Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

Кыргызстандын 2,5 миллиардга жакын тышкы карызы өлкө экономикасын сактап калууга бөлүнүп жаткан 1 миллиард 100 миллион доллар жардам акчанын эсебинен дагы көбөйгөнү турат. Бирок жардам акчанын канчасы жеңилдетилген шартта, канчасы кайтарымсыз берилери азырынча белгисиз.

Ал маселе ушул айдын экинчи он күндүгүндө Алматыда өтчү чоң жыйында такталмакчы.

Карыз санаасы: мурда эле көп болчу

Кийинки революцияны ээрчий келген кандуу окуялардын капшабынан кыйраган шаар-кыштактарды калыбына келтирүү, карызга басырылып калган бюджетти колдоого бөлүнчү 1 миллиард 100 миллион доллардын теңинен көбү быйыл берилери маалымдалууда. Кыргызстандын экономикалык тескөө министрлигинин жооптуу кызматкери Кубанычбек Айдаралиевдин ырасташынча, жардам акча тышкы карыз жүгүнө оорчулук келтирбеген шартта алынат.

- Эми албетте, мамлекеттин экономикалык саясаты тышкы карыздын оорчулугун эске алып, мүмкүн болушунча тышкы карызды көбөйтпөгөнгө аракет кылышыбыз керек. Жаңы өкмөт структурасы түзүлгөндөн кийин, менин оюмча, жалпы экономиканын структурасы да өзгөрсө, анан саясий чечим кабыл алынып экономиканын негизги багыттарын такташып алгандан кийин бул боюнча айрым чечкиндүү иштер жасалат го деп ойлойм.

Президент Роза Отунбаеванын маалымдашынча, алынчу карыздын кыйласы өлкөнүн түштүгүндө кыйраган шаар-кыштактарды калыбына келтирүүгө жумшалат.

- Чынында Ош, Жалал-Абад болбосо деле жалпы биздин бюджетибизде абдан керектүү акча жок. Мына айлык акыларга, башкаларга. Ушунун баарын бул акчалар жаап жатат. Биздеги таңкыстыкты жаап жатат.

Кыргызстандын Каржы министри Чоробек Имашевдин айтуусунда, алынчу карыз акчанын шарт-милдеттери азырынча тактала элек.

- Себеп дегенде, ал акчанын канчасы грант түрүндө, канчасы кредит эсебинде берилери тактала элек. Анын үстүнө биз коммерциялык кредит албайбыз. Карыз акчаны эл аралык өнүгүү ассоциациясынын шарты боюнча алып жатабыз.

Карыз акчанын кандай шартта берилери донор өлкөлөрдүн Алматыдагы жыйынында аныкталмакчы. Маселенин так чечилишинин антип артка жылдырылышы Орусия менен Казакстандын позициясынан улам чыгууда.

Көбү бюджетке, кыйласы социалдык секторго

Кыргызстан бюджетинин таңкыстыгын жабууга 600 миллион доллар, Ош менен Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө 450 миллион бөлүнүп калса анчалык чоң акчаны иштетүү кыйла убакытты талап кылчу жумуш. Ошондон калыбына келтирүү, кышка даярдык жумуштарынын көбү кийинки өкмөттүн, күзгү парламент шайлоодо утушка ээ чыккан партиялардан куралган аткаруу бийлигинин энчисине тийиши ыктымал. Жарым жыл ашуун утурумдук бийлик тушунда жашап келген өлкөдө жаңы өкмөттүн тез арада түзүлө коюшу да кыйын.

Көмөк акчанын текши баары социалдык тармакты колдоого, бюджет таңкыстыгын жабууга жумшалмакчы. Ансыз да абалы оор социалдык сектордун кечиктирилгис проблемаларын чечүүгө сарпталчу карыз акчаны төлөп берүү оорчулугу барып-келип дагыле бюджетке түшмөкчү. Улуттук банктын төрага орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркулдун айтуусунда, коммерциялык банктардын Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүнө тийгизчү таасири өтө эле аз.

- Орусия, Казакстан жакшы өнүккөнүнө байланыштуу бизде экономикалык конъюнктура жакшы болду. Ошонун жардамы менен банктар да жакшы болуп бир топ бутуна туруп кетишкен эле. Экинчи начар жагынан алып караганда ошол учурда ушундай жагдайдан пайдаланган ар түрдүү шылуундар да көп болот турбайбы. Тескери операциялар жүргүзүп, жагдайды пайдаланып, тезирээк байыганга умтулгандар болуп кеткен.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдардагы тышкы карыз ички дүң продукт көлөмүнөн кыйла көп болчу. 2005-жылкы бийлик алмашуусунун алдында тышкы карыз 2 миллиард долларга түшүп калган болчу. Кийинки беш жылдыкта тышкы карыз жарым миллиард долларга жакын көбөйүп, эми минтип дагы арбыганы турат. Эл аралык валюта корунун демилгеси менен Кыргызстандын тыш карызынын кыйласын кечип ийчү чуулгандуу “Хипик” программасына кирүү-кирбөө маселеси да чоң талаштан башы чыкпай, соңунда өкмөт андан баш тартууга аргасыз болгон. Эмки олчойгон тышкы карызды кайтаруу маселеси кыргызстандыктарды үрпөйтүп отурат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG