Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Шайлоо шаңы менен убайымы


Кандуу калайман, жабыркаган калк, талкаланган шаар-кыштак

Кандуу калайман, жабыркаган калк, талкаланган шаар-кыштак

Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Убактылуу өкмөттүн түштүк боюнча атайын өкүлү өлкөдө кырдаал кадыресе турукташа баштаганын, Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалды баштагандар мыйзам алдында жооп беришерин ырастады.


Шайлоодөн маанилүү маселе бар

Парламенттик шайлоого жабыла аттанган саясий партиялардын катары дагы бирге көбөйдү. “Азаттык” демократиялык партиясынын жетекчиси Исмаил Исаков кызматтан кетүү жөнүндө арызын Убактылуу өкмөт башчысына тапшырганын, өз ордуна биринчи орунбасары Кубанычбек Орузбаевди көрсөткөнүн журналисттер алдында жарыя кылды. Бирок да журналисттерди И.Исаковдун шайлоо камылгасы эмес, өлкөдөгү кырдаалга карата мамилеси өзгөчө кызыктырды.

- Убактылуу өкмөттүн иш-аракеттерин жактырбагандар мындан көп. Мурунку кеткен күчтөр да кубаттуу, алардын акчалары көп. Бардыгы чогулуп алып эми аракеттерди жасап жатышат. Ошол себептүү силерде маалыматтар ар түрдүү болсо керек. Он жетисинде келет экен, жыйырма биринде чыгышат экен. Анан тияктан чет мамлекеттен келип басып алышат экен, деген маалыматтар толтура,- деп айтты И.Исаков.


Дагы бир жолу кара ниет күчтөрдүн тынч калкка калайман салышына жол бербеш үчүн коопсуздук, куралдуу күчтөр, ички иштер аскерлери колдон келген аракеттерин жасап жатышканы да маалымдалды.

Жаныш кайда жашынып жүрөт?

И.Исаков коопсуздук кызматынын ишине ичи чыкпаганын, анан да мурда жалаң бийлик атаандаштарынын артынан гана аңдууну билген жашырын кеңсеге Чек ара кызматын кошуп коюу Убактылуу өкмөттүн ойлонулбаган кадамы болгонун белгиледи. Коопсуздук күчтөрүнүн иш билбестигинен кандуу калайманды уюштурууга тиешеси бар делинген шектүү адамдар кармалбай калганын, мындай абал көпчүлүктүн кыжырын келтирип жатканы да айтылды.

- Элге бизди жаманатты кылган ушулар да. Мен Исаков алардын артынан жүрүп кармабайм да. Мен аларга тапшырма бергем. Кармайсыңар, алып келесиңер, бул жерде экен. Бирок бүгүнкү күнгө чейин иштери ушул. Анын ордуна башка кызматтарды өзүнө алып алышып эми шылтоо кылышат да.

Коопсуздук күчтөрүнүн алдагыдай илең-салаңдыгынан биртоп шектүү адамдар эмдигиче колго түшпөй качып жүрүшөт. И.Исаков мурунку президенттин инилеринин бирөөнүн кайда жүргөнү аныкталганын, жакынкы жумаларда ал кармалып калышы мүмкүн экенин маалымдады. Саясат таануучу Александр Князевдин мурунку президенттин иниси Жаныш Бакиевдин кайда жашынып жүргөнү тууралуу маалыматы бардыгын билдирген жайы бар.

- Мендеги соңку маалыматка караганда Жаныш Бакиев Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ванч районунда жашынып жүрөт. Аны башын калкалап, жашырып жүргөн киши мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын талаа командири, кийин бийликке аралашкан, учурунда “Тажикнефтегаз” ишканасын жетектеген Салимшо Мухабатов. Ал өзү наркотөбөл, ошондой эле Өзбекстан ислам кыймылы менен тыгыз байланыштагы киши.

А.Князевдин айтуусунда, Тажикстандын Ооганстанга чектеш аймактарын толугу менен көзөмөлдөгөн наркотөбөл Жаныш Бакиев менен ал 2001-2002-жылдары Кыргызстандын транспорт милициясын башкарып турган кезде жакшы тааныш болуп калган шекилдүү. Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдын чыгышына наркотөбөлдөр да себепкер болушкан деген жоромол ушундан улам чыгууда.

Учурда Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдарды иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. И.Исаков ага тиешеси бар кишилердин текши баары мыйзам негизинде жазасын алышы керек дейт. Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовдун пикиринде, азыркыдай оор кырдаалда бир диндеги эки эл кечиримдүү болушу керек.

- Динибиз биримдикке чакырса биз бирикпей бөлүнсөк, айып мендеби же исламдабы? Динибиз кечиримдүүлүккө чакырса биз кечиримдүү боло албасак, ал исламдын айыбыбы же менинби?

Бийлик менен эл үчүн өзгөчө оор сыноого айланган Ош, Жалал-Абад калайманынан соң жаатташкан тараптардын ийге келишине, ачуу душманды акыл доско айландырууга убакыт талап кылынууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG