Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

«Азия универсал банктын» абалы кандай?


8-апрелден тарта Улуттук банк чечими менен Азия универсал банк баштаган 4 банкка утурумдук башкаруу киргизилген. Жакын арада бул банктар аркылуу чет элдик эсептерге канча акча которулганы ачыкка чыгат. Аны 11-апрелдеги маалымат жыйынында Улуттук банк төрагасынын орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

7-апрелдеги элдик козголуштун натыйжасында бийликке келген утурумдук өкмөттүн алгачкы маалымат жыйынында Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Улуттук банк мурунку бийликтин кызыкчылыгына иштеген 5 банкка утурумдук башкаруучу дайындаганын билдирген.

Ал банктарга «Азия универсал банк», «Кыргыз кредит банк», «Манас банк», «Ысык-Көл банк», «Акыл банкы» кирери да ошол жыйында ырасталган. Бир үй-бүлөнүн көзүн караган бул каржылык мекемелер «Азия универсал банкына» баш ийдирилген.

Кыргызстандын каржы базарынын төрртөн бирин ээлеген АУБ аркылуу кирешелүү мамлекеттик ишканалардын эсептери жүргүзүлүп, орусиялык кредит, Социалдык фонддун акчалары жүгүртүлүп турган.

Өнүгүү фонду аркылуу күргүштөп кирип жаткан акчанын канчасы 7-апрелдеги башаламандыкка чейин кайсы чет элдик эсептерге которулганы азырынча табышмак. Улуттук банктын төрага орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаевдин ырасташынча, ушу тапта «Азия универсал банкынын» активинде 13,6 миллиард сом турат. Анын ичинде 4 миллиард сом кардарларга төлөп беришке жетет. Банктын милдеттенмеси 10,6 миллиард сом. Капиталы 2,9 миллиард сом.

А бирок АУБдун болгон мүлкү менен эсебиндеги акчаларды берүүгө тыюу салынган. Банктын акчасы милдеттүү төлөмдөрдөн кыйла арбын. Ошол себептүү банк акчаларды кайтара албайт деп кооптонууга негиз жок.

К.Бөкөнтаев алдыдагы бир-эки күндө «Азия универсал банкы» аркылуу чет элдик эсептерге канча акча которулганы ачыкка чыгарып каларын маалымдады. Утурумдук башкаруучулар банктын чет өлкөлөргө которгон акчаларынын дарек-дайнын жакын арада таап чыгышы ыктымал. Бирок да ал акчалар кайра артка кайтарылабы, кеп ушунда го.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин деле А.Акаевдин үй-бүлөсүнүн оңор эмес акчаларды сыртка алып чыгып кетишкени, алардын изине түшүп, кайтарып алуу маселесин жаңы өкмөт абыдан активдүү койгон. Атүгүл Д.Үсөновдун өз чөнтөгүнөн 500 миң доллар Либерман компаниясына берилгени маалымдалган.

Оголе чоң уу-дууга айланган сөз кийин экен-токондо гана эскерилбесе, бир-эки жылдан кийин унуткарылган. Ошондой эле кепке парламент депутаттарынын алаканын ысыткан 300 миң доллар жөнүндөгү миш-миштер түшүп, ал деле көп өтпөй басылып калган.


Кезектеги элдик козголуштун аркасы менен бийликке келген утурумдук өкмөттүн аракетинен кандай натыйжа чыгары азырынча белгисиз. Бирок да бюджеттик оңор эмес акчаларды, ага кошуп кирешелүү мамлекеттик ишканалардын ээлигин өз колуна алган Өнүгүү фонду менен Борбордук агенттиктин кыңыр иштеринин текши баары эми ачыкка чыгып, коррупциянын масштабы дагы бир ирет калк алдында жарыя кылынганы турат.

Мындан беш жыл илгери үй-бүлөлүк башкаруудан көңүлү үч көчкөн журттай калган көпчүлүк ушундай эле үмүт менен Акүйдү басып, башкалаа аеосуз тонолуп, азыркыдай эле жерлер басылып алынган. Эл алдына кат-кат убадаларды аянбай берген ал бийликтин арты кандай болгонун ушу тапта жаамы кыргыз журту эмес, жалпы дүйнө күбө болуп отуру. Эки ирет сүткө оозун күйгүзгөн эл эмки тандоодо жаңылбаса болду деген эле тилек. Ал эми «Азия универсал банктын» айланасындагы иштер четинен чубалып чыкчу коорупциялык схеманын бир бөлүгү гана.

XS
SM
MD
LG