Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Быйыл жайында Түштүк Африкада футболдон дүйнө чемпионаты болот


Испания - АКШ беттешүүсү, Түштү Африка, Блумфонтейн, 24-июнь 2009

Испания - АКШ беттешүүсү, Түштү Африка, Блумфонтейн, 24-июнь 2009

Түштүк Африка өлкөсүндө быйыл тандалган 32 өлкөнүн футболчуларынын таймашуулары 11-июнда башталып, 11-июлда жеңүүчү аныкталат.

Футбол - дүйнө жүзүн кучагына алган кызыктуу оюндардын бири. Бул оюнду кары-жашына, аял-эркегине карабай жан-дили менен сүйгөн адамдардын катары жылдан-жылга өсүп барат. Ал эми төрт жылда бир дүйнө чемпионаты өткөрүлүп келет.

Өткөн жылдын аягында 2010-жылы Түштүк Африка республикасында өтө турган футболдон дүйнө чемпионатында мөрөй талашуучу 32 өлкө аныкталган.

4-декабрда Кейптаун шаарында чучукулак кармалып, 8 топко бөлүнгөн атаандаштар кимдер менен ойноору такталган. Футбол күйөрмандарынын эсине дагы бир ирет салып, топко бөлүгөн командаларды айта кетели.

Дүйнө чемпионатынын кожоюну Түштүк Африка республикасы “А” тобунда Мексика, Уругвай жана Франция өлкөлөрүнүн командалары менен мөрөй талашат.

“В” тобундагы атаандаштар Аргентина, Нигерия, Түштүк Корея жана Грекия өлкөлөрү болду.

Англия, АКШ, Алжир жана Словения “С” тобунда күч сынашат.

Чучукулак кармоодо дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия болсо Австралия, Сербия жана Гана мамлекеттеринин футболчулары менен “D” тобуна кошулган.

Ал эми “E” тобундагы атаандаштар Голландия, Дания, Жапония жана Камерундун командалары болушту.

Футболдон дүйнөлүк атак-даңкка 4 ирет жеткен Италия -Парагвай, Жаңы Зеландия жана Словакия өлкөлөрүнө кошулуп “F” тобунда атаандашып, беттешет.

Футбол боюнча дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилия, Түндүк Корея, Кот-д'Ивуар жана Португалия өлкөлөрү менен “G” тобунда күч сынашмакчы.

“Н” тобундагы атаандаштар Испания, Швейцария, Гондурас жана Чили өлкөлөрүнүн футболчулары болуп саналат.
Ушул сегиз топто биринчи жана экинчи орундарды ээлеген командалар чейрек финалдык беттешүүгө укук алышат.

Кыргызстандык футбол күйөрмандары Түштүк Африка өлкөсүндө кызыктуу таймашуулар болоорун боолголоп жатышат.

Кыргыз футбол федерациясын 16 жыл жетектеген экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде Эл аралык футбол федерациясы Африка континентинде футболдун өнүгүшүн эске алып, дүйнө чемпионатын өткөрүүгө шарт түзүүдө.

-Акыркы жылдары Африка континентинде футбол өнүгүп, Алжир, Кот-д’Ивуар, Нигерия, Камерун, Гана жана дүйнө чемпионатын уюштуруучу катары Түштүк Африка Республикасы жолдомонун ээлери болушту.

Амангелди Муралиев болсо өзү Бразилия менен Германия өлкөлөрүн сүрөөнгө алаарын кошумчалады.

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар тандалма командасынын устаты Токтогон Элтинов быйылкы дүйнөлүк таймашууда Бразилия, Испания, Англия жана Голландия баш байгеге талапкер болушаарын божомолдоду.

Ал эми спорт адиси Касымкул Оболбековдун пикиринде футбол чемпионаты кайсыл континентте өтсө, ошол аймактагы командалар алдыңкы орундарга ээ болушу ыктымал.

-Африка континентиндеги мыктылары ирелип олтуруп, Алжир, Гана, Камерун, Нигерия, Түштүк Африка жана Кот д,Ивуар өлкөлөрүнүн футболдук командаларын дүйнөлүк таймашууга жолу ачылды.

Спорттук баяндамачы Сурат Жылкычиевдин пикиринде Түштүк Африка Республикасында быйыл өтө турган дүйнө чемпионатында Голландия, Германия, Франция, Аргентина, Бразилия жана Африка өлкөлөрүн алдыңкы топко чыгышы ыктымал.

-"Карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Аргентина, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрү дагы баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат. Испания менен Голландиянын дагы даярдыгы мыкты. Кырк жылдан ашуун тыныгуудан кийин Түндүк Корея да жолдомо алды. Алжир, Гана, Камерун, Нигерия жана талаа ээлери да жакшы оюн көрсөтүп, күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратуусу ыктымал.

1904-жылдын 21-майында Франциянын борбору Парижде Голландия, Бельгия, Швеция, Швейцария жана Испаниянын футбол адистери чогулушуп, эл аралык футбол федерациясын (ФИФА) негиздеген.

