Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

К. Бакиев: АКШ “Манас” базасын сактап калгысы келсе, эшик ачык


Президент Курманбек Бакиев 4-мартта Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматына берген маегинде “Манас” аба базасын сактап калуу үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө эшик ачык экенин билдирди. Бирок бул жолу АКШ башка шарттар, башка келишим менен келиши керек.

"Азыркы учурда сүйлөшүүлөр жүргөн жери жок. Бирок, мен эшик ачык деп айткым келет. Кыргызстан ОДКБнын мүчөсү катары Ооганстандагы кырдаалдын стабилдешүүсүнө кызыктар. Биз