Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Спорт: ”Алайга" 30 миң, устатына 10 миң сом айып


2007-жылы "Дордой-Динамо" командасы Азия футбол конфедерациясынын чемпиону болгон.

2007-жылы "Дордой-Динамо" командасы Азия футбол конфедерациясынын чемпиону болгон.

Футбол боюнча чемпионатта жаңжал чыгарган Оштун ”Алай” командасына 30 миң, машыктыруучусуна 10 миң сом айып салынды.

29-октябрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Ош шаарынын “Алай” командалары беттешти.

«Дордой» спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касеновдун айтымында, алгач эрежесин бузгандыгы үчүн «Дордойдун» капитаны Руслан Сыдыковго калыс сары кагазын көрсөтүп, эскертүү берген.

- Андан кийин деле «Дордойдун» чабуулчусу Мирлан Мурзаевди «Алайдын» дарбазачысы айып аянтынын четинде бутка тээп жыккан.

Оюндун 20-мүнөтүндө эле эрежени одоно бузган "Алайдын" дарбазасы Едгор Маматбаевге башкы калыс кызыл кагаз көрсөтүп, футбол тааласынан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Тилекке каршы Оштун «Алай» командасынын башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавлянов оюнчуларын футбол тааласынан алып кетип, Кыргызстандын чемпионатынын кезектеги беттешүүсү жаңжалдан улам үзгүлтүккө учурады.

“Алайдын" башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавлянов калыстардын мындай чечимине макул эмес:

- Оюндун эрежеси бузулганын моюнга алам. Айып аянтында биздин дарбазачы чабуул коюп келаткан Мирлин Мурзаевден топко мурда жетип, кармоого аракет кылган. Топту бут менен тээп жиберүүгө умтулган Едгор Маматбаевге чалынып, Мирлан томолонуп гана жыгылган. Мындай учурда оюндун эрежесин бузгандыгы үчүн калыс сары кагаз гана көрсөтүшүкерек болчу. Кызыл кагазды көрсөтүп, оюндан дарбазачыны кууп чыкканына макул эмеспиз. Мындан башка бизде дарбазачы да жок болчу. “Дордойдун” гана таламын талашып, алардын эреже бузгандыгына көз жумуп, калыстык болбой жатат.

Өлкөнүн футбол федерациясынын башкы катчысы Нуртазин Жетибаевдин пикиринде ,Жогорку Лигада ойногон командалардын деңгээли төмөн. Мындай жаңжал үчүн Оштун “Алай” командасына федерациянын тартип комиссиясы 30 миң сом айып салып, башкы машыктыруучуга да чара көрүүсү зарыл.

Мындай пикирге футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов да кошулуп, чемпионат өткөрүүнүн тартиби, жоболору сакталбай, эрежелер бузулуп келгендигин “Азаттыкка” билдирди.

Өлкөнүн футбол федерациясынын тартип комиссиясынын бул окуя боюнча чечимин федерациянын бөлүм башчысы Нурдин Букуев мындай болгонун “Азаттыкка” маалымдады.

- Ошентип, футбол федерациясынын тартип комиссиясынын чечимине ылайык жаңжал болгон беттешүү Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын пайдасына 3:0 эсебинде чечилип, Оштун “Алай” командасына 30 миң сом айып салынды.

Тартип комиссиясынын чечими менен “Алай” командасынын башкы машыктыруучусу Абдумалик Мавляновдун өзүм билемдиги, тартипсиздиги үчүн ал 5 оюндан четтетилип, ага да 10 миң сом айып тагылды.

Бирок Оштун ”Алай” командасы Жогорку лигадагы кезектеги беттешүүлөрүн улантууга мүмкүнчүлүк алышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG