Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Каржы кризиси Кыргызстанды кыйгап өтпөйт


Дүйнөлүк каржы кризисинин салакасы Кыргызстанга да тие баштады. Коммерциялык банктардын кредит баштыгы азайып, чоң курулуштардын деми басылып, депозитке акча салчулардын катары суйдаң тартууда.

Өнүккөн өлкөлөрдүн шаштысын кетирип жаткан каржылык кризис Кыргызстанды качан капташы мүмкүн суроосунун коюла баштаганына деле кыйла убакыт болду. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров өкмөттүк жыйындардын биринде каржылык кризистин белгилери эмдиги жылдын экинчи айында билинип калыш ыктымалдыгын эскертсе, айрым адистер андай белгилер эмитен эле билине баштагандыгын айтууга өтүштү.

Акылбек Жапаровдун ырасташынча, каржы кризисинен банк күрөөсүнө кыймылсыз мүлктөрүн коюшкан ишкерлер өзгөчө жабыр тартышы ыктымал.

- Анан булар күрөөгө үй курулчу жерди да алышкан,- деп айтты Акылбек мырза.- Анан бир топ үйлөр бүтпөй калды. Бир топ үйлөрдүн баасы түшүп кетти. Мисалы, Орусияда үйлөрдүн баасы түшүп кеткенден кийин үстүнө акча кошуп бер деп жатышат. Антпесе күрөөсүн сатканы жатышат. Мына бизде Улуттук банктын көзөмөл органдары ошол боюнча таптакыр унучукпай жатышат. Мени коопсуздандырып жаткан ошо.

Улуттук банктын төрага орунбасары Кубанычбек Бөкөнтаев коммерциялык банктар кардарлары менен өнөктөштөрүнүн алдындагы милдеттенмелерин так аткарып жатканын ырастап, дүйнөлүк каржы кризистин таасирин момундайча сыпаттады.

- Бүгүн дүйнөлүк банк кризисинин биздин банк системабызга тийгизген таасири тикелей эмес, кыйыр түрдө көрүнүүдө. Аны биз эмнеден көрүп жатабыз? Жыл башынан банк системасынын негизги көрсөткүчтөрү актив, кредит, депозит, капитал боюнча өсүү байкалды,- деп айтты ал.- Бирок ал 2007-жылкыдай эмес. Мисалы, өткөн жылы коммерциялык банктардын кредит баштыгынын көбөйүшү 83,7% түзсө, быйыл 10 айдын ичинде ал 28,2% араң жетти. Кредит баштыгынын көбөйүшү быйыл былтыркыдан үч эсе азайды, каржы кризисинин кыйыр таасири дегенибиз ушул.

Азия Универсал банкынын директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Наделдин пикиринде, глобалдык кризистин Кыргызстанды кыйгап өтүшү кыйын. Анын эпкини сөзсүз Кыргызстанга да тиет.

- Мунун баары дүйнөлүк кризис башталган чакта Кыргызстандын банк секторуна ири өлчөмдөгү чет элдик каражаттар тартылбай калганына байланыштуу,- дейт М.Надель.- Андай болгондо чоң каражат узак убакытка жайгаштырылып, ал банктын акчасынын жүгүртүлүшүнө салакасын тийгизмек. Ошондон биз кризистин кээрин бул жерде жайгашкан чет элдик банктардын бул жердеги колбала банктары тартышы мүмкүн.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов Кыргызстан сындуу бар тарабы ачык экономикалуу өлкөнү дүйнөлүк каржы кризисинин шамалы сөзсүз каптап өтөрүн эскертип, ага эмитен даярдык көрүү зарылдыгын билдирди. Каржылык кризистин жаалын кайтару үчүн Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 100 миллионго чейин доллар бөлүп берүүгө макулдугун берүүдө. Коммерциялык банктардагы депозиттерди коргоого чакырылган фондго 35 миллион сом которулганы маалымдалууда. Жыл аягына чейин ал сумма 132 миллион смого чыгышы мүмкүн. Непадам кризис кыстап келсе ал акча 2 – 3 банктагы депозит акчаларды коргоого гана жетерин айрым адистер ырасташууда. Анан да банктарга салынчу депозиттердин сээлдеши кредиттин азайышына, алардын үстөк пайызынын көбөйүшүнө алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG