Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Кыргызстанда жыйналбай келаткан салыктар 3,5 миллиард сомду түзсө анын 2,5 миллиарды энергетиктерге тийиштүү.

Кыйла жылдан бери алынбай келаткан ал акчанын үстөгүн өкмөт жоюп койгондон кийин деле энергетиктердин мойнунда 2 миллиардга жакын сом илинип туру.

Кыргызстандын суу энергетикалык байлыгы 142,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы, өлкө ичинде 33 ири ГЭСтерди курууга болордугу социализм заманында эле айтылчу. Азырынча ал байлыктын 10% жете бербеген бөлүгү гана иштетилип, жыл бою 13 миллиард ашуун киловатт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Өткөн жылы коммерциялык, техникалык жоготуулар 32% түшүп, өкмөт аны дагы 5% азайтуу аракетин көрө тургандыгын билдирүүдө.

Ал эми энергетиктердин 2 миллиард 525 миллион сом салык боюнча карызынын биртобу ишканалардын көп жылдан бери төлөнбөй келаткан карыздарынын үстөгүн алып коюу жөнүндөгү жаңы мыйзам тартибине ылайык кечилип кетмекчи. Аны Салыктар жана жыйымдар мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Адылбек Касымалиев да ырастады.

- Ошон үчүн карыздарды төлөөгө убакыт берилди. Айыппулдары алынып салынып, негизги карыздарды төлөө 10 –15 жылга узартылды. Ал эми буга чейин төлөп келген салыктарын төлөй беришмекчи.

Энергетикадагы орчун проблема жалаң салыктарга гана байланган эмес. 2001-жылы мурунку “Кыргызэнерго” холдинг энергияны иштеп чыгаруу, жеткирип берүү жана бөлүштүрүү компанияларына ажырагандан бери тармактагы абал жылдан-жылга оорлошуп, техникалык-коммерциялык жоготуулар көбөйүп, дебитордук карыздары өсүүдө. Өкмөт тармакта түзүлгөн жагдайдан чыгуунун жападан-жалгыз амалы катары бөлүштүрүү компанияларын жеке колго сатып, ага кошуп Бишкек жылуулук электр борборун, жылуулук тармактар системасын да менчиктештирүүгө коюуда. “Кыргызэнерго” холдингдин мурдагы жетекчиси Жамалбек Түлөбердиев суу тартыш учурлар мурда деле болгонун ырастап, башкаруучулар ага жараша иш-аракеттерди көрбөй калышканын ырастады.

- Эми булардын адистерине айттым, болбой коюшту. Мына эми жаңы адисти коюшту. Ага мүмкүнчүлүк беришсе абалды оңдошко болот. Мурда эл пайда көрчү. Эми ахывал кыйын. Шартка жараша оңдолот го.

“Электр станциялары” акционердик коомунун 19-январдагы билдирүүсү боюнча ушу тапта “Токтогул” суу сактагычында 8 миллиард кубометрге жете бербеген суу турат. Суунун агымынын ылдамдыгы секундуна 143 кубометрди түзсө, электр энергиясын өндүрүүгө секундуна 430 кубометр суу агызылууда. Парламенттин мурдагы депутаты Райымбек Мамыровдун ырасташынча, ушу тапта тармактагы абалды оңдоого ыңтайлуу шарт түзүлүүдө.

- Ушул жерде кимдин күнөөсү барбы-жокпу же жаратылыш күнөөлүүбү, дегендерди эске алсак болот. Бирок экинчи жагынан караганда “жаман болбой жакшы жок” деп кыргыз айткандай, элдин баары электр энергиясы товар экенин, уурдабай, акчасын төлөш керектигине эл көнүп, менимче, түшүнүү менен мамиле кылып калды. Ушул убакытты энергетиктер өздөрү да пайдаланып, биринчи кезекте өздөрүнүн тартибин күчөтүп, уурулуктарды, өздөрүнүн ичиндеги коррупциялык схемаларды токтотуп, элден энергоакысын так чогултуп, уурдап аткандарды токтотуп, жаңы технологиядагы эсептегичтерди койсо ушул жерде энергетиканы тез көтөрүп кете турган учур пайда болуп калды.

Кысталышта чыккан шарт-мүмкүнчүлүктү өкмөт пайдалана алабы-жокпу аны алдыдагы мезгил көрсөтмөкчү. Бөлүштүрүү компаниялары менен Бишкек жылуулук электр борбору, жылуулук тармактары жеке колго өтүп кетсе энергия акы көтөрүлүп, ал артынан социалдык кыйынчылыктарды алып келерин айрым адистер эмитен эле болжолдошууда.
XS
SM
MD
LG