Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Аргентина алдыга чыкты


Түштүк Африка республикасында өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында 32 өлкөнүн футболдук командалары мөрөй талашууда.

Бул дүйнө чемпионатынын алкагында 17-июнда Аргентина менен Түштүк Кореянын, Грекия менен Нигериянын жана Франция менен Мексика өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү жыйынтыкталды.

“А” тобундагы Франция менен Мексиканын беттешүүсүндө мелдеш башталганда эле франциялыктар демилгени колго алууга аракет кылышты. Бирок алардын борбордук коргонуу чеби начар болуп, жаңылыштыктарды кетиргенин футбол адистери сынга алды.

Бул беттешүүдө мексикалык чабуулчу Хавьер Эрнандес чеберчилигин көрсөтүп, командасын жеңишке жеткирди. Беттешүү 2:0 эсебинде мексикалыктардын жеңиши менен аяктады.

“В” тобундагы командалардан Европа чемпиону Грекия менен олимпиада чемпиону Нигерия күч сынашты. Биринчи топту нигериялык чабуулчу Калу Уче 16- мүнөттө киргизип, эсепти ачты.

Биринчи тайм аяктап жаткан учурда грекиялык чабуулчу Димитриос Салпингидис эсепти теңдеп, биринчи бөлүк 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Экинчи таймда же беттешүүнүн 71-мүнөтүндө грекиялык чабуулчу Вассилис Торосидис командасын алдыга сүрөп, дагы бир топту атаандаштарынын дарбазасына киргизди. Бул эки команда тең биринчи беттешүүлөрүндө жеңилүү ызасын тартышкан.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан “В” тобундагы негизги атаандаштар дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина менен Азия аймагына таанылган Түштүк Корея өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү болду. Мында биринчи таймдын 17-мүнөтүндө түштүк кореялык Пак Чху Ен байкоосуздан өз дарбазасына топ киргизип алуу менен командасынын демин суутту.

Аргентиналык чабуулчу Гонсало Игуаин 33-мүнөттө эсепти дагы бирге көбөйттү. Биринчи тайм аяктап жаткан учурда гана түштүк кореялык чабуулчу Ли Чхун Ен атаандаштарына жооп кылып, бир топту таамай тээп киргизди.

Мөрөй талашуунун экинчи таймында аргентиналык чабуулчу Гонсало Ингуаин дагы айырмаланып, өнөктөштөрү берген топту эки ирет Түштүк Кореянын дарбазасына таамай тээп киргизүү менен мыкты чабуулчулардын бири экенин айгинеледи.

Бишкектик футбол күйөрманы Эрлан Мажиевдин айтымында, бул дүйнө чемпионатында Аргентинанын командасы дүйнөлүк атак-даңкты үчүнчү ирет багындырышы мүмкүн.

“Эркин тоо” гезитинин спорттук баяндамачысы Асан Жунусовдун пикиринде дүйнө чемпионатында Голландия, Германия, Аргентина, Бразилия жана Испания өлкөлөрүн алдыңкы топко чыгышы ыктымал. Себеби командалардын тагдыры үчүнчү беттешүүлөрдө билинип калат.

-Дүйнөлүк футболдо "карт бөрүлөр" катары таанылган Бразилия, Аргентина, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрү дагы баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат. Былтыртан бери Испания менен Голландиянын да даярдыгы мыкты. Испания-Европанын чемпиону болуп, табында турган учуру эле. Бирок биринчи беттешүүдө жеңилип калып, абдан намыстанып турган учуру. Кырк жылдан ашуун тыныгуудан кийин Түндүк Корея да жолдомо алды. Алжир, Гана, Камерун жана талаа ээлери да жакшы оюн көрсөтүп, күтүлбөгөн ийгиликтерди жаратуусу ыктымал. Мезгил өткөн сайын дүйнөлүк футболдун таасири артып, чеберчилик дагы жогорулап баратат.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында, ар бир өткөн дүйнө биринчилигинде күтүлбөгөн ийгиликтер байма-бай болуп турат.

-Айтсак, 1990-жылы Италияда болуп өткөн мелдештерде дүйнөнү дүңгүрөткөн командалардын тынчын Африка өлкөлөрү алып, чоң маселени жаратышкан. Африканын Камерун командасы Румыния, Колумбия жана эки жолку дүйнө чемпиону Уругвайды утуп, финалдык бөлүктөргө чейин озуп барган. Бирок жарым финалдык беттешке бир кадам калганда Англия курама командасы камерундуктардын жеңиштик жүрүшүн токтотушкан. Ошентип, Камерун Африка өлкөлөрүнөн тарыхта биринчи жолу дүйнөнүн футбол боюнча эң мыкты 8 өлкөсүнүн катарынан орун алган. Ал эми андагы финалда Германия Аргентинаны 1:0 эсебинде утуп, экинчи ирет чемпион аталды. Бул жолу дагы Диего Марадонна жетектеп, таптап келген Аргентина командасы өз тобунда алдыга чыкты. Ал эми бул ирет дагы эле Бразилия, Аргентина, Германия, Испания, Англия дүйнө чемпиондугуна талапкер болушу күтүлөт. Менин пикирим боюнча Африка менен Азиядан баш байгеге талапкер боло албайт. Себеби алардын чемпионаттарынын деңгээли төмөн, чеберчилиги начар.

18-июнда Англия менен Алжир, Словения менен АКШ жана Германия менен Сербия өлкөлөрүнүн футболдук командалары күч сынашат.

Өлкөдө аза күтүүнүн акыркы күнү болгондуктан кыргызстандык футбол күйөрмандары Кыргызтелерадио корпорациясы аркылуу беттешүүлөрдү түз ободо көрө алышпайт.

Дүйнөлүк атак-даңкка бир нече ирет жеткен өлкөлөр:

Бразилия - дүйнөнүн 5 жолку чемпиону - (1958, 1962, 1970, 1994, 2002)
Италия –дүйнөнүн 4 жолку чемпиону - (1934, 1938, 1982, 2006)
Германия - дүйнөнүн 3 жолку чемпиону - ( 1954, 1974, 1990)
Аргентина - дүйнөнүн 2 жолку чемпиону (1978, 1986)
Уругвай- дүйнөнүн 2 жолку чемпиону - (1930, 1950)

P.S. Түштүк Африкадагы дүйнө чемпионатын кыргызстандыктар өлкөдөгү 3 күндүк аза күтүүгө байланыштуу биринчи улуттук сыналгыдан көрө алышкан жок.
XS
SM
MD
LG