Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

К.Алымкулов: Орусиядан электр энергиясын алып келүүдөн башка арга жок


Энергетика министрлиги электр энергиясы үнөмдөлбөсө өлкө кышта такыр жарыксыз калаарын билдирди. Энергетик К.Алымкулов “Азаттыкка” башка өлкөдөн электр алуудан башка арга жоктугун айтты.

-Карыпбек мырза, кечээ энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков электр энергиясы үнөмдүү пайдаланылбаса эмдиги жылдын февраль айында анык энергетикалык кризиске туш болушубуз мүмкүн деп билдирди. Сиз энергетик адис катары айтсаңыз, буга чейинки маал-маалы менен өчүрүү Токтогул суу сактагычына зарыл суунун топтолушуна чын эле натыйжасын берген жокпу же башка себеби барбы?

-Энергетиктер өздөрү берген сандарды карап көрсөк, сентябрь айында Токтогул суу сактагычында 9,62 миллиард куб метр суу бар деп жатышкан. Октябрда 9,5 миллиард куб метр, 5-ноябрда 9,42 миллиард куб метр суу бар деп айтышты. Күздөн бери өчүргөнү менен суу көбөйбөстөн эле азайып кеткендей болду. Бул бир жагы, экинчи жагы –Токтогул суу сактагычы кышы менен Өзбекстан менен Казакстанга суу жыйнап беребиз деп жатышпайбы. Эгер суу жыйнап бере турган болсо Токтогул ГЭСи иштээр же иштебесин энергетиктер ачык айтпай жатышат. Эгер Токтогул ГЭСи иштей турган болсо суу бир айга жетпей жок болот. Энергетиктердин эсеби боюнча бир миллиард киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн 3 миллиард куб метр суу сарпталат. Булардын суунун деңгээли төмөндөп кетти деген азыркы эсеби боюнча бир киловатт электр энергиясын өндүрүүгө 3 куб метр суу кетет деп жатышат. Анда бир айдын ичинде эле суунун баары жок болот.

-Министрдин айтуусу боюнча Токтогул ГЭСи бардык электр энергиясынын 40 пайызын гана чыгарат экен. Эгер ал ГЭС токтоп калса, андан башка ГЭСтердин, Бишкек ТЭЦинин күчү канчага жете алат жана аларды кантип натыйжалуу пайдаланса болот?

-Эгерде Токтогул ГЭСи такыр токтоп кала турган болсо Бишкек ТЭЦи бир айда 180 миллион киловатт саат электр энергиясын бере алат. Анан калган Ак-Талаа, Быстровка, чакан ГЭСтер жана Ош ТЭЦи чогулуп келип 72 миллион киловатт саат электр энергиясын берет. Экөө чогулганда 252 миллион киловатт саат болуп жатат. Кыргызстандын жылдык ички керектөөсү 12 миллиард киловатт саат дегенде бир айда бир миллиард киловатт саат энергия керек дегенди билдирет. Демек, жетпеген электр энергиянын көлөмү бир миллиарддан көп болуп кетип жатат. Бир жылдан бери маал-маалы менен же даректүү өчүрөбүз дебей бөлөк жактан электр энергиясын сатып келүүнү ойлонуш керек болчу.

-Энергетика министрлиги мурда сунушталгандай башка өлкөлөрдөн электр энергиясын алып келе албай жатат. Кыштан чыгуунун дагы кандай жолу бар деген ойдосуз?

-Азыр эми бардык сунуштарды колдонууга убакыт калган жок. Элдин бардыгы анализ жасап, Энергетика министрлигине эмне кылышты элдин өзү айтып жатат. Бирок, азыр сатып алгандан башка арга калган жок. Орусияга барып, жүгүнүп атып сатып алыш керек. Казакстан 250 миллион киловатт саат энергия берет деп жатышат. Ал эки айга да жетпейт. Азыр ноябрда эле суук болуп калды, алдыда дагы беш ай турат. Буга Казакстандан алчу 250 миллион киловатт саат тамчы да болбойт. Ошон үчүн Орусия менен сүйлөшүү керек.

XS
SM
MD
LG