Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Жылдын мыкты футболчулары аныкталды


Футбол адистеринин жана спорт журналистеринин иликтөө-пикирлери боюнча жылдын мыкты футболчулары аныкталды. Футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин ордуна Айбек Алыбаев жетекчи болду.

Өлкөнүн футбол федерациясынын ардактуу президенти Амангелди Муралиевдин айтымында, жылдан жылга Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап, быйыл да Нарындын “Дордой-Динамо” командасы бешинчи ирет чемпиондугун жеңип алды.

2008-жылдын жыйынтыгына жараша футбол адистеринин аныктоосу боюнча жылдын мыкты футболчусу деген наамга Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын капитаны Руслан Сыдыков үчүнчү ирет арзыды. Ал “Дордойдун” курамында жана улуттук тандалма командасынын катарында жети жылдан бери ойноп келүүдө.

Ошондой эле Руслан Сыдыков быйыл дагы былтыркыдай эле “жылдын мыкты коргоочусу” деген сыйлыкка татыктуу болду. Ал эми быйылкы жылдын мыкты жарым коргоочусу деп дагы “Дордойдун” оюнчусу Вадим Харченко аталып, ага адистер арбын упай ыйгарды.

Кант шаарынын “Абдыш-Ата” командасынын мүчөсү Хуршид Лутфуллаевдин быйыл жылдызы жанып, эң көп топ киргизген футболчу деген сыйлыкка арзыды. Себеби ал быйыл Жогорку лигада 13 топ киргизген.

Футбол боюнча Кыргызстандын 17-чемпионатынын эң мыкты чабуулчусу деп дагы “Дордой-Динамо” командасынын мүчөсү Мирлан Мурзаев аталды. 2008-жылдын “мыкты машыктыруучусу” деп Канттын “Абдыш-Ата” командасынын устаты Нематжан Закиров табылды.

Жылдын мыкты футболчусу аталган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын капитаны Руслан Сыдыковдун пикиринде, январда Москвада өтүүчү Шериктештер чемпиондору Кубогунда өз тобунан алдыга чыгуу максатты турат.

- Январда Москвага Шериктештер Кубогуна барабыз. Быйыл татыктуу оюн көрсөтүп келсек деген тилек бар. Кыргыз футболуна өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөсө дүйнөгө эмес, Азияда алдыңкы орунга жетүү кыйын.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин айтымында, быйылкы чемпионат өзүн актабай, оюндардын деңгээли өтө начар болду.

- Быйылкы чемпионаттын деңгээли төмөн болуп калды. Жыл башындагы ойлогон иш-аракеттер аткарылган жок. Түндүк тараптагы командалардан “Дордой-Динамо” менен “Абдыш-Ата” командаларынан бөлөк аларга атаандаштар жокко эсе. Футбол жылдан жылга өрүш албай эле, төмөндөп баратат. Абдан өзгөчөлөнгөн мыкты оюнчулардын деле айта албайм.

Ошондой болсо дагы Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап баратканын, Азия оюндарына алгачкы ирет катышканын, Москвада январда өтүүчү Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна даярдык көрүп жатышканын “Дордой” футбол командасынын экинчи машыктыруучусу Замир Жумагулов белгиледи.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада быйыл 10 команда ойноду. Нарындын «Дордой» командасы 5 жыл катары менен өлкөнүн чемпиондугун колдон чыгарган жок. Быйыл Кыргызстандын 17-футбол чемпионатынын беттешүүлөрүндө Канттын “Абдыш-Ата” командасы күмүш байгенин ээси болушту.

Өлкөнүн футбол күйөрмандары үчүн дагы бир олуттуу жаңылык болду.

Кечээ 17- декабрда Кыргызстандын футбол федерациясынын отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болуп, анда аталган федерациянын президенттигине Айбек Алыбаев шайланды. Бишкек шаардык футбол федерациясынын жетектеген Айбек Алыбаев президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы болуп, президенттик администрацияда иштеп келген. Үстүбүздөгү жылы 25-ноябрда сот департаментинин директору болуп дайындалган.

Футбол федерациясын буга чейин 18 жыл бою экс-премьер-министр Амангелди Муралиев жетектеп келген эле. Көп жылдан бери бул уюмдун башкы катчысы болуп келген Кылычбек Бердибековдун ордуна Футзал ассоциациясынын жетекчилеринин бири Нуртазин Жетибаев башкы катчы болуп дайындалды.

Футбол федерациясынын вице-президенттери болуп Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Салымбеков, Советбек Сакебаев, генерал Өмүрбек Кутуев шайланды. Ал эми Амангелди Муралиев болсо федерациянын ардактуу президенти болуп калды.


  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG