Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Энергетика: Баасын базар көрсөтөт


Бүгүн “Бишкек жылуулук-электр борбору”, жылуулук тармактары, “Түндүк электр” акционердик коомунун мамлекет ээлигиндеги акцияларын сатып алууга кимдер катышары белгилүү болот. Энергетикалык ири үч ишкананы сатуу чечимин өкмөт өткөн жылдын 29-октябрында чыгарган.

Сатууга коюлган үч объекттин 80% акциялары кайсы баадан төмөн сатылбашы керектигин атайын комиссия өткөн жылы эле аныктаган. Ага ылайык Бишкек, Чүй, Талас облустарын электр энергиясы менен камсыз кылчу “Түндүк электр” акционердик коомунун акцияларынын баштапкы баасы 5 миллиард сомго бираз жете бербеген акчага бааланууда. Бишкек жылуулук-электр борборуна тиешелүү мүлк 11,5 миллиардга жакын сом, Бишкек жылуулук тармактарыныкын 2 миллиардга жетпеген сомго бааланган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин статс-катчысы Сүйөркул Бакировдун маалымдашынча, энергетикалык объекттерди сатып алган компаниялар өкмөт койгон биртоп шарт-талаптарды аткарышка, ири өлчөмдөгү инвестиция алып келишке милдеттүү.

- Ошол баадан кем болгон баалар каралбайт. Экинчиден, акыркы беш жылда бир жылдык акча жүгүртүүсү 100 миллион доллардан кем болбошу керек. Оффшордук, пошлинасыз зонада катталган компаниялар катыша албайт. Андан тышкары бааны биздин мамлекеттик орган койгон тариф боюнча иштейт. 2 миллиард сомдон кем эмес бул компаниялардын карызын жаап берет. Андан сырткары 366 миллион доллар инвестиция киргизиши керек,- деп айтты С.Бакиров.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетовдун ырасташынча, энерго ишканалар өкмөт бекиткен программанын негизинде менчиктештирилүүдө. Программа 1998-жылы парламент тарабынан бекитилген.

- 4-этапты 2007-жылы июнь айында бекиткен. Ошол боюнча келатат. Ал боюнча бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүү, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Жалалабад электр”, “Ош электр”, Бишкек жылуулук тармактары – мына ушул 5 компанияны менчиктештирүүгө Жогорку Кеңеш уруксат берген,- дейт Т.Турдумамбетов.

“Түндүк электр”, Бишкек жылуулук тармактары, Бишкек жылуулук-электр борборун кимдер сатып алууга куштар экени аныкталганча өкмөт калган энергетикалык компанияларды сатуунун камылгасына киришти. Аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров да ырастап, баалоочу компаниялар арасында конкурс жарыяланганын маалымдады.

Бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү зарылдыгы тармакты кризис каптай электе эле айтылып, ансыз электр энергиясын уурдоолорду токтотуу мүмкүн эместиги айныксыз жүйөө катары белгиленип келатат. Өкмөт быйыл техникалык-коммерциялык жоготууларды 28% түшүрүү милдетин өзүнө алууда.

Парламенттин мурдагы депутаты, энергетик Райымбек Мамыровдун айтуусунда, ушу тапта тармактагы абал тууралуу кеп кылбаган киши калбай деле калды окшойт.

- Мен эми окуп жатам. Энергетиги деле, энергетик эмеси деле эксперт болуп атат. Көрүнгөн нерсени жазып жатат. Анан болгон сандар бири-бирине туура келбейт. Киловатты киловольт менен алмаштырат. Миллиардды миллион менен алмаштырат. Чынын айтканда, элдин башын айландырып бүтө турган болдук.

Анткен менен бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүп берүү тармактагы толгон-токой проблемаларды чечип ийбестигин айрым адистер белгилешип, өкмөттүн кезектеги менчиктештирүү программасы социалдык нааразылыктан башканы жаратпастыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG