Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Оштогу калабасында жаатташкан тараптардын каршылыгын басууга келген аскер кызматкерлери нааразы тараптардын бирөөнө жан тартып, экинчисине каршы күч колдонушканы айтылууда.

Расмий бийлик мындай маалыматтарды четке кагып, аны ортого от жагууга кызыккандар күчөтүүгө кызыкдар экенин ырасташууда. Анын үстүнө Кыргызстанда аскер кийиминын аркыл түрлөрү базарларда ээн-жайкын сатылат.

Чагымчылардын кесепети аскерлерге тийүүдө

Убакыт өткөн сайын улам бир өңүрү ачылып жаткан Оштогу кандуу калабага күбө болгон шаардын айрым тургундары жаңжалды басууга жиберилген аскерлер куралсыз адамдарга ок атышканын айтып келатышат.

- Резина эмес, чистая пуля. Чистая пуля мен отти. Резина деп олдошяпти олар. Ока, солдаттар өзу оттими? Нечитаси, копчилигми, экитаси оттими? Бор солдаттар, элигда. Силар каекта елаңар? Араванскиде, йук гостиница Олайда, махалля ичида. Силар баштадиларми, оларми? Олар отишти башлади.

Аскерлердин жаатташкандардын экинчи тарабына ок аткандыгы ушу тапта айрым чет элдик маалымдоо каражаттарынан түшпөс темага айланууда. Эрегиштен эр өлүп, жаңжалдын өртү толук өчүрүлө электе калайман өткөн жерге жетип барган айрым чет элдик маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү окурман менен угармандын үрөйүн учурчу уу-дуу кепке көбүрөөк азгырылып, ушу тапта уруш маалымат мейкинине чыкты.

Ош облусунун коменданты Бакыт Алымбеков аскерлер куралсыз адамдарга каршы ок атпагандыгын, бул аскер формасындагы жанкечтилердин чагымчыл аракети экенин, максат жаңжалды басыш үчүн жүргөн куралдуу күчтөрдү жаманатты кылуунун амалы экенин белгилейт.

- Ал боюнча иликтейбиз сөзсүз. Ошондой болсо алар дагы жообун тартат. Бирок мен дагы айтып кетишим керк, биздин дагы өзүбүздүн маалыматтар бар. Ошол багы уюштурп келшендер башка жактан келишип, ошонун башында тургандар дагы ошону атайын провокация кылыш үчүн ала-була формаларды кийгиздирип, ошентип жатышканы тууралуу бизде да маалыматтар бар. Аны элдер өздөрү кармаган фактылар да бар.

Акчасына жараша сапаты

Кыргызстанда чет элдик же өзүнчө аскер формасын сатып алууга эч кандай чек жок. Анан да аскер формасы айрым аткаминерлердин аңчылык, болбосо элет жерине жөнөгөндө кийип барчу модалуу кийимине айланганы качан. Бишкектеги базарларда аскер формасынын аркыл түрлөрү ээн-жайкын сатылат. Өзүн Сыргак деп тааныштырган соодагердин айтуусунда, аскер кийимин сатуу-сатып алууга чек коюлган эмес.

- Мисалы аскер кийимдерин сатып алууга бүт эле кишилердин укугу бар. Ала берет. Мисалы граждандык адамдар деле келип ала берет. Формалар америкалык, кытайлык. Негизинен бизде кытайлык формалар көп кетет. Орусияныкы бар. Эң сапаттуусу, мисалы, Американыкы. Анан кийин Орусия болот, Кытай болот. Баасын көрсөтсөк 400 сомдон 2000 сомго чейин алса болот. Мынабу тапанча салгычтар Орусияныкы. Негизи Орусияныкы, бирок Кыргызстанга келген. Келип ала беришет.

Адвокат Акин Токталиевдин ырасташынча, мурунку социализм доорунда аскер кийимин кимдир бирөөлөрдүн каалаган учурунда кийип чыгуусуна жол берилчү эмес. Кыргызстан өз алдынчалыкка жеткенден кийин негедир бул маселе ачык бойдон калды.

- Каалаган киши сатып алып эртең генералдыкын кийип көчөгө басса деле эч ким эч нерсе кылбайт. Жоопко тартылат, баланча кылат деген эч жерде жок. Эгер кылмыш кылса гана жоопко тартылат. Кармалса. Кармалса ушундай кийим кийип алыптыр деп атайт. Бирок кылмыш үчүн гана жооп берет да, форма кийгени үчүн жооп бербейт. Камуфляж мода болгону үчүн гана кийип атышат.

Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдын өртү басылып, жаатташкан тараптарды эпке келтирүү, эки элди ынтымакка чакыруу аракеттери көрүлүүдө. Жаздан тарта жалаң кагылыш-сүрүлүш менен келаткан өлкөдө тынчтык орнотуу кыйынчылыгы оголе оор шартта, кысталыш кырдаалда өтүүдө. Айрым саясат таануучулар мындайда уруш жараатынын картын улам сыйра бербей эмки ынтымакты кантип камсыз кылунун амал-аргасын көбүрөөк ойлонуу зарылдыгын белгилешүүдө. Андан башка арга да, жол да жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG