Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:58

Азия футбол конфедерациясы эки кыргызстандыкты сыйлады


Кыргыстандын футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков Пекин олимпиадасында

Кыргыстандын футбол федерациясынын вице-президенти Аскар Салымбеков Пекин олимпиадасында

Куала-Лумпур шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын Конгрессинде өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенттери Өмүрбек Кутуев менен Аскар Салымбеков күмүш жана коло медаль менен сыйланды.

Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын Конгрессине өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев менен ушул уюмдун башкы катчысы Нуртазин Жетибаев катышып келишти.

Кыргыз футбол күйөрмандарын сүйүнткөн саамалык катары Азия аймагындагы футболдун өсүп-өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти Өмүрбек Кутуев күмүш медаль менен сыйланды.

Ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын коло медалына “Дордой” Футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков да татыктуу болду.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында Азия футбол конфедерациясынын мындай сыйлыктарына Борбор Азиядан кыргызстандык футбол демөөрчүлөрү алгачкылардан болуп ээ болушту.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде кеңеш доорунан кийинки эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында өлкөдө футболдун сакталып, өнүгүшүнө ички иштер министри болуп турганда Өмүрбек Кутуев зор салым кошкон.

-Кыйынчылык учурда Кыргызстанда футболдук командаларды түзүп, сактап калган Өмүрбек Кутуев болгон. Ал ички иштер министри кезинде футбол клубдарын “Динамо” коомуна өткөрүп, Жогору жана биричи Лигада ойногон жыйырмадан ашуун команданы уюштурган. Жеке эле футболду гана колдоого албастан волейбол, баскетбол, күрөш спортунун өнүгүшүнө барандуу салым кошкон. Ал эми футболдон Кыргызстандын Азия аймагына таанылы, Азия конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет жеңген «Дордой-Динамо» командасын негиздеген, спортко демөөрчү болгон Аскар Салымбеков сыйлыкка татыктуу инсан.

Азия футбол конфедерациясынын күмүш медалы менен сыйланган өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти, генерал Өмүрбек Кутуев ички иштер министри болуп турганда 21 футбол команда түзгөнүн эскерип, футболду, спорту өнүктүрүү үчүн балдарга жана айылдык жаштарга камкордук көрүү керектигин «Азаттыкка» билдирди.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын коло медалына татыктуу болгон «Дордой» футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун пикиринде Кыргызстанда саясатка басым жасалса коңшу өлкөлөрдө футболго, спортко мамлекеттик деңгээлде колдоо болуп, алар алдыга озуп баратат.

-Футболду дүйнө жүзүндө номур биринчи спорт катары таанып, билишет. Чынында футболду жер-жерлерде, айылдарда, райондордо, облустарда колдоого алуу керек. Жогорку жана биринчи Лигада ар бир облустун командалары ойношу зарыл. Эмне үчүн Ысык-Көлдөн, Таластан команда чыкпайт. Баткенде Кызыл-Кыя шаарында футбол клубу бар эле. Эмне үчүн Кара-Балта, Токмок шаарларынан команда чыкпайт. Коңушу мамлекеттерде аким, губернаторлор футболду колдоого алгандыктан алардын деңгээли жогорулап, ийгиликтерге жетишип жүрөт. Аларда бийлик спорттун өсүп-өнүгүшүнө жооп берет.Ошондуктан Өзбекстан, Казакстан спорт жагынан бизден алдыга озуп баратат. Ал эми биздин өлкөнүн облус, райондорундагы жетекчилер футболго, спортко көңүл бурбай, саясатташып кетип, келечекти ойлобой жатышат, -дейт Аскар Салымбеков.

Учурда Жогорку Лигада 9 гана команда мөрөй талашып, айрым облустарда футболго жеткиликтүү көңүл бурулбай, айылдык таланттардын багы ачылбай келүүдө.

Айрым жеке ишкерлер спортко демөөрчү болуп, эл намысын ойлобой, керт башынын жыргалчылыгы үчүн кам көрүп жүрөт деген пикирлер да айтылууда.

Ким спортко колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк жардам берип келатканын эл аралык уюмдар деле байкап, алардын аракеттерин ушунтип баалап турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG