Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

21-июнда Португалия менен Испания жана Чили өлкөлөрүнүн командалары жеңишке жетишти.

21-июнда “Н” тобундагы Чили менен Швейцария өлкөлөрүнүн футболчулары күч сынашты.

Мында биринчи таймда эле Чили өлкөсүнүн футболчулары демилгени колго алышып, тез-тез чабуулга өтүп турушту. Швейцариялыктар коргонуу чебин бекемдешти.

Беттешүүнун 31-мүнөтүндө башкы калыс оюн эрежесин одоно бузду, атаандашын атайлап урду деген шылтоо менен швейцариялык чабуулчу Валон Бехрамиге кызыл кагаз көрсөтүү менен оюн талаасынан чыгарды.

Беттешүүнүн 75-мүнөтүндө Москванын ЦСКА командасынын жарым коргоочусу Марк Гонсалес атаандаштарын алдап өткөн биринчи топту таамай тээп киргизип, Чили өлкөсүнүн командасынын жеңишин камсыз кылды.

Кыргызстандык футбол күйөрмандарынын бүйүрүн кызыткан “G” тобундагы негизги атаандаштар Португалия менен Түндүк Корея өлкөлөрүнүн беттешүүлөрү болду. Мында Португалия командасынын футболчулары Түндүк Кореянын дарбазасына 7 топту киргизүү менен күйөрмандардын купулуна толду.

Бишкектик футбол күйөрманы Бактияр Амантаевдин пикиринде, дүйнө чемпионатында португалиялыктар күйөрмандарын ишенимин актады

- Дүйнөлүк футболдо Португалия командасы биринчи беттешүүдө Швейцариянын командасына 1:0 эсебинде утулган эле. Ушул жеңилүүдөн кийин португалиялыктар абдан намыстанып, экинчи оюнда жакшы ойнойт го, алар дагы баш байгеге талапкер болуу үчүн аракет кылышат деген элем. Былтыртан бери Португалиянын дагы даярдыгы мыкты болчу. Алар бул дүйнө чемпонатында өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп, түндүк кореялыктарды ири эсеп менен 7:0 кылып утуп алып, чемпионаттын көркүн ачты. Ал эми Чили өлкөсүнө калыстар ага жан тартып, швейцариялык чабуулчуну кызыл кагаз менен оюндан чыгарды. Калыстык болбой калды.

“Н” тобундагы Испания менен Гондурастын беттешүүсүндө мелдеш башталганда испаниялыктар демилгени колго алышты.

Мында Испаниянын командасынын даярдыгы, чеберчилиги жогору экени айкын байкалды. Биринчи таймдын 17-мүнөтүндө Испаниянын чабуулчусу Давид Вилья чеберчилигин көрсөтүп, эсепти ачып, командасын алдыга сүрөдү.

Экинчи таймда дагы ушул испаниялык Давид Вилья эсепти дагы бир топко көбөйтүп, Гондурас өлкөсүнүн командасына жеңилүү ызасын алып келди. Беттешүү 2:0 эсебинде Испаниянын жеңиши менен аяктады.

Учурда Аргентина, Бразилия, Голландия жана Чили өлкөлөрү 6 упай топтоо менен кийинки беттешүүлөргө жолун ачып койду. Ал эми 4 упайга ээ болгон Уругвай, Мексика, Словения, Португалия, Гана, Парагвайдын футболчулары. 3 упайы бар Германия, Түштүк Корея, Жапония, Дания жана Испания өлкөлөрүнүн тагдыры кийинки үчүнчү таймашууларда чечилет.

22-июнда «В» тобундагы Грекия менен Аргентина, Нигерия менен Түштүк Корея жана "А" тобундагы Франция менен Түштүк Африка өлкөсүнүн жана Мексика менен Уругвайдын футболдук командалары күч сынашат.
XS
SM
MD
LG