Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:29

Каржылык кризисти алдын-алуу амалында өкмөт 10-ноябрда жумушчу топ түздү. Бул топ күндөн-күнгө күч алып бараткан дүйнөлүк кризиске байкоо салып, этияттык чараларды иштеп чыгуу милдетин алган.

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун маалымдашынча, жаңы жумушчу топ ушул жуманын аягына чейин аткарылчу иш-чараларды аныктап чыкмакчы.
- Азыр керектүү маалыматтардын баары даяр. Мен кичине убакыт алдым. Ушул жуманын аягына чейин 2-3 сценарий даярдашыбыз керек. Мындан ары кандай болгондо биздин экономика кантип иштейт? Биз ушундай программанын үстүндө иштеп жатабыз.
Непадам каржылык кризис кыстап келсе кыргыз өкмөтү кандай иштердин өтөлүнө чыга тургандыгы өткөн айдагы өкмөттүк жыйында талкууланган. Кысталыш кырдаалдан чыгуу үчүн аткаруу бийлиги ушу тапта үч багыттан турган иш-чараларды аткарууну көздөөдө. Анын биринчиси сырттан келчү коркунучтарды убагында туюп, ага маалында жооп табуу милдети кирет.
А. Жапаров: Атадан калган так жок, “жакшы иштебедиңер” дешсе “жакшы иштебедик” деп кете беребиз да...
Экинчи багытка энергетика менен айыл чарбасы кирет. Кыргызстан экономикасын артка сүрөгөн эки тармакты реформалоонун айкын-ачык программасын өкмөт азырынча иштеп чыга элек. Үчүнчү багыт өлкөнүн атаандаштыкка туруштук берүүсү, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону өзүнө камтыйт.
Акылбек Жапаров өкмөт алдыдагы үч жылга эсептелген стратегиялык программасын кайрадан карап чыгып, ага бир топ өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады:
- “Программа жок, кызматынан кетсин”, деп айрым бир депутаттар айткан экен. Өлкөнүн өнүгүү стратегиясын азыр парламентке жибердик. Кайсы фракцияда болбосун мен ал программаны коргоого дагы, жакшыртууга да даярмын. Эми ар бир өкмөттүн мүчөсүнүн өзүнүн ою бар. Чечимди өкмөт башчы менен президент кабыл алат. Атадан калган так жок, “жакшы иштебедиңер” дешсе “жакшы иштебедик” деп кете беребиз да.
2005-жылдан бери иштеп келаткан өкмөттөрдүн келечекке багытталган иш-чараларды камтыган фундаменталдуу документинин жоктугу үч жылдан бери такай айтылып келатат. Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Дамира Ниязалиева Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин каптап келаткан кризистен кантип чыгарыбызды так көрсөткөн программасы болуш керек эле деп эсептейт.
- Бизде план, программа, стратегия - эчтеке жок. Биз деген мынакей жардын үстүндө турабыз. Кандай жол менен мына ушул жардан төмөн түшөбүз. Ал боюнча бизде маалымат жок. Эмне дегенде Каржы министрлиги менен Экономикалык өнүгүү министрликтеринин инфляцияга берген сандары эки башка. Кимге ишенебиз, кандай болобуз?
Дамира Ниязалиеванын ырасташынча, дүйнөлүк каржы кризисинин таасири сөзсүз Кыргызстанга тиет. Сыртка товар ташып чыгарууга караганда четтен товарды эки эсе арбын ташып келген өлкө андай таасирден четте калышы мүмкүн эмес. Ал эми кысталыш кырдаалда көмөгү тийчү Өнүктүрүү фонду алигече түзүлө элек.
Экономика илим кандидаты Кылычбек Супатаев дүйнөлүк каржы кризисинен Кыргызстан анча деле чочулабай эле койсо болот, деген пикирде.
- Таасири эми тиет, чапкындары тиет, чындап түз таасири тийбейт. Тийсе эми ташылып келчү товарлардын кымбаттап кетишинен тийиши мүмкүн.

Акылбек Жапаров Кыргызстан экономикасынын чакталуулугу, фондулук рыногунун бекем таканчык ала электиги кризистен четте калууга шарт түзөрүн белгиледи. Буга кошумча банктардагы аманат акчалардын сакталышы, кайтарылышы үчүн дурус дегидей мыйзамдык негиз түзүлгөн. Анын айтуусунда, “20 миң сомго чейин банкка салган аманаттардын сакталышына өкмөт кепилдик берет”. Мындай көлөмдөгү акча кыргызстандыктардын банкка салган аманаттарынын 80% ашуунун түзөт.
XS
SM
MD
LG