Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Футбол: Ооганстан, Палестина, Непал Кыргызстанга атаандаш


Азиянын Чакырык Кубогунда быйыл атаандаш боло турган өлкөлөргө чүчүкулак кармалды. Мында Ооганстан, Палестина, Непал өлкөлөрү Кыргызстандын тандалма командасына атаандаш болду.

Учурда Европа футболу менен Азиядагы футболдун деңгээлин салыштырууга болбойт. Ошондуктан Азиядагы өнүгүп келаткан өлкөлөргө футбол оюнун жайылтуу максатында жана мыктыларын иргеп алуу үчүн 5 жылдан бери Чакырык Кубогу өткөрүлуп жүрөт.

Жакында эле Азия футбол конфедерациясынын штаб-квартирасы жайгашкан Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында Чакырык Кубогунда быйыл атаандаш боло турган өлкөлөргө чүчүкулак кармалды.

Былтыр Бишкекте ушул Чакырык Кубогунун таймашында Кыргызстандын тандалма командасы Ооганстандан утулуп, жеңилүү ызасын тарткан. Быйыл да чүчүкулак кармоодо дагы Ооганстанга туш болду. Берки атаандаштар Палестина менен Непал өлкөлөрү болуп, Кыргызстан «С» тобунда алар менен беттешет. Мөөрөй талашуулар 2-апрелден 16-апрелге Непал өлкөсүндө өткөрүлөт.

Өлкөнүн футбол федерациясынын кызматкери, эл аралык калыс Нурдин Букуевдин пикиринде, Кыргызстандын тандалма командасынын курамы кайрадан такталып, машыгууларды баштаганы турат. Мурда Ооганистанга эки ирет утулгандыктан быйыл бардык атаандаштарын жеңип, өз тобунда биринчи орунга чыгуу максаты турат.

Бишкектик футбол күйөрманы Сапалкан Ариповдун баамында, Ооганистан, Палестина, Непал өлкөлөрүндө Кыргызстандагыдай футболдук мектептер жок. Ошондуктан атаандаштарын утуп, финалдык топко кошулбаса Кыргызстандагы футболду толук реформалоо зарыл.

Ал эми футбол жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн Чакырык кубогунун таймашууларында «А» тобунда Мьянма, Камбоджа, Бангладеш, Макао же Монголия, «В» тобунда – Түркмөнстан, Филиппиндер, Бутан жана Мальдив жана «Д» тобунда Шри-Ланка, Пакистан, Тайвань, Бруней өлкөлөрүнүн футболчулары күч сынашат.

Мөөрөй талашуулар апрелде башталып, экиден команда мыктылар катары иргелип, финалдык топто атаандашат. Баш байге үчүн беттешүүлөр 2010-жылы өтүп, жеңген өлкө 2011-жылы Катарда өтүүчү Азия Кубогуна катышууга жолдомо алат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG