Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Кыргызстандын түштүгүндөгү кандуу окуялардын чыгышына кимдер себепкер болгону тууралуу толгон-токой божомолдор алдыга жайылууда.

Айрымдар аны кайсы бир сырттан үчүнчү күчтөр уюштурганын, экинчи бирөөлөр кызматтан шыпырылган мурунку президент жактоочулары, калгандары наркотөбөлдөр тарабынан жасалганын айтышат. Азырынча кандуу кагылыш өртүнүн чыгыш себеби, ага оголе көп адамдардын тартылып кетишин жөн-жайы калыс иликтене элек.

Саясий баа зарылдыгы

Ош менен Жалал-Абаддагы кандуу окуялардын себеп-жөнү, жаңжалдын кантип жана кандайча башталганы, натыйжасы эмнелерге алып келгени кенен-кесир иликтениш зарылдыгы кагылыш чыккандан бери эле айтылып келатат. Айыл, шаарлар талкаланып, эчендер жакындарынан ажырап, көбү дайынсыз жоголуп, караламан калк кан жутуп турган чакта уруш маалымат мейкинине калкып чыкты. Чындык делген кеп айтылса бири туура көрүп, экинчиси нааразы болуп, кечээ эле бири-бири менен мамыр-жумур мамиле жасап келген эл ушу тапта болуп өткөн окуяларга ишенип-ишенбей турган кези. Мындан туптуура 20 жыл илгери өткөн ошол эле Ош коогалаңы жаңы муун эрезеге жеткен кезде кайрадан калкып чыгышы ушу жалгыз Кыргызстанды эмес, жаамы дүйнөнү ойлонтуп туру.

Кыргызстандын коопсуздук кызмат төрагасынын орунбасары, Жалал-Абад облусунун коменданты Кубатбек Байболовдун ырасташынча, жаңжалдын чыгышына айрымдар айтып жүргөн жалаң эле үчүнчү күчтөр себепкер болгон жок.

- Үчүнчүсү, биринчиси, экинчиси – баары бирдей. Аларды өзгөчө бөлүштүн кажаты жок. Себеби сапаты жагынан үчүнчүсү менен экинчиси же биринчиси айырмаланбайт, баары бирдей. Бул тополоңдун артында баары бир бийлик үчүн болгон күрөш турат. Анализди мына ошол жактан башташыбыз керк. Менин оюмча, акыры жүрүп ушунча чоң жоготуулардын саясий жоопкерчилигин ушул үч күчтүн кайсынысы мойнуна алат жана эл алдында жоопкердүү болот, деген суроону акыры коюшубуз керек. Мына 90-жылдагы тополоңго саясий баа берилбей калганы үчүн мына азыркы тополоң болду. Эгерде буга да саясий баа бере албай кала турган болсок, анда мындан ары дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан сөзсүз түрдө бул тополоңду изилдеп, саясий жана кылмыш жоопкерчилиги баасын беришибиз керек. Биз күнү бүгүнкүгө чейин тилекке каршы, жалаң гана ошол кылмыштык жагдайдагы деңгээлде караштырып жатабыз. Ал эми саясий жоопкерчилик боюнча азырынча каршылык көрсөткөн таасирдүү күчтөр өтө көп болуп жатат. Бирок канткен менен анын ичинде эларалык адистерди ишке кийлигиштирүү жолу менен болсо дагы биз саясий жоопкерчилик тууралуу иликтөө жүргүзүп аны аягына чыгарышыбыз керек.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысы Алик Орозов жаңжалга тиешеси барлардын текши баары сөзсүз кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын ырастап, эмнеликтен кандуу окуянын болорунан көпчүлүктүн кабарсыз калганын мындайча түшүндүрдү.

- Жакшы кызматкерлер бар, адистер. Бирок анын командирлери көңүл бурбай же туура маалыматка ишенбей, ошон үчүн ушул окуялар болуп жатат. Балдар мурда эле айтышкан ушундай маалыматтар болуп жатканын. Алардын жетекчилери маалымат бербей, ошон үчүн ушундай акыбалга келтирди.


Айың кептердин аныгы менен апыртмалары

“Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева көпчүлүк арасында Оштогу жаңжалдын чыгышына кимдер кызыкдар экендиги тууралуу аркыл кептер айтылып келатканын белгилейт. Апрелдеги тополоңдон кийин токтолго таба албай жаткан Кыргызстанга дагы бир эстен кеткис алаамат салышка куштар күчтөр сыртта да, ичте да жетиштүү экенин айтат.

- Ким баштаганын ушул баштады деп айтыш оор болуп турат. Себеби ал жерде, онунда, жети жарымдан баштап сегизге дейре ХБКда жаш балдар мушташып кетишкен. Өзбек, кыргыз балдар. Ошол эле мушташ Зайнабидинов көчөсүндө, “Черемушкиде” болгон. “Западныйда” тиякта-биякта, бүт бардык жерде болгон. Мына ошон үчүн бул сценарий жазылган. Кандайдыр бир күчтөр, абдан катуу күчтөр бар. Ушул трагедияны баштаганга кубаттуу күчтөр кийлигишкен. Бирок ошол күчтөр кимдер экенин айтыш кыйын.

Ж.Жолдошева алдыга жайган божомол-жоромол боюнча Оштогу кандуу кагылыштын чыгышына баңгизаттарын тоскоолдуксуз алып өтүүгө кызыкдар наркотөбөлдөр ортосундагы талаш, ошондой эле бул жерде Өзбекстан ислам кыймылынын таасири да тийиши ыктымал. Жаңжал криминалдлык күчтөр тарабынан башталганын Кыргызстандын бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева да ырастайт.

- Анан бир чоң тетири салымын профессионалдуу талап-тоноочулар салган. Тилекке каршы, 2005-жылы талап-тоноону үйрөнгөн мародерлор профессионал болуп, саясатка кирип, керек болсо алардын өкүлдөрү саясий системага отурукташып калган. Бул система болуп кеткен. Бүгүн милиция, өкмөттүн күчтөрү тез арада мына ушул тоногучтардын башчыларын кармап, эл алдында жоопкерчиликке тартыш керек. Же болбосо бул коркунучтуу өнөкөт болуп жатат. Анан ошол эле мародерлеор саясатташтырып, улутташтырып жиберген.

Т.Үмөталиеванын айтуусунда, бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, басып алууга жедеп көнүп алгандарды колго чаап, жалбырты асманга чыккан улуттар ортолук өрт күчөй электе басып салууга Кыргызстандын тийиштүү күч кызматтарынын шаасы келбей, анын үстүнө апрелдеги тополоңдон бери бийликтин бары-жогу билинбей калган өлкөдө этникалык жаңжалды жайылтып жибериш текейден арзан экенин Ош менен Жалал-Абаддагы окуялар кашкайта көрсөттү. Натыйжасы жүздөгөн адамдардын набыт, миңдеген адамдардын жарадар болушуна алып келди.

Мусапырчылык

Жыйынтыгы өрттөлгөн шаар, кыштактар, карабашын калкалап жөнжай адамдардын Өзбекстанга агылышына, элеттеги тууган-урук, жек-жааттарына сүрүлүп качкандардын көбөйүшүнө алып келди.

- Ата-энеси калган. Мынабу жаш балдарды алып келдим. Өзүңүз көрдүңүз, жакшы иштер болгон жок, үка. Канча бейкүнөө адамдар набыт болуп кетти. Энди бул жакшы эмес. Энди мына ушуларды бекем туруп, акыры президентибиз да бизге кичине жан күйөрман болушу керек. Бул жерде мисалы кыргыз-өзбек жок. Баарыбыздын айылыбыз бир. Мисалы менин кайним кыргыз. Кайын эжелерим кыргызга тийишкен. Кантип анан мен сизге жамандык кылам, сиз мага жамандык кыласыз? Өзүңүз ойлоңузчу? Балдарда эмне күнөө? Булар эми катуу туруп тынчтык бузгандарды кармаш керек. Мына турган жерибиз. Кыргыз өзбек бирге турабыз. Ким кылганды эмне үчүн кармашпайт?

Кыргыз-өзбек чек арасында өзүн Данахан Абдуллаева деп тааныштырган жашамал оорулуу зайып этегине эрмешкен кичинекей неберелери мусапырлык күнүн кантип көрүп келгенин менен айтып, “бизге тынчтык керек. Калганын өз мээнетибиз менен таап алабыз. Тынчтыкты бузгандарды кармап, жазалаш керек” деп микрофонго чоң үмүт менен сүйлөп жатты.

Сузак районундагы Тайгараев айыл өкмөт башчынын орунбасары Амангелди Асановдун маалымдашынча, тополоң учурунда Ош менен Жалал-Абаддан келген кишилер айылда арбын болду.

- Он төртүнөн баштап аймактык башкармалыкка негизинен студенттер, Аксылык, Токтогулдук студенттер башпаанек кылып кетишти. Университетте, башка окуу жайда Жалал-Абадда окуган студенттер келишти. Жетимиштен ашуун студент келип 5 күн бул жерде бактык. Акырында жол ачылгандан кийин группасын тактап жолго салып койдук. Ошол студенттерди биз 7 үйгө, ондон, сегизден, он экиден кылып бая шарты бар үйлөргө берип, колдон келген жардамды элден топтоп, бая үйдүн ээсине күч келтирбей, бирок негизинен күч үйдүн ээлерине келди. Ошентип биз аяк-биягы 6-7 күн кармап аларды жолго салдык. Андан сырткары аймактык башкармалыкта жашагандардын шаарда турган тааныш-тамырлары, Оштон иш менен келип келип кете албай калган жыйырмадан ашуун киши жол каттам ачылгандан кийин кетишти.

Чек арадагы үй

Жаңжал учрунда Өзбекстанга агылган, ал басты-басты болгон чакта үйлөрүнө кайткан көпчүлүктүн эсинде кыргыз-өзбек чек арасындагы жалгыз үй калды окшойт. Айылдан кыйла окчунубураак курулган ал үйдүн короосу аркылуу Кыргызстандын айыл кыштактарына бетон арыктар аркылуу суу бөлүнөт. Үйдүн жашоочулары эшик алдында ары-бери өткөн куралчан кыргыз-өзбек чек арачыларына көнүп деле калышкан. Үй ээси Адахан Мамасалиевдин айтуусунда, кичинекей балдар чек ара кайсы жерден башталарын так билишет.

- Бала-чакабыз менен баарыбыз жакшы эле көнүп калганбыз. Бу балдар кичинекейинен эле чек арачыларды көрүп чоңоюп жатышат. Кыргызстандыкы, Өзбекстандыкы, эки тараптан тең чек ара зонасы. Чек арачылар жүрүшөт.

- Бала да, байкабай тиги жакка өтүп кетишсе.

- Жок ал жакка өтүшпөйт. Өздөрү билишет. Өзү эки балам бар. Жаш бала. Апам, менин аялым бар. Беш киши жашайбыз. Ошо эки балабыз менен.

- Сиздин үйүңүз чек арадан бери менин баамымда 5 метр го.

- Мынабу дарбазадан тышкары Өзбекстан зонасы, нейтральный. Ичкери жагы Кыргызстан. Биздин эч кандай маселебиз жок. Тынч.

- Дарбазадан чыктың Өзбекстандын жери. Алардын де биздин чек арачылардын бизге кысымы жок. Бул жерде такай чек арачылар жүрүшөт,-
деп сөзгө аралашты Адахандын апасы.

Чек арадагы үй ээси быйыл былтыркы жүгөрү аянтынын ордуна шалы эгиптир. Суу көп болуп жүгөрүнү от басып түшүм жакшы болбой калгандыктан бу жылы үй-бүлө үлүштөгү жерине шалы айдоону чечишкен. Анын үстүнө базарда күрүчтүн баасы кымбат. Адахам Мамасалиев өлкөдө тынчтык болсо мээнеткеч эл өз тиричилигин тың жүргүзүп, жайды-жайлата жасаган мээнетинин үзүрүн күздө көрүп, жер үстүндө жашаган адамдар ынтымакта жашаса деген тилекте. Кандуу калабаны башынан кечиргендердин текши баарынын тилеги деле ошондой.
XS
SM
MD
LG