Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

ӨКМ: атайын эсепке төрт жарым млн сомдон ашуун акча түштү


Банк эсеби
Банк эсеби

Авиакырсыкта жабыркагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ачкан атайын банк эсебине 18-январь, саат 16:00гө карата 4 миллион 657 миң 724 сом түштү. Акча топтоо уланууда. Эсеп жогоруда көрсөтүлгөн.

Каалоочулар атайын эсепке сом, доллар, теңге, евро, рубль, юань жана башка түрдө каражат которсо болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Каржы, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Алмаз Эргешов топтолгон акча үчүн жооптуу.

Эки күн ичинде Бишкекте элден 10 тоннадан ашуун гуманитардык жардам чогултулду. Кабыл алуу түйүндөрү иштеп жатат.

Андан тышкары, башка аймактарда жана Алматы шаарында да гумжардам түйүндөрү ачылган. (SE)

XS
SM
MD
LG