Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Баш байге үчүн Испания менен Голландия күч сынашат


11-июлда Түштүк Африка өлкөсүндөгү дүйнө чемпионатында финалда Голландия менен Испания баш байге үчүн күч сынашат. Германия үчүнчү орунду ээледи.


10-июлда дүйнөнүн үч жолку чемпиону Германия менен дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай өлкөлөрүнүн командалары үчүнчү орун үчүн мөрөй талашып, 3:2 эсебинде германиялыктар жеңип, коло байгелүү болушту.

Германиялык чабуулчу Томас Мюллер беттешүүнүн 19-мүнөтүндө эсепти ачып, командасын алдыга сүрөгөн. Бирок уругвайлыктар дагы чеберчилигин көрсөтүү менен Эдинсон Кавани менен Диего Форлан Германиянын дарбазасына эки топ киргизүү менен артыкчылык кылышты.

Германиялыктар дагы намыстануу менен жарым коргоочусу Марсель Янсен эсепти 2:2 кылып теңдесе, анын өнөгү Сами Хедира беттешүүнүн 82-мүнөтүндө дагы бир топту Уругвайдын дарбазасына киргизүү менен Германияга коло байге алууга данакер болуп берди.

Өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти, футбол күйөрманы Канат Аманкуловдун пикиринде дүйнө чемпионатынын таасири менен кыргыз футболуна дагы мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу зарыл.

Канттык футбол күйөрманы Айбек Ажыгуловдун пикиринде Канттын “Абдыш-Ата” командасынын башкы машыктыруучусу, голландиялык устат Жейлан Арикан болгондуктан, эки өлкөнүн достугу үчүн Голландияга күйөрман.

Чүйлүк футбол күйөрманы Азат Жамалиевдин божомолунда финалда Европа чемпиону Испания жеңип алуусу ыктымал.

Кыргызстандык айрым футбол күйөрмандары 11-июлдагы финалда Голландия утат дешсе, айрымдары Испанияга артыкчылык берип турушат.

Бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылбек Бекболотовдун пикиринде кыйын деген Германияны жеңген Испания финалда дагы Голландияны да утулушу толук ыктымал.

Бишкектик футбол күйөрманы Казыбек Атакуловдун божомолунда белгилүү футболчулары арбын Голландия командасы чеберчилигин көрсөтүү менен финалда Испанияны жеңип алуусу мүмкүн.

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин башкы адиси Канат Арпачиев” “Учурда Испания табына келип турат, Голландияны утуп алууга кудурети жетет”- деп “Азаттыкка” билдирди.

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Эмил Алыкулов футбол күйөрманы экенин айтып, 11-июлдагы финалда дүйнө чемпиону Испания болоорун божомолдоду.

11-июлда дүйнө чемпионатынын баш байгеси үчүн Голландия менен Испания өлкөлөрүнүн футболчулары мөрөй талашууга чыгат.

Бул беттешүүнү Кыргызтелерадио корпорациясы түнкү саат он экиден 30 мүнөт өткөндө түз алып көрсөтөт.

Бишкектин түнкү клубдарында эки команданын бирине мөрөй сайып, дүйнө чемпионатынын финалына күйөрман болчу жаштар дагы арбын.
XS
SM
MD
LG