Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Электр кубатын ашыкча алууга жол берилбейт


Бишкек жылуулук борбору кышка даяр экендиги жөнүндө өкмөткө рапорт берди
Бишкек жылуулук борбору кышка даяр экендиги жөнүндө өкмөткө рапорт берди

Кыргызстанда 3-ноябрдан баштап электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулат, бирок лимиттен ашыкча электр кубатын пайдаланган район, облустарда жарык өчүрүлүп турат.

Бул тууралуу кечээ өкмөт жыйынында өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Анын айтымында, электр кубатынын дефицити 2 миллиард 700 млн. киловатт-саат болгондуктан үнөмдөө максатында үч вазага кошулган алтымыш төрт жарым миң кардардын зымдары кыркылат. Ал ошондой эле лимиттен ашык электр кубатын пайдаланган облус, райондордо жарыкты даректүү өчүрүү тууралуу өкмөткө сунушталган жобонун долбооруна ылайык катуу иш-чаралар жүргүзүлөрүн кошумчалады:

-Эгерде кандайдыр бир облус эмес райондордо дагы бөлүнгөн лимиттен ашыкча электр кубаттуулугу пайдаланылса биз жарыкты өчүрүүгө мажбур болобуз. Ошол лимитте көрсөтүлгөн өлчөмгө келгенче 4-6 саатка чейин күйгүзүлбөйт.

Балкыбеков белгилегендей ноябрь-март айында Кыргызстандын ички рыногунда 5 миллиард 200 миллион кВт-саат колдоноору болжолдонуп, Казакстандан импортко келүүчү 250 млн. кВт-саат электр кубатынын укуктук маселеси чечилүүдө. “Андыктан электр энергиясынын жоготууларын азайтуу багытында облус райондордо чектөөлөр киргизилет”,-дейт Балкыбеков.

Аталган министрлик жана тиешелүү тармактар облус, райондорго бөлүнүүчү лимиттин өлчөмү, көлөмү канча болоору тууралуу так маалымат бере алышкан жок.

Энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев электр кубатын ашыкча пайдалангандардыөчүрүп турбаса, энергетика системасында ири кыйроолор чыгышы мүмкүн экенин баса белгиледи:

- Эгерде биз алдын ала мындай иш чараларды көрбөсөк ири кыйроого барабыз. Энергетика системасында аварияны кайра калыбына келтирүү абдан кыйын болот. Ошого биз жеткирбешибиз керек. Дагы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, чектөөлөрдү киргизип жатабыз.Эгерде кайсы бир район лимитинен ашыкча электр жарыгын пайдаланса автоматтуу трдө өчүрүлөт. Биз чоң системалуу трансформаторлорду күйгүзбөөгө аракет кылышыбыз керек.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу “Вигенс” уюмунун жетекчиси Владимир Плужниктин көз карашында электр жарыгын өчүрүү менен кардарлардын укуктары тебеленип жаткандыгына байланыштуу, бул маселе боюнча жарандык кодекске кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Парламенттеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Искак Масалиев болсо кыргызстандындыктарга электр кубатын берүүнү чектөөнү мыйзамдаштыруу сунушун айтып, бул маселе боюнча кардарлар сотко кайрылса утуп чыгышат деген оюн билдирди.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев тиешелүү тармак үч вазаны жана мончолорду толугу менен өчүрбөгөнүн, ишти жөндөп алып бара албай жатканын сынга алды:

-Сауналарды, үч вазалуу 90 миң кардардын зымын өчүрөбүз дедиңер эле. Көп болсо алардын он пайызы эле өчтү. Калганы ошол эле бойдон иштеп эле жатат. Аны көзөмөл кылып, аракет кылып иштеген киши жок. Бул тармак коррупцияга айланып кеткен. Чындап айтсак электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү “Түндүк электр” ишканасы үчүн эле ойлоп табылганбы деп элдер айтып жатат.

Өткөн аптада парламент отурумунда социал-демократтар жана коммунисттер фракциялары суу-энергетика тармагын иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзүү сунушу менен чыгышканда, алардын демилгесин “Ак Жол” фракциясынын мүчөлөрү колдобой коюшкан эле.


XS
SM
MD
LG