Ал кездерде футбол оюну олимпиада оюндарынын алкагында гана ойнотулуп келген.

1921-жылы футбол федерациясынын жетекчилигине (ФИФА) француздук адис Жюль Риме бекитилип, ошондон баштап футбол дүйнөсүндө чоң өзгөрүүлөр башталат.

1928-жылдын 29-майы күнү Амстердамда ФИФАнын кезектеги жыйыны өтүп, атайын түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен таанышкан жыйын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү футбол боюнча дүйнөлүк кубоктун түзүлүшүн колдоого алышат. Ошол күндөн тартып, футбол дүйнөсүнүн жаңы доору башталат.

Ошентип, 1930-жылы тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк таймаш өткөрүүгө Италия, Испания, Швеция, Голландия жана Уругвай өлкөлөрү белсенишет. Акыры ФИФАнын чечими менен биринчи дүйнөлүк чемпионатты Уругвай өлкөсү уюштурууга мүмкүнчүлүк алат.

Анткени, бул Латын Америка өлкөсү 1924-28- жылдары футбол боюнча олимпиадалык оюндарды эки жолу катары менен жеңип, жеңилгис командалардын бири болгон.

Ошондон уламбы, биринчи дүйнөлүк мелдеш 1930-жылы Уругвайда өтүп, финалдык таймашка талаанын кожоюндары Аргентина менен мөрөй талашка чыгат. Жыйынтыгында, Уругвай Аргентинаны 4:2 эсебинде утуп, дүйнөнүн футбол боюнча эң алгачкы чемпиону аталат.

1938-жылкы чемпионат Францияда өтүп, Италиянын утушу менен аяктаган. Ушул жылдары Европада саясий кырдаал курчуп, фашисттик Германиянын континентте жүргүзгөн согуш саясаты футбол дүйнөсүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизип, спорт күйөрмандары 12 жыл бою футбол боюнча дүйнө чемпионатына күбө боло алышпады.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин ФИФА чемпионатты кайра жандантып, 1950-жылы дүйнө мелдеши Бразилияда өткөн. Чечүүчү беттеште Бразилия Уругвай менен ойноп ага 1:2 эсебинде уттуруп, Уругвай дүйнөнүн мыктысынын мыктысы экенин дагы бир жолу далилдеген.

1966-жылы Англиядагы чемпионатта Тумандуу албиондуктар финалда Германия менен беттешип, 4:2 эсебинде атаандашын жер караткан.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында ар бир өткөн дүйнө биринчилигинде күтүлбөгөн нерселер байма-бай болуп турат.

-Айтсак, 1990-жылы Италияда болуп өткөн мелдештерде дүйнөнү дүңгүрөткөн командалардын тынчын Африка өлкөлөрү алып, чоң маселени жаратышкан. Африканын Камерун командасы Румыния, Колумбия жана эки жолку дүйнө чемпиону Уругвайды утуп, финалдык бөлүктөргө чейин озуп барган. Бирок, жарым финалдык беттешке бир кадам калганда Англия курама командасы камерундуктардын жеңиштик жүрүшүн токтотушкан. Ошентип, Камерун Африка өлкөлөрүнөн тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн футбол боюнча эң мыкты 8 өлкөсүнүн катарынан орун алган. Ал эми андагы финалда Германия Аргентинаны 1:0 эсебинде утуп, экинчи ирет чемпион аталды. Ал эми бул ирет дагы эле Бразилия, Аргентина, Германия, Испания, Англия болушу күтүлөт. Африка менен Азиядан баш байгеге талапкер боло албайт. себеби алардын чемпионаттарынын деңгээли төмөн, чеберчилиги начар.

2002-жылдагы Түштүк Корея менен Жапонияда өткөн чемпионат - футбол тарыхындагы эң кызыктуу чемпионаттын бирине айланды. Анткени, мындай даражадагы турнир Азия континентинде биринчи жолу өтүп, сенсацияга мол болду.

Бразилия болсо дүйнө чемпиондугун бешинчи ирет багындырып, учурда көч башында жүрөт.

Ошентип, быйыл футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат биринчи ирет Африка континентинде болот.

Дүйнө чемпиондугу үчүн беттешүүлөр 2010-жылдын 11-июнунда башталып, 11-июлда жеңүүчү аныкталат.

Биринчи беттешүү 11-июнда кечинде Йоханнесбург шаарында Соккер Сити стадионунда Мексика менен оюн ээси Түштүк Африка республикасынын ортосунда болмокчу.


Дүйнөлүк атак-даңкка бир нече ирет жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону - (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
Италия –дүйнөнүн 4 жолку чемпиону - (1934, 1938, 1982, 2006)
Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону - ( 1954, 1974, 1990)
Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)
Уругвай- дүйнөнүн 2 жолку чемпиону - (1930, 1950).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG