Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

ОШ: ЭНЕРГЕТИКАНЫ КОРРУПЦИЯ ЭЭЛЕП АЛДЫ


Энергетика тармагында коррупция гүлдөдү. Дагы кейиштүүсү: таза иштөөгө умтулган жетекчилердин өмүрүнө коркунуч туудурган фактылар катталса да, укук коргоо органдары камырабай келатат. Бул туурасында 17-октябрда президент Бакиев кыргыз калкына кайрылуусунда баса белгилеп, «Ош-Электро» ачык акционердик коомунун директору Доскул Бекмурзаевдин үйүн өрттөө, өзүн өлтүрүү аракетин мисал тартты. Ал эми Ички иштер министрлигинен кечээги кайрылуудан кийин Оштогу окуяларды териштирүүгө киришкендигин билдиришти. Бирок кэ бир серепчилер мамлекет жөнөкөй жарандарынын гана эмес чоң-чоң ишмерлеринин коопсуздугун камсыз эте албай калды, Кыргызстан Белорусия сыяктуу тоталитардык жолго түшүп баратат деп коңгуроо кагышууда.

Кыргыз Өкмөтү энергетикалык компанияларды жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөй албай калды. Мунун айынан тармакта коррупция өөрчүп, а түгүл таза иштөөгө аракеттенген жетекчилердин өмүрүнө коркунуч туудурган фактылар катталууда. Бул туурасында 17-октябрда президент Бакиев калайык-калкка кайрылуусунда баса белгилеп, «Ош-Электро» ачык акционердик коомунун башкы директору Доскул Бекмурзаевдин үйүн өрттөө, өзүн өлтүрүү аракетин мисал тартты:

- Өкмөт энергетика компанияларынын ишине жетиштүү контролдук кылбай жатат. Буга бир эле мисал, Ошко биз жаңы жетекчи жөнөттүк эле Ош электрого Бекмурзаев деген жигитти. Ушул жигит барып көзөмөлдү күчөтүп, уурдагандарга катуу чараларды көрө баштады эле, ар кандай коркутуулар болуп, үйүн өрттөп, өлтүрөбүз дегенге чейин барышыптыр. Бул боюнча биздин укук коргоо органдары аягына чейин табыш керек бул азаматтарды, - деди Курманбек Бакиев.

«Ош-Электро» ачык акционердик коомунун башкы директору Доскул Бекмурзаев 2008-жылдын 19-августунан 20-августка караган түнү өмүрүнө кол салуу далалаты болгондугун төмөнкүчө ырастады:

- Мен Ошто жашаган үйүмө 19-августтан 20-августка караган түнкү саат 3 жарымда эки бөтөлкө күйүүчү смесь ыргытылган. Башка машина короомо киргенде үйдөгүлөр мени кирди деп ойлоптур. Үйдө караңгыда свет жок болчу. Бир бөтөлкөнү спальный комнатага ыргытып, ал жер өрттөнүп, ошол жерде жаткан баламдын чачтары, колдору, кийимдери күйүп, аман калды.Экинчи бөтөлкөнү машинага ыргыткан. Зазор азыраак болгондон кийин бөтөлкө өтпөй калып, сынып, дарбаза күйүп кеткен.

Доскул Бекмурзаев адал иштөөгө умтулгандыгынан улам коркутуп-үркүтүүлөргө көп ирет кабылгандыгын кошумчалады:

- Мен ошол жерде апрелдин 18нен баштап башкы директор болуп иштеп атам. Жумушту оңдоюн деген аракеттерди кылып, ошонун артынан ушундай угрозалар көп болгон.

Өлкө жетекчиси Бакиев сындаган ички иштер министрлигине чалып, басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов менен байланышканыбызда, Президенттин кечээги Кайрылуусунан кийин «Ош-Электро» ачык акционердик коомунун башкы директоруна байланышкан окуяны териштирүүгө ички иштер министhинин түштүк аймагы боюнча орун басары Жеңиш Жакыпов жетектеген топ киришкендигин маалымдады.

Жергиликтүү серепчи Эрнис Нурматов мамлекет жөнөкөй жарандарынын түгүл чоң-чоң ишмерлеринин коопсуздугун камсыз эте албай калды, Кыргызстан Белорусия сыяктуу тоталитардык жолго түшүп баратат деп коңгуроо какты.

- Жогорку кызматтагы кишилерди коргош кыйын болуп атса, анда чын эле өлкөдөгү жарандардын коопсуздугуна эч ким кепилдик бералбай калды. Бул деген азыр Кыргызстанда жашаш кыйын болуп калды дегенди түшүндүрүп атат, - деди Эрнис Нурматов.

XS
SM
MD
LG