Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Кыргызстандын чемпиону 9-ноябрда аныкталат


K
K

9-ноябрда Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпионатынын жеңүүчүсүн аныктоочу чечүүчү беттешүү өткөрүлөт

Кыргызстандын быйылкы чемпионатында Жогорку Лигада биринчи айлампада 9 команда күч сынашып, алдыңкы орундагы төрт команда экинчи айлампада ойноого укук алган.

Футбол федерациясынын мындай чечимине өлкөнүн беш жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу, орусиялык Сергей Дворянков макул эмес.

- Биздин «Дордой-Динамо» командабыз биринчи айлампада негизги атаандашы «Абдыш-Ата» командасынан 8 упай алдыда келаткан. Анан футбол федерациясынын чечими менен экинчи айлампада биздин упайлар сакталбай 4 команда нөлдөн баштаганы калыстык эмес. Мындай жагдай менен чемпионду аныктоо эч бир өлкөнүн футбол тарыхында болгон эмес. Футболчулардын биринчи айлампадагы оюндардагы аракети, упайлары эсепке алынбай калганы абдан өкүнүчтүү. Мындай жагдайды Канттын «Абдыш-Ата» командасына футбол федерациясынын тымызын жан тартуусу катары бааласак болот. Себеби кайсыл команда болбосун бир оюнду утуп алууга бардык күч-аракетин жумшайт. Мындан көрө федерация тартип маселесине, оюндардын жарнамаасына, менежерлик иш аракеттерге көңүл бурса болмок. Айрыкча түштүк аймактардагы беттешүүлөр учур талабына жооп бербейт.

Мындай пикирге «Дордой» командасынын негизги атаандашы Канттын «Абдыш-Ата» командасынын башкы машыктыруучусу, голландиялык устат Жейлан Арикан дагы кошулуп, Кыргызстандагы футбол чемпионатындагы эрежелердин бузулушуна нааразычылыгын билдирди.

- «Абдыш-Ата» командасына чейин мекеним Голландия жана Бириккен Араб эмираттары өлкөлөрүндөгү футбол клубдарында иштеп келгем. Мисалга Европадагы Шотландияны эле алсак, алардын чемпионаты төрт айлампа менен өтүп, мыктылары тандалып, чемпиондук үчүн күч сынашат. Бирок мурдакы упайлары сакталып, эсепке алынат. Ал эми Кыргызстандын чемпионатынын экиничи айлампасында мурдакы упайларыбыз сакталбай калгандыгына мен дагы абдан таңгалып турам. Аргасыздан мындай чечимге макул болот экенсиң. Эми финалдык беттешүүнү «Дордой» менен өткөргөнү жатабыз. Бул команда бекеринен өлкөнүн беш жолку чемпиону болгон эмес. Күчтүү атаандаш деп эсептейм. Бул ирет аларды биз утуп алууга аракет кылабыз. Мындай беттешүүлөрдө гана чеберчилик жогорулап, футболчулардын таланты көрүнөт.

Учурда өлкөнүн Жогорку Лигасынын экинчи этабында Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын «Дордой-Динамо» командасы алдыда баратат. Алар финалдык экинчи этапта 11 упай топтоого жетишти.

Экинчи орунда келаткан Канттын «Абдыш-Ата» командасы 8 упайга ээ.

Ушул «Абдыш-Ата» менен «Дордойдун» футболчулары чемпионаттын ирети боюнча 7-ноябрда беттешмек. Бул беттешүүдө дагы кыргызстандык калыстардан калпыстык кетип калуусун, дагы чыр-чатактын чыгып кетүүсү кооптондургандыктан оюнду 9-ноябрга жылдырып, чет өлкөлөрдөн атайын калыстар чакырылып жатат.

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын чемпионаттарды өткөрүү бөлүмүнүн башчысы Дастан Конокбаев «Абдыш-Ата» жана «Дордой» командаларынын ортосундагы чечүүчү беттешүүгө Орусия жана Казакстандан калыстары чакырылып жаткандыгын «Азаттыкка» маалымдады.

Эгерде Нарындын «Дордой» командасы менен Каттын "Абдыш-Атасы" бул беттешүүдө тең чыкса, анда “дордойчулар” алтынчы ирет чемпиондугун сактап калат.

Чечүүчү оюнда «Абдыш-Ата» командасы «Дордойду» утуп алса, анда экөөнүн упайлары тең болуп, чемпиондукту чечүү үчүн кайрадан беттешүү өткөрүлөт.

Кыргызстандын футбол чемпионатынын экинчи финалдык этабындагы эки оюнду үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн Оштун «Алай» командасына федерациянын тартип комиссиясы 80 миң сом айып салды.
XS
SM
MD
LG