Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Угуп койгула, Собянинден собол түштү


Жабыр таркан жарандарга кышка чейин жай керек
Жабыр таркан жарандарга кышка чейин жай керек

Кыргызстан түштүгүндөгү канабайрам кайталанышы мүмкүн экендигин болжолдоп, кайсы бир орусиялык ассоциация эксперти коопсуздук кызматтарга кат жөнөткөн.


Анда “Кыргызстан”, “Өзбекстан”, “Тажикстан” жана “Ооганстан” атында жанкечтилердин төрт тобу Фергана өрөөнүн өрткө чулгантуу аракетин июлдун жыйырмасынан жыйырма сегизине чейин жасашка даярданып жатканы айтылган.

Чагымчыл каттын мандеми

Орусиялык илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кызматкери, профессор Александр Князев чек ара кызматташтыгы ассоциациясынын эксперти Александр Собяниндин Кыргыз коопсуздук кызматына жөнөткөн катын маалымат айдыңындагы чагымчылык катары баалай тургандыгын билдирди. Анын айтуусунда, талаштуу кат жарыяланардан аз илгери ошол эле А.Собянин мурдагы бийликтин биртоп кызматтарында иштеген Клара Кабилова экөө Алматыдагы Кыргызстандагы соңку абалды талкуулаган жыйынга катышкан.

- К.Кабилованын артында Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеев турат. Ал өзү биртоп себептердин айынан, анын үстүнө жеке коопсуздугун ойлоп өзүн жашырын алып жүрөт. Азыр ал болжолдо Москвада жашап жаткан шекилдүү. Ал жерде болсо эле Москва Кремли же орус өкмөтүнүн Ак үйү аны колдойт экен деп түшүнбөө керек.


Өткөн айдын ортосунда Алматыда өткөн жыйында Кыргызстандагы абалды туркташтыра турган күч катары К.Кабилова баштаган “Биз прогресс үчүн” партиясынын аты аталып, калган саясий күчтөрдүн дарек-дайнына оголе көп сын пикирлер айтылганын ошол эле А.Князев ырастайт. Антип мурунку бийлик ээлеринин жака-белинде жүргөндөрдүн саясий упай топтош амалында жасап жаткан алдагыдай билдирүүлөрү парламенттик шайлоо алдында дагы күчөй бериши турган иш.

Утулган уруш

Анын үстүнө ушу тапта маалымат тирешинде Кыргызстан утулуп калганы, өлкөнүн түштүгүндөгү этникалык жаңжалдын себеп-жөнү объективдүү териштириле электе эле бир тарапка оголе чоң айып тагылууда. Коопсуздук кызматынын ардагери Эркебек Абдуллаевдин пикиринде, мындай бүтүмгө кошулса болот.

- Азыр ушундай дүйнөлүк маалыматтарга биз ушундай мыкаачы, жырткыч болуп көрүнүп калдык.

Эмгек ардагери Азимкан Базарбаев жаңжалдын чыгышына биртоп себептер өбөлгө түзгөнүн белгилейт.

- 13-күч деп койсок болот да. Жок нерсени чыгарыш ал деле мүмкүн. Азыр негизги күч карапйым эл, калк, кетмен көтөрүп талаада жүргөн. Ошо эл чыкканда “үчүнчү күч” каякта калып жатат?

Маалымат тирешиндеги кенемтелердин ордун толтуруу амалында Убактылуу өкмөт ушу тапта кырдаалды жөнгө салуу боюнча жасалып жаткан иштердин текши баарын жалпыга жарыя кылып туруу милдетине өзгөчө басым жасоодо. Саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов Ош менен Жалал-Абаддагы жаңжалдардын кайталанышына жол берилбейт деген пикирде. Анын айтуусунда, чет элдик маалымдоо каражаттарынын Ош, Жалал-Абад окуяларын бир жактуу чагылдырышынан дүйнө чатактын себеп-жөнү, натыйжасы кандай болгонунан кабарсыз калды.

- Бул жагынан чынын айтыш керек, Кыргызстан маалымат урушунан чоң утулшта. Мунун эң чоң себеби бизде мамлекеттик органдардын жана ошондой эле мамлекеттик массалык маалымат каражаттардын өт чабалдыгын көрсөттү. Эч кандай даярдыктары да жок.

Мындай шартта кайсы бир аты-жөнү белгисиз ассоциациянын эксперти уу-дуу кептин учугун улап, өзүнө саясий упай топтоонун аракетине өтөт. А.Князев болсо этникалык жаңжалдын чыгыш себеби, ал кимдердин шыкак-сүрөөсү менен уюштурулганы калыс, объективдүү иликтенип, саясий баасы берилбесе ал аймакта диний чаарбаш күчтөрдүн активдешине алып келиши мүмкүн деген пикирде.

XS
SM
MD
LG