Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

7-апрелден кийин Кыргызстанда улуттар ортолук араздашуулар күчөп кетти. Өлкө тагдыры кысталыш абалга кептелген чакта күчөп кетчү социалдык тирешүүлөрдү болтурбай коюунун амал-аргасы Бишкектеги жыйында талкууланды. Ага эларалык, Кыргызстан элдери ассамблеясы, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жаңжалдын тамыры кайда?

Чүй боорундагы Искра, Петровка , Маевка айылдарындагы жаңжалдар, Көк-Жаңгак, Жалал-Абаддагы тиреш Кыргызстан кийинки эле жылдары башынан кечирген апааттардын толук эмес тизмеси ушундай. “Эл аралык толеранттуулук” үчүн коомдук фонду улуттар ортолук жаңжалдардын себеп-жөнүн талкууга алган жыйындарды жакында эле Ош менен Жалал-Абад шаарларында өткөрүп келди. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү Чүй облусундагы абалга арналды.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырова өлкөнүн түштүгүндө өткөн жыйындарда этникалык жаңжалдардын чыгып турушу кимдерге кызык экени тууралуу аркыл пикирлер айтылып келатканына токтолуп, чогулгандар алдына момундай суроо таштады:

- Этникалык жаңжалдардын чыгып турушу кайсы бир саясатчыларга өзгөчө керек экен. Эмне үчүн сиз ошондой деп ойлойсуз?

Талкууга катышкандардын пикирлери негизинен бир чыкты.

- Бул жерде кайсы бир саясатчы дегенге мына муну кошуп жазуу керек. Бийликте отургандар. Алар баарынан кол жууп калышты. Токтой туруңуз. Калган экстремисттер, криминал, башкалар булар бийликте отургандардын айткан-дегенин аткарчу күчтөр гана,- деп билдирди орус тилдүү калк өкүлдөрүнүн “Гармония” маданий борборунан келген Акылбек Жолдошев.

Кыргызстандагы дунгандардын коомдук бирикмесинин өкүлү Казима Сушанлонун пикири:

- Мен айтсам болобу? Криминал дайым эле болуп келген. Дагы бирөөсү бар такай жүрчү. А эмне үчүн ал кайсы бир саясатчыларга гана керек? Этникалык жаңжал күчөп, кырдаал жетер чегине жетип калышы ага эле керекпи? Бийлик алмашканда алар сөзсүз чыгышат. 90-жылдары Союз кыйраган. Анан 2005-жылы бийлик күч менен алмашылды.

Өкмөт кезектеги программасы менен алек

Улуттук өң-түс алып кеткен жаңжалдардын текши баарында кайсы бир саясатчынын, таасирин көтөргүсү келген криминалдык күчтүн, экономикалык оорчулукка кептелген кайсы бир топтун, келише албас адамдардын тобу турары жыйында көп айтылды. Анан алардын ортосунан от чыгып, жалыны бир айылды же шаарды, аймакты каптап кетиш коркунучу бардыгын Кыргызстандын кийинки жылдардагы тарыхы деле кашкайтып көрсөтүп келатат.

Убактылуу өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу жетекчиси Элмира Ибраимова улуттук жаңжалдарды болтурбоо, андайга жол бербөө амалында жаңы бийлик тарабынан бир топ иш-чаралар жасаларын билдирди.

- Убактылуу өкмөт азыр иш-чаралардын өзүнчө бир долбоорун иштеп чыкты. Ал этникалык тирештин жаалын кайтаруу максатын көздөйт. Долбоор азыр макулдашуу, жактыруу жагында турат. Анда аркыл тармактарда кандай иштерди жасоо керектиги белгиленген. Мисалы, улуттук коопсуздук, элдик дипломатияны колдонуу сындуу механизмдер бар. План иштелип чыккан. Буюрса жакын арада кабыл алынат.

Этият болгондон эч ким жапа чеккен эмес

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги борбор жетекчисинин кеңешчиси Александр Ванников ушу тапта Кыргызстанда өтө эле морт теманы оюндагыдай пайдалангысы келчү күчтөр бардыгын белгилеп, улуттар аралык жаңжал чыкпашы үчүн бийлик да, эл да, саясатчылар да өтө этият болушу керектигин билдирди.

- Ошол эле мезгилде биз баарыбыз, анын ичинде Убактылуу өкмөт да бир нерсени, кылдат мамилени талап кылган картаны жеңил-желпи пайдаланбаш керектигин эстен чыгарбашы зарыл. Улуттар ортолук мамилеге коркунуч келтирчү жагдайлар биртоп, аны бийлик тезинен чечүүсү керек. Анын ичинде улуттук азчылык өкүлдөрүнүн коомдук ишке катышуусу да бар.

Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хольгер Грин талаш-тартыш, кагылыш-тирештин тамыры барып-келип эле экономикалык маселелерге байланышарын ырастады.

- Бир топ башка бирөөлөр алдында кыйла начар жашай турганына нааразы болуп чыгат. Мен мындан бир нече жыл илгери Францияда мигранттар менен полициянын кагылышын көргөм. Көпчүлүк мигранттар өздөрүнүн жашоо деңгээли башкалардан төмөн экенине арданып нааразылык билдирип чыгышкан.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Баткен облусундагы тескөөчүсү Роберт Авазбеков ушу тапта Баткен облусунда Өзбекстандын Сох анклавынын жанында чек ара менен жайыт маселесинен талаш чыкканын маалымдады.

- Согмент, Чарбак деген кыргыз айылдары, Хушяр деген өзбек айыл бар. Бул конфликт, чыр-чатак мурдатан бери келе жаткан. 2005-жылы ушундай эле конфликт болгон. Анда дагы ушундай эле жайыт маселесинен, ичилчү суу анан сугат суу маселесинен чыккан. Азыркы кезде деле ошол чыр-чатак кайрадан кайталанып жатат.

Бишкектеги жыйын катышуучулары улуттар ортолук жаңжалдарды болтурбай коюу, жаңжалды күчөтпөй эртелеп басуу боюнча пикир-сунуштарын Убактылуу өкмөткө, эл аралык уюмдарга жөнөтүшмөкчү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG