Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Белди бекем бууш керек


Кыргызстанда Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы энергетикалык каатчылыкка алып келди

Кыргызстанда Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы энергетикалык каатчылыкка алып келди

3-ноябрдан тарта Кыргызстанда электр энергиясын кыйгас өчүрүүлөр токтоп, бирок өлчөмдөн ашып кеткендерди үзүп коюу дагыле улантыла тургандыгы 29-октябрдагы өкмөттүк жыйында маалымдалды.

Өкмөт бир жылдан бери кеп болуп келаткан Бишкек жылуулук борбору, жылуулук тармактары жана “Түндүкэлектр” акционердик коомдорун чогуу сатууга койгону жатат. Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Турсун Турдумамбетовдун айтуусунда, үч ишкананын базар баасы жарым миллиардга бааланып, бирок да мойнуна илинген карыздарын кошо келгенде баш-аягы 1 миллиардга жакын доллар акчага сатыкка коюлганы турат. Энергетикалык үч лөк ишкана жеке колго өткөнчө кыш өтүп, жаз кирип келиши мүмкүн. Ошондон өкмөттүк жыйында кыштан кантип чыгабыз суроосу негизги маселе болду.

Эгемендик тушунда жыл сайын кайталанчу чоң суроого жоопту Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков издеди. Анын ырасташынча, ушу тапта Токтогул суу сактагычында 9 миллиард ашуун кубометр суу топтолуп, 3-ноябрдан тарта электр энергиясын кыйгас өчүрүүлөр токтолот. Улам-улам өчүрүүлөр болуп турган чакта деле Кыргызстанда 8 миллиард ашун киловат-саат электр энергиясы өндүрүлгөн.

- Же өткөн жылдын ушул кезине салыштырганда 81% электр энергиясы иштелип чыккан. Жылуулук станциялары 653 миллион киловат-саат электр энергиясын иштеп чыгышкан. Өткөн жылга салыштырмалуу бул 123% көп,- деп маалымдады С.Балкыбеков.

Анткен менен тармактагы жоготуулардын көлөмү дагы эле жогору бойдон калууда. С.Балкыбеков быйылкы жылга белгиленген энергетикадагы жоготууларды 30% түшүрүү милдети аткарылбай кала турганын айтты. Ал эми кыштан электр жарыгы менен чыгыш үчүн жетишпеген 2 миллиард ашуун киловат-сааттын ордун өкмөт үч фазалуу электр тогун кыркып, колдон келишинче жарыкты үнөмдөөнүн эсебинен толтурмакчы.

Өкмөттүк жыйында Салык жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков тармак жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону сунуштап, энергокомпаниялардын карыздары жылдан-жылга көбөйүп баратканын билдирди:

- 2005-жылы бардык энергокомпаниялардын карызы 590 миллион сом болчу. Азыр болсо карыз 2 миллиард 427 миллион сом. Башкача айтканда, карыздар 3,5 эсе көбөйдү. Жаңы Салык кодекси боюнча биз эми суранбайбыз, өтүнүч кылбайбыз. Сиздердин эсепти токтотуп, акчаларды жүгүртүүдөн алып коюшка акыбыз бар.

Салык кызматынын жетекчисин өкмөт башчы Игорь Чудинов да колдоду:

- Салык менен бажы боюнча карыздарды жапкыла. Бир ай калды, эмнени күтүп отурасыңар мен билбей жатам. Схема силерге жагабы же жокпу, салыкты төлөш керек.

Өкмөттүк жыйында облус губернаторлору калкты көмүр менен камсыз кылууну 101% жеткиришкени маалымдалды. Жергиликтүү жетекчилердин алдагыдай көтөрүңкү кабарларынын чын-бышыгын кышка даярдыктын жүрүшүнө жоопкер өкмөттүк штаб мүчөлөрү тактап чыгышмакчы. С.Балкыбеков кыштан кыйналбай чыгыш үчүн Казакстандан 250 миллион киловат-саат электр энергиясын, Өзбекстандан 150 миллион кубометр газ кошумча сатып алуунун камылгасы жүрүп жатканын кабарлады. Кыш катуу болуп, абал кыйындап кетсе өкмөт Азия өнүгүү, Ислам өнүгүү банктарынан карыз акча алууга кайыл болуп жатканы айтылды. Дүйнөлүк банк дүйнөлүк каржы кризисинин жаалын жумшартуу амалында кыргыз өкмөтүнө 11 миллион доллар карыз бөлүүдө. Игорь Чудинов эмдиги аптада өкмөт менен Улуттук банктын кризис кыстап келсе илгиртпей аткара турган иш-чараларын ачыкка чыгарыша тургандыгын ырастады. Анын айтуусунда, катаал сыноо Кыргызстанды кыйгап өтпөйт.

XS
SM
MD
LG