Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Футбол: Жарым финалда ойноочу өлкөлөр аныкталды


Чабуулчу Давид Вильянын тепкен тобу Испанияга жеңиш алып келүү менен жарым финалга жол ачты

Чабуулчу Давид Вильянын тепкен тобу Испанияга жеңиш алып келүү менен жарым финалга жол ачты

3-июлда дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентина менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия жана Парагвай менен Европа чемпиону Испания өлкөлөрүнүн командалары чейрек финалда күч сынашты.


Биринчи тайм жаңы башталган 3-мүнөттө эле Томас Мюллер эсепти ачып, Германиянын командасын жеңишке шыктандырып койду.
Аргентиналыктар эсепти теңдөөгө аракет кылышканы менен майнап чыкпады.

Экинчи таймда же беттешүүнүн 68-мүнөтүндө германиялык чабуулчу Мирослав Клозе тепкен топтун Аргентинанын дарбазачысы Серхио Ромеро тосо албай, 2:0 эсеби менен Германиянын жеңиши бекемделди.

Арадан алты мүнөт өткөндө дагы германиялык Арне Фридрих айырмаланып, Аргентинанын дарбазасына дагы бир топ киргизди.
Эсеп Германиянын пайдасына 3:0 болуп, аргентиналыктардын шаштысы кетти.

Беттешүү аяктаарына бир-эки мүнөт калганда германиялык чабуулчу Мирослав Клозенин жылдызы дагы бир ирет жанып, ал тепкен 4-топ Аргентинанын дарбазасынан орун алды.

Ошентип дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия дүйнөнүн эки жолку чемпиону Аргентинаны 4:0 эсебинде жеңип, аларды үйүнө кайтууга аргасыз кылды.

“Учур” гезитинин спорттук баяндамачысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде Германия командасы чейрек финалда Аргентинаны татыктуу жеңип алуу менен мыкты даярдыгын көрсөтүп, алар эми баш байгеге талапкер болуп калды.

3-июлда Парагвай менен Европа чемпиону Испания өлкөлөрүнүн командаларынын чейрек финалда күч сынашуусу курч мүнөздө өттү.

Эки команданын дарбазачысы 11-мертден тебилген айып тобун тосуп, чеберчилик, шайдагайлыгы менен айырмаланды. Удаа-удаа чабуулга өтүп турушканы менен биринчи таймда эсеп ачылбады.

Экинчи таймда же беттешүүнүн 83-мүнөтүндө испаниялык чабуулчу Давид Вильянын тепкен тобу Испания өлкөсүнө жеңиш алып келүү менен алардын жарым финалда ойноого жол ачылды.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде Испаниянын футболчулары жарым финалда Германияга туруштук бериши кыйын болчудай.

Мына ушундай эле пикирди өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти, милициянын генерал-лейтенанты Өмүрбек Кутуев да “Азаттыкка” билдирип, быйыл Германия дүйнө чемпиону болорун божомолдоду.

Бишкектик футбол күйөрманы Асан Жунусовдун божомолунда да Германия баш байгени утуп алуусу мүмкүн.

Испания менен Германия өлкөлөрү жарым финалда мөрөй талашууга 7-июлда чыгат.

Ал эми 6-июлда жарым финалда Голландия менен Уругвай өлкөлөрүнүн командалары күч сынашып, ким жеңсе ошол баш байгеге талапкер болот.

10-июлда үчүнчү орун үчүн, ал эми 11-июлда биринчи орун үчүн финалдык беттешүүлөр болот.
XS
SM
MD
LG