Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Футзалдан Кыргызстан Азия чемпиону болобу?


22-июлда Куала-Лумпурда футзалдан 2010-жылкы Азия чемпионатынын атаандаштары аныкталат. Кыргызстан «Борбор Азия жана Түштүк» тобундагы командалар менен мөрөй талашуусу мүмкүн.

Футзал боюнча Азиядагы өлкөлөрдүн командалары 4 топко бөлүнүп, мыктылары тандалып, баш байгеге талапкер болушат.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында чучукулак кармоодо Кыргызстандын атаандаштары Иран, Тажикстан, Ооганистан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн командаларынын беттешүүлөрү аныкталат.

Кыргызстандын футзал командасынын атаандаштарынын мыктыларын иргеп алуу оюндары октябрь айында Куала-Лумпур шаарында болмокчу.

Ал эми “Океан” тобунда Австралия, Индонезия, Вьетнам, Бруней, Камбоджа, Мьянма жана Филиппиндер өлкөлөрү атаандаш болушат.

Футзалдын Азия чемпиону үчүн күч сынашууларда “Батыш” тобуна Ливан, Ирак, Кувейт, Катар, Йордания, Сауд Арабиясы жана Бахрейн өлкөлөрүнүн футболчулары өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

“Чыгыш” тобуна Азиядагы күчтүү командалар Жапон, Кытай, Түштүк Корея, Тайпей, Макао, Гонконг жана Гуамдын футболчулары кирип, таймашуу курч мүнөздө өтүшү ыктымал.

Футзалдан Азияда иргелген 16 мыкты командалардын финалдык оюндары 2010-жылдын май айында Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болмокчу. Азия чемпионатынын кожоюну катары Өзбекстандын футзал командасы иргеп алуу мелдештерине катышпай финалдык беттешүүлөрдө ойноого укук алышкан.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн дене тарбиясына эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде кыргызстандык футзал чеберлери Азия чемпионатында коло байгеге жана бир нече ирет жарым финалга чейин жеткени менен Азия чемпиону болушу али эрте:

-Финалдык топко кошулууга бир аз гана күч-кубат жетпей калып жүрөт. Экономикалык кыйынчылыктар биздин командага да терс таасирин тийгизүүдө. Ошого карабай Кыргызстандын намысын коргоого аракет кылып, жигиттер алдыңкы топто ойноп жүрүшөт. Өлкөдө футзалды өнүктүрүп, ийгиликтерди жаратууга мүмкүн экендигин Азия чемпионатындагы таймаштар айгинелеп койду. Ошондуктан бул ирет финалдык топко кошулушу мүмкүн. Бирок Азия чемпиондугун Иран, Жапон, Корея өлкөлөрүнөн озуп утуп алууга али эртелик кылат.

Азиядагы футзал боюнча өткөн 10 чемпионатта Иран өлкөсү мыкты аталып, 9 жылдан бери алдына эч кимди чыгара элек. Жапон футболчулары 2006-жылы бир ирет гана Азия чемпиону болушкан.

Ал эми быйылкы Азия чемпиону Иран жана күмүш, коло байге ээлери Жапон менен Тайланд өлкөлөрүнүн командасы тандап алуу оюндарына катышпай эле түз финалдык беттешүүлөргө укук алышты.

Футбол адистеринин баамында жылдан жылга Азиядагы бардык командалардын спорттук деңгээли өсүп, чеберчилиги жогорулап баратат. Азиядагы спорт державалары: Жапон, Тайланд, Сингапур, Малайзия,Түштүк Кореяда бразилиялык машыктыруучулар келишим менен иштеп жатат.

Футбол адистери Азиядагы биринчи 5 мыкты команданын катарына Кыргызстанды да кошуп, келечегинен үмүттөндүргөн команда катары баалап жүрүшөт. Себеби Кыргызстандын футболчулары төрт жолу жарым финалга чейин жетип, Азия чемпионатынын коло байгесин утуп, эки ирет төртүнчү орунду ээлеген.

Кыргызстанда азырынча футзал боюнча элүүдөн ашуун команда бар. Алардын чеберчилиги да жыл өткөн сайын жогорулап баратат. Ал эми дүйнө жүзүндө футболдун бул түрүн келечекте олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө азыртан аракеттер көрүлүүдө.

Ошондой эле Кыргызстандын футбол боюнча тандалма командасы 25-июлда Кытайдын командасы менен жолдоштук мелдеш өткөрөт. Алдыдагы беттешүү эл аралык таймашуунун жетинчи жолкусу болот. Ушул максатта кыргызстандыктар Бээжиндин машыгуу базасына 23-июлда жөнөп кетишет. Ал жакка Кытайдын он бир клубунан 27 көрүнүктүү футболчулар чакырылган. Алар Кыргызстандын тандалма командасынын оюнчуларынын атаандаштары болмокчу.

Мурда өткөрүлгөн алты беттешүүдөн Кыргызстандын футболчулары бир жолу тең чыгышып, калган оюндарда уттуруп коюшкан.

Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында Кытайдагы жолдоштук беттешүүдөн кийин Кыргызстандын футбол командасы Индияга барып, Неру Кубогу үчүн таймашууларга катышат.

18-августтан 30-августка чейин футбол боюнча Неру Кубогунда Индия, Ливан, Сирия, Тайланд, Шри-Ланка жана Кыргызстандын футболчулары мөрөй талашат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG