Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Футболдон үмүт жандырган кыздар


Кыргыз кыздары дагы уяңдыкты таштап, ден соолугу жана улут ар-намысы үчүн футбол ойноого мезгил жетти.
Кыргыз кыздары дагы уяңдыкты таштап, ден соолугу жана улут ар-намысы үчүн футбол ойноого мезгил жетти.

Бишкектеги «Көк-Жар» кичирайонунун аймагындагы Улуттук футбол борборунда жаңы ачылган футбол стадионунда кыздар арасында «Үмүт» эл аралык мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Кыргызстанда кыздар футболуна дагы азын-оолак көңүл бурулуп, бул оюнга кызыккан кыздардын катары арбып баратат. Кыргызстандын футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Кадыр Чыныбековдун айтымында 15-16 жаштагы кыздар командалары арасында “Үмүт” эл аралык мелдеши быйыл төртүнчү ирет өткөрүлдү.

-Быйылкы мөрөй талашууга Казакстан менен Тажикстандан кыздар командалары келишти. Мурдакы жылдары бул мелдешти Кара-Балта шаарында өткөрүп жүрчүбүз. Өзбекстандан дагы футболчу кыздар келип, мелдешке катышып турчу. Быйыл алар келбей калышты. Бирок Тажикстандын кыздар командасы келди. Эмдиги жылы Борбор Азиядагы 5 өлкөнүн командалары ортосунда “Үмүт” эл аралык мелдешин өткөрөбүз. Кыздар футболунун келечеги бар.

“Үмүт” эл аралык мелдешинин финалында Бишкектеги олимпиадалык резервдеги балдар футбол мектебинин кыздар командасы казакстандык атаандаштарын 6:2 эсебинде утуп, баш байгенин ээси болушту.

Экинчи орун казакстандык кыздар командасына ыйгарылды. Байгелүү үчүнчү орунду Тажикстандан келген футболчу кыздар камсыз кылышты.

Өлкөнүн кыздар футболу боюнча башкы машыктыруучусу Гүлбара Мамбеталиеванын пикиринде кыргыз кыздары футболго эми гана кызыга баштады. Бирок Казакстанда кыздар футболуна өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн биринчи жана жогорку Лигада ойноо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Тажикстандан келген кыздар дагы дурус оюн көрсөтүштү.

Өлкөнүн кыздар футбол командасынын мүчөсү Гүлнара Ажымамат кызы 9-класстын окуучусу болгону менен келечегинен үмүт жандырган спортчунун бири дешет адистер. Гүлнара өзү дагы футболго абдан кызыгаарын, Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештерде коргоого ниет кылаарын жана футбол ойноо ден соолугу үчүн пайдалуу экенин айтып берди.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, дүйнө жүзүндө кыздар футболуна көңүл бурулуп, Бээжинде өткөн олимпиадалык оюндарда кыз-келиндер футболдук мелдештерине күйөрмандар арбын келишкени буга далил. Кыргыз кыздары дагы уяңдыкты таштап, ден соолугу жана улут ар-намысы үчүн топ тээп, эл аралык аренада футбол ойноого мезгил жетти. Кыздар үчүн футбол ойноону үйрөтүп, машыктыра турган устаттар да бар.

Кыргызстанда ар жыл сайын кыз-келиндер арасында футбол боюнча 5-6 команданын арасында өлкө биринчилиги өткөрүлүп жүргөндүгү менен аларга көңүл бурулбайт.Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абат облустарында бирден кыздар командалары болгону менен башка аймактарда кыздар футболу жокко эсе.

Бишкектеги “Азалия” кыздар командасы ар жыл сайын өлкө чемпиондугун утуп алышканы менен Борбор Азияда мөрөй алыша элек. Футбол ойноого шыктуу кыргыз кыздары тартынчаактык кылышып, таланты ачылбай жүрөт.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG