Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Орусия Сирия сүйлөшүүсүнө Трамптын администрациясы катышарына үмүт артат


Сирия, Идлиб шаары.
Сирия, Идлиб шаары.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия сүйлөшүүлөрүнө АКШнын жаңы президентинин администрациясы катышарына үмүттөнөрүн билдирди.

Лавров Казакстандын борбору Астанада 23-январда өтө турган сүйлөшүүгө шайланган президент Дональд Трамптын администрациясын чакыруу туура болорун белгиледи.

Москвадагы маалымат жыйынында сүйлөгөн Лавров Трамп кызматка киришкенден кийин АКШ менен Орусия Сирия маселесинде дагы натыйжалуу кызматташарына үмүт артарын кошумчалады.

Астанадагы сүйлөшүүлөр боюнча буга чейин Трамптын командасы менен Орусиядан карама-каршылыктуу маалыматтар келип жаткан.

29-декабрда Түркия жана Орусиянын ортомчулугу менен Сирияда ок атышпоо келишими кабыл алынган. Лавров Астанадагы жыйын бул келишимди бекемдөөнү көздөйт деди. Орусия, Түркия жана Ирандын Сирия боюнча декабрдагы сүйлөшүүсүнө АКШ чакырылган эмес.

XS
SM
MD
LG