Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Кийинки кездери АКШ долларына карата суроо-талаптын өсүшү байкалууда. Анын сомго карата катышы кескин көтөрүлүп кетпеши үчүн Кыргызстандын улуттук банкы акча базарына ири өлчөмдөгү долларларды чыгарууда.



Тешик чөнтөккө токтобогон доллар

Экономикалык кризис күчөп турганда куну кыйла кача түшкөн долларга суроо-талаптын улам күчөп баратышынын биртоп себептери бар. Анын сырт көзгө деле байкалып турчу негизи себеби бул жердеги соода-сатыктан түшкөн акчанын көбү долларга айландырылып кайра эле чет элдик товарларды сатып келүүгө жумшалышына байланыштуу. Кыйла жылдардан бери акча алмаштыруу менен шугулданып келаткан Советбек Бекмамбетовдун айтуусунда, мурда жаңы жылда көтөрүлүп, жаз келгени кыйла басаңдай түшчү долларга суроо-талап эки жылдан бери тескерисинче болууда.

- Жайкы сезондо түшүшү керек эле. Май-июндарда доллар жылыга түшчү. Эки жылдан бери тескерисинче болуп жатат. 2009-жылга салыштырмалуу 2010 - бир жыл ичиндеги аралыкта 10 сомго өстү. Былтыр 35 сом болчу быйыл эми 45 сомго чыгып калды.

Экономикалык эксперт Улан Рыскелди чектүү базар шартында доллардын сомго карата катышы көтөрүлүп, кайра түшүп турушу мыйзамченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

- Анан да биздин базарда жалпысынан доллар негизги ролду ойнобойт. Менимче, биздин базарларда соода-сатык сом аркылуу жүргүзүлөт. Ошондон ал жалпы калк үчүн анча деле чоң мааниге ээ эмес.

Баа көтөрүлдү, дагы көтөрүлөт

Эларалык соодага жүрчү акчанын антип барк-баасынын көтөрүлүшү артынан баалардын кымбатташын алып келери турулуу иш. Профессор Кылычбек Супатаевдин ырасташынча, доллардын сомго карата катышынын көтөрүлүп баратышы мына ушул жагдайга көбүрөөк көз каранды.

- Бизде инфляция кетип атпайбы. Мына баалар өсүп атат. Баалардын өсүшү инфляцияны күчөтүп, ал сомдун кунун качырып ийди. Себеби мына азыр миң сомуң эч нерсеге жарабай калды. Анан көрөсүң быйыл көп өсүштөр болот. Электр энергиясына тарифтер кымбаттадыбы, анын терс таасири баарына тиет. Энергетика экономиканын локомотиви да.

Экономикалык эксперт Жумабек Жайылов да азык-түлүк баасынын кымбатташы доллардын баркынын көтөрүлүшүнө алып келерин ырастап, бул тенденция кыйла жылдарга чейин сактала тургандыгын белгилейт.

- Алдыңкы 10-15 жылда доллар өзүнүн күчүн кетирбейт болуш керек. Бул экономикага байланыштуу да. АКШнын улуттук валютасы жалпы дүйнөлүк акча болуп атканы анын экономикасы туруктуу болуп баратканын көрсөтөт.

Сомдун долларга карата катышы кескин өзгөрүлүп кетишине жол бербөө максатында Улуттук банк 30-мартта коммерциялык банктар ортосундагы акча базарына 6 миллион долларды сатыкка чыгарса, 31-мартта анын өлчөмү 1 миллион 700 миң доллларга түштү.

2010-жылдын бюджетине улуттук валютанын долларга катышы 44 сом деп белгиленгенин Каржы министринин орунбасары Арзыбек Кожошев мурда эле маалымдаган.

- Курстук айырма боюнча жалпы саясатты Улуттук банк карайт. Биз азыркы долбоорубузду 44 сом деп карадык. Кийин курсу көбөйүп же азайып кетсе анда бюджетти башкадан карап чыгабыз.

Жыл аягына чейин доллардын сомго катышы кайсы санды айланчыктап турарын эч ким болжол кыла албайт.
XS
SM
MD
LG