Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Инфляция деңгээли, жүгүртүүгө чыгарылган беш миң сомдук, соода балансы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна Улуттук Банктын төрага орунбасары Абдыбалы тегин Сүйөркул жооп берди.

- Быйылкы жылы инфляция деңгээли канча болушу мүмкүн, Улуттук Банктын болжолу кандай?

- Биз аны Улуттук Банктын билдирүүсүндө 15 пайызга чейин деп көрсөткөнбүз. Ошол эле боюнча, азырынча мындай бир өзгөрүү боло элек. Январь, февралдан кийинки маалыматтар боюнча инфляция басымы былтыркыдай эмес. Бир топ эле төмөн. Ошого караганда бир топ эле азыраак
болот окшойт.

- Биздин үналгыда кечээ профессор А.Сарыбаев быйыл инфляция 30 пайызга жетет, деген болжолун айтты. Ушундай болжолго негиз барбы?

- Эч кандай негиз жок. Себеп дегенде, жылдын башынан бери мынабу эл аралык экономикалык кризистин айынан чын-чынында эле суроо-талап азайып жатат. Бул деген товарларга болгон суроонун азайышына алып келет. Ошол товарларга болгон баалардын азайышына алып келет. Көбөйүшүнө алып келбейт. Мына ушул жагынан алып караганда ага эч кандай деле негиз жок. Мен а кишинин эмне айтканын билбейм. Мүмкүн ал узак мөөнөттөгү преспективаны эсепке алып айтышы мүмкүн. Эгер абал ушул боюнча эле кала берсе, мисалы үчүн, өндүрүшкө жардам болбосо, же товар өндүрүүчүлөргө жардам болбосо, алардын товарлары өтпөсө алардын баасы азыноолок түшүп, кайра көтөрүлүп кетиши деле мүмкүн. Менин оюмча, ошондой нерселерди айтса керек. Анан быйыл 30 пайызга жетип кетет деш...

Биздин бир гана корккон жагдайыбыз бар. Орусия, Казакстандагы товарлардын баасы көтөрүлүп кетсе ал жактан бизге келчү импорттун баасы да көбөйүшү мүмкүн. Ошондой коркунуч бар. Бирок азырынча ал коркунучту сандар менен ырастап, маалымат катары айта албайбыз. Аны болжолдоп гана айтса болот. Илгерки, баягы 90-жылдардагы абал боюнча айтса болот, сомдун 3% девальвациясы, кунунун качышы, 1% инфляцияга алып келчү. Бирок азыр андай көрүнүш жок. 90-жылдары ошондой болгон. Ал учурда таңкыстык бир топ эле болчу. Азыр Кудайга шүгүр, базарларда жетишерлик, баары сатылып эле жатпайбы.

- Анан дагы бир суроо. Мына кечээтен тарта Сүймөнкул Чокморовдун элеси түшүрүлгөн 5 000 сомдук акча жүгүртүүгө киргизилди. Бул өтө эле чоң акча. Жаңы акча инфляциянын күчөшүнө алып келбейби?

- 5000 сомдун чыгарылышы боюнча биздин кызматкерлер маалымат жыйынын өткөрүшкөн. Анын себептери көп. Ошонун бирөөнү эле айта кетсек, мисалы, биздеги ири суммадагы операциялардын бардыгы АКШ доллары менен болуп жатпайбы. Маселен, машине сатып алмай - сатмай, үй сатып алмай - сатмай, жадесе карамалды сатып алуу деле долларга айланып кетип жатат. Бул ошолордун ордуна сомду колдонуу ниетинде чыгарылган нерсе. Доллар колдонулбай, сом колдонулсун, деген иш. Эми аны инфляцияга байланышканбы - байланышпаганбы деп, аркыл жоромолдорду жасай берсе болот, туурабы? Чын-чынында жаңы акчанын максаты андай эмес. Бул эч кандай инфляцияга байланышкан эмес. Эң негизги максаты эле чоң суммадагы акчаларды сомго которуш.

- Сүйөркул мырза, ошол акчага элеси түшүрүлгөн Сүймөнкул Чокморов кыргыз маданиятына, айрыкча кино өнөрүнө өзгөчө чоң салым кошкон ишмер. Бирок биздин айрым угармандарыбыз эмне үчүн 5 000 сомго Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн эмес, деген суроону да коюп жатышат.

- Биринчиден, акчанын жасалышы узак убакытты камтый турган иш. Акчага кандай сүрөт, кимдин сүрөтү тартылары заказ берилип, жасалгасын аныктоо бир топ убакытты талап кылат. Ал эми бул акчаны чыгаруу маселеси ойлонула баштаган чакта Чыңгыз Айтматов тирүү болчу. Ал жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес болчу. Анан а кезде Сүймөнкул Чокморовго токтолуп, ал кишинин портретинин негизинде банкнот даярдалып калган. Чыңгыз Айтматовдун бейнесинде биз атайын монеталарды чыгарып жатпайбызбы. Ошол монеталар сериясы чыкканда мына буга окшогон чайкоочулуктар токтолуп калат го, деген ишеничтемин.

- Билесиз, Кыргызстанда импорт көлөмү көп, экспорт ага салыштырмалуу аябай эле аз. Андан терс соода сальдосу чыгып жатат. Импорт менен экспорт айырмасынын өтө эле көптүгү сомдун кунунун качышына алып келбейби?

- Бизде бул тарыхый түрдө ушундай. Соода балансы оң чыкканы биздин тарыхта боло элек. Жылда эле ушу. Анан ал жылдан-жылга көбөйүп баратат. Бул чынында эле кыргыз экономикасынын эң чоң коркунучтарынын бири. Буга чейин ал эмненин негизинде каржыланып келген? Ошол жагына көп көңүл бурушубуз керек го. Билесиз, ал негизинен мигранттардын акчасынын эсебинен, түшүп аткан капитал, ушуга окшогон нерселердин эсебинен каржыланып келген. Быйыл кризистин айнан импорттун деңгээли жылдагыдай өспөйт. Импорт деңгээли былтыркыга караганда бираз төмөндөшүн биз болжолдоп жатабыз.

Ошол эле учурда экспорттун деңгээлин көтөрүү боюнча өкмөттүн аракети дурус эле болуп жатат. Былтыркы деңгээлде кармап калабыз деген ой бар. Эгер ушул саясат үзүрүн берсе бара-бара бул абал оңолуп кетишке мүмкүнчүлүгү бар. Бул өзү бир сөз менен түшүндүрүп айта койчу маселе эмес. Татаал маселе. Бул жакта проблемалар көп. Өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүнүн начардыгы, жумуш өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндүгү, алардын баарын айтып олтурса сөз көбөйүп кетет. Алардын баары бири-бирине байланыштуу. Ал эми азыркы абал боюнча акча алмаштыруу, соода операциялары мурдагысындай эле жүрүп жатат. Ал жагынан акыркы эки жума ичинде сомго катуу басым деле сезилген жок. Банктар өздөрү эле соода жүргүзүшүп жатат. Эч кандай суроо-талап азырынча боло элек.

- Урматтуу Абдыбалы тегин Сүйөркул мырза, ишиңизди ийгилик жылоолой жүрсүн, чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG