Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Жардам жалпыга берилет


Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева
Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева

Кыргызстандын вице-премьер-министри июндагы коогалаңда жабыркагандардын текши баарына жардам берилерин ырастады. Апаатта курман болгондордун айрымдарынын кимдиги такталып жатканын маалымдады.

Комиссия барды, көрдү

- Өктөмхан айым, комиссиялар жыйынтыгы чыга электе «үчүнчү күч» тууралуу кеп болуп, жаңжалды ошолор баштады, деген ойлор айтылууда. Ошондой шек-шыбаатты байкай алдыңыздарбы?

Өктөмхан Абдуллаева: - Биздин комиссия социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Ал эми бааны А.Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссия берет. Ал эми «үчүнчү күч» болгон деп айта алам. Ал эки элдин ортосундагы буга чейинки кырдаалды пайдаланган, деп ойлойм. Ортодогу чекти көргөн болуш керек. Кетти анан.

- Сиздин комиссиянын жыйынтыгы боюнча капсалаңда каза тапкандардын саны 370 ашуун, көмүлүп калгандардын сөөгүн казып чыккандан кийин бул сан 410 – 420 жетиши мүмкүн экенин айттыңыз. Бул сандар дагы өзгөрүлүп кетиши мүмкүн да.

Өктөмхан Абдуллаева: - Капсалаң учурунда эч текшерилбей эле көмүлүп калгандар бар. Андай фактылар учурайт. Биздин отузундагы жыйыныбызда Жалал-Абаддын губернаторунун орун басары ушул маселени көтөрдү. Бир шарт бар. Эксгумация болуп, сот-медициналык экспертиза тарабынан аныкталышы абзел. Ошондон кыргыздардан да, өзбектерден да көп эле келишип, ушу азыр эксгумация болуп жатат. Бизде азырынча аныкталбай жаткан 36 сөөк жатат. Шаардын ичинде табылган сөөктөр 22. Мына эки күн болду, ошолордун бирөөсү аныкталды. Бирок кимдиги аныкталбаган сөөктөр моргдо турат.

- Москвага ДНК клеткасын аныктоо үчүн канча сөөктүн материалы жөнөтүлгөн?

Өктөмхан Абдуллаева: - Кимдиги аныкталбаган моргдогу сөөктөрдүн баарынан берилген. ДНК боюнча 201 адамдан материал жөнөтүлгөн. Себеби ал жерде күйүп кеткендер, таанылгыс болгондор бар. Алардын кимдигин сөөк аркылуу гана аныкташат экен. Ал процедура абдан оор экен. Анан ДНКны аныкташ үчүн бир сөөккө 5-6 тууганынан алышты. Азыр бешөөнүкү аныкталып чыкты. Калгандарын текшерип жатышат. Ал процедура өзү узакка созулчу жумуш. 15-октябрга чейин ошол ДНК бүтөт деп айтышып атышат.

Көчкүсү келбегендердин там-таш көйгөйү

- Талкаланган үйлөрдүн 85% жакыны жөнжай адамдардын үйлөрү экен. Алардын жашоочулары кышка чейин үйлүү болуп калышы мүмкүнбү?

Өктөмхан Абдуллаева: - Андай мүмкүнчүлүк бар. Көп кабаттуу 75 квартиралуу үй салынып жатат. Ал 1-декабрга бүтөт деп жатышат. Өрттөлгөн үйлөрдүн 50% чейинкиси кышка чейин жок дегенде эки бөлмөлүү кылып салып алганга болот. Күн жылуу болуп турса курулушчулар иштей беришет. Анан элдин көбү жылуу чатырлар менен камсыз болушкан.

- Мындан ары элди өзгөчөлөнтпөй район-район кылбай, журт менен журтту аралаштырып, бирге жашоо, көп кабат үйлөрдү көбүрөөк салуу маселеси козголгон эле. Ошондой болуп жатабы?

Өктөмхан Абдуллаева: - Ошондой идея айтылган. Биринчи ирет эл менен сүйлөшкөндө макул болушкан. Кийин арада бузукулар да бар экен да. Бир сөздөрдү таркатышкандан кийин ошол сөздөргө макул болбой калышты. Адам укугу, дагы башка нерселер бар экен. Бул маселе көп эле сүйлөшүлдү. Кайра макул болбой калышты. Ошондуктан биздин өзбек агайындар жеке үй салабыз деп жатышат.

- Анда көп кабаттуу үйлөр кандай болот?

Өктөмхан Абдуллаева: - Эми өзүнчө жобо бекитип, ошол көп кабаттуу үйлөргө кимдерди киргизибиз, биринчи кезекте кимдерге берилетти аныктап алышыбыз зарыл. Себеп дегенде, жалаң кыргыз же жалаң өзбек жашаган жерде үйү калып, чыгып кетип калгандар бар. Анан жалданма үйдө жашаган кыргыздар абыдан көп экен.

- Эл аралык уюмдар, донор өлкөлөр Кыргызстанга 1 миллиард 100 миллион доллар бөлүп бермей болушту эле. Бирок ал жардам негедир кечеңдеп атат. Анын себеби эмнеге байланыштуу болуп жатат?

Өктөмхан Абдуллаева: - Биз Нью-Йоркто болгонубузда бардыгы туруктуу өкмөт болсун деп айтып жатышат. Алар убадасын ырасташты. Бул бюрократиялык иш ноябрга чейин баары бир созулат.

- Сиз апааттан жабыркагандардын дээрлик баары менен жолугушуп келгенсиз. Маселесин жакшы билесиз. Апаат болбош үчүн эми эмнелер жасалышы керек, деп ойлойсуз?

Өктөмхан Абдуллаева: - Мына 90-жылдардагы окуяга өкмөт көңүл буруп, баа берилген эмес. Ошондо баа берип туруп, өзүнчө бир концепция иштелип чыгышы керек болчу. Улуттук азчылык, улуттар ортолук карым-катыш боюнча концепциянын негизинде иш алып барылышы керек болчу. Биз болсо эч нерсе болбогонсуп жаап койдук. Андай болбошу керек эле. Өзбек туугандар «эмнеге кыргыз тилин үйрөтпөдүңөр, мамлекеттик атрибутикаларды үйрөтпөдүңөр, маданиятты жакындаштырбадыңар», деп жатышат. Чын эле ошондойбу деп ойлоп кетем.

- Өктөмхан айым, ырахмат! Ишиңизди ийгилик жылоолой жүрсүн!
XS
SM
MD
LG