Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

“ Камбар-Ата – 2” ГЭСинин жанындагы тоо өткөн жылдын 22-декабрында жардырылган. 40 метр бийиктиктеги жаңы суу тосмону бекемдөө, калыбына түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Жаңы ГЭС курулушунда кандай иштер жасалып жатканын айтып берүүсүн өтүнүп, кабарчыбыз Бекташ Шамшиев «Нарынгидрокурулуш» компаниясынын жетекчиси Алберт Авазбековго кайрылган.

- Алберт мырза, өткөн жылкы жардыруудан бери кандай иштер жасалды?

Алберт Авазбеков: - Жардыруу жакшы эле өттү. Суу тосмонун бийиктиги 40 метрден 60 метрге чейин түшүшү керек эле. 40 метр бийиктиктеги тосмо пайда болду, суунун деңгээли азыр анда 29 метрде турат. Анан долбоор боюнча тосмодон чыпкаланып 10-20 куб суу өтүп турушу керек. Суу ташкын башталганда 20 кубометрге чейин өтсө болот. 3-4 жылда чыпкаланып өткөн суу токтолушу керек. Азыр тосмону долбоор боюнча формасына келтирип техникаларыбыз иштеп жатат. Жардырылгандан кийин 12 саат 20 мүнөттөн кийин суу атайын тешкен тоодогу ноо менен өтүшү керек эле, ошону менен өтүп жатат.

- Суу тосмодо азыр канча миллион суу турат?

Алберт Авазбеков: - Азыр эми 20-30 миллиондой куб суу бар. 3 агрегат толук иштегенден кийин 70 миллион куб суу болот. Тоону жардырдык, 1-агрегат иштегенде 40 миллиондой суу болот. Бардык агрегат иштегенде суу өткөргүч жабылып, 70 миллион суу топтолот.

- Суу тосмонун жазылыгы канча метр?

Алберт Авазбеков: - Азыр 40 метр. Узундугу 230 метр. Суунун эң түбүндө 530 метрдей. Биз Нарынды бууп, сууну тешкен тоодон өткөрүп жатабыз. Токтогул ГЭСине келаткан сууну токтоткон жерибиз жок. Жылына бул маалда секундуна 130-100 кубометр эле суу келчү эле. Быйыл, Кудая шүгүр, суу арбын келүүдө. 220 куб келип атты эле азыр 200 кубга түштү. Болжол менен 180 кубга түшөт. Анан 20-январдан тарта кайра көбөйүп кете берет.

- Алберт мырза, ГЭСтин 1-агрегаты 2009-жылдын аягында ишке киришет деп айтылып келди эле. Эмне үчүн ал ишке ашпай калды?

Алберт Авазбеков: - Башында жардыруу эле болот, деп айтылган болчу. Мунун технологиясы башка болуп жатат. Эгер суу тосмо бетондон курулса андай агрегатты ишке киргизсек болмок. Анан биз жардырып, ал жерде 7-8 баллдык силкинүү болуп жатса крандарды, агрегаттарды чыгарып коюшка туура келди. Эми аларды жардыруудан кийин кайра башкадан коюп жатабыз.

- Жардыруудан түшкөн тосмонун үстүнө дагы бетон тосмо коюлабы же азыркы калыбында эле калабы?

Алберт Авазбеков: - Ошол бойдон эле калат. Биз анын үстүн дагы жер менен толтурабыз. Өзүнүн жантайыңкы формасы болушу керек. Тосмонун үстү менен машинелер өтүшү керек. Жардыруудан соң баары тосулуп калды. Анын түбүндө 1880 даана бетон тосмолор болот. Ошолорду коюп чыгышыбыз керек. Плотинаны өзүнүн формасына келтиребиз. Азырынча ошо.

- 1-агрегатты ишке киргизүүнү кайсы мөөнөткө болжоп жатасыздар?

Альберт Авазбеков: - Куда кааласа май-июнь айларында ишке киргизип калабыз го. Калган агрегаттардын каржыланышы чечиле элек. Менин оюмча, 1-агрегатты кое бергенден кийин ары жагында аз эле иш калат. 2-3-агрегаттыкын ошол эле Өнүктүрүү фондунан акча сурайт болушубуз керек. Бүгүнкү күндө анын кайсы жактан каржыланышы чечиле элек.

- Сиздер Өнүктүрүү фондунан алып аткан акчанын кайтарымы, үстөк пайызы канча болуп жатат?
Алберт Авазбеков: - Жеңилдетилген кредит болуп жатат. Биз эми негизи куруучуларбыз да. Биздин заказчыбыз бар. “Электр станциялары” акционердик коому. Ушулар бизге куруп бергиле деп заказ берип жатышат. Ал эми анын үстөк пайызы канча аны биз куруучулар билбейбиз. Аны ошол заказчылардан сурап билип алсаңыз болот.

- Курулушта канча киши иштейт?

Алберт Авазбеков: - 3 миң адам иштейт. Жардыруу болгонго чейин ушунча киши иштеди. Эми ал азаят болуш керек. Себеби негизги бетон жумуштары бүтүп калды. Азыр адистештирилген уюмдар гана иштеп жатышат. Агрегаттардын өзүндө иштеген “Спецген”, ал эми сууну кое берип, ачып-жаап туруучу “Гидромонтаж” деген уюм бар. Негизи ушулар гана калышат. Адамдардын саны азаят.

- Сиздерде иштегендердин айлык маянасы кандай?

Алберт Авазбеков: - Орточо айлык акы 10-11 миң сом. Мунун ичинде кесиби жок, жаңыдан ишке кирип 3-4 миң алгандар бар, 20 миң сом алгандар да бар. Мынча айлыкты алар бир айдын ичинде 14 күн иштеп табышат. Жарым ай келип иштеп, жарым ай эс алышат. Ал эми адистештирилген уюмдарда иштегендердин айлыктары чоңураак, орто эсеп менен 15 миңди түзөт. Алардын арасында 30 миң алгандар да бар, азыраак алгандары бар. Анткени булардын иши кылдаттыкты талап кылган жумуштар, электр агрегаттарды ишке киргизишет.

- “Камбар-Ата –2” ГЭСинин кубаттуулугу кандай?

Алберт Авазбеков: - Орточо. Бир агрегаттын кубаттуулугу 120 мегават. Ал жерде 3 агрегат турат. 360 мегават электр тогун иштеп чыгат. Эң эле чоңубуз Токтогул ГЭСи 1200 мегават. Ага салыштырмалуу орточо эле ГЭС. Куда кааласа “Камбар-Ата –1” ГЭСин кура баштасак ал жерде кубаттуулугу 1900 мегават. Ал Орто Азиядагы эң чоң ГЭСтердин бири, Кыргызстандагы эң чоң станция болот деп ойлоп отурабыз.

- Алберт мырза, ишиңиз ийгиликтүү болсун! Жаңы жылда ийгиликтер арбын болсун!

"Азаттыктын" архивинен: Камбар - Ата: Тоо жарылып көл болду

22-декабрда «Камбар-Ата - 2» ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, Нарын дарыясы бөгөлдү. Жаңы тосмого үч күндө суу толуп, андан соң тешкен тоо аркылуу мурдагы нугуна түшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG