Ферганага курган линиясы менен деле Наманган облусун камсыз кыла албайт. Ошондуктан өзбектер бир жылга калдык дегенинин бирден бир себеби ошол дагы болду окшойт.

Андан тышкары, менин байкашыма караганда, алар жылына бизге Кыргызстанга электр энергиясын Токтогул каскадынан ташып берген үчүн 7 млн. долларга чейин акча төлөйсүңөр деген шарт коюп атат дейт. Бул деле чынын айтканда чоң эле жоготуу болот, Кыргызстандын энергетикасына 7 миллион доллар деген көп эле акча болуп калат.

- Буга кыргыз тарап макул болбой коюуга күчү жетеби?

- Кыргыз тарап менимче макул болбой койгонго күчү жетпей калат го. Биринчиден, Өзбекстанда өзүңөр билесиңер, саясий маселелерди бир гана президенти чечет. Эгер ошол эле Наманган облусуна электр энергия жептей калса деле алар көз жумуп кое берет. Алар эл менен көп деле эсептештейт да, режим ошондой. Ошондуктан алар ошого барышы мүмкүн.

Биз болсо кыш мезгилинде Токтогул каскады менен Бишкектин ортосунда бир эле линияда калып атабыз. Кыргызстандын түндүгүндө ТЭЦтен башка электр эннергия иштеп чыккан станция жок. Кыргызстандын түндүгү кыш мезгилинде 1600 мегаватт, же болбосо 1 млн. 600 киловатт кубаттуулукту керектейт.

Токтогулдан Чалдаварга келген линиянын көп болсо 1 млн. 200 киловатт ташыганга мүмкүнчүлүгү бар. Демек 600 мегаваттын тегерегинде жетпей, кыш мезгилинде көбүнчө эртең менен кечинде Кыргызстандын түндүгүндө оор кырдаал болуп калышы мүмкүн.

-Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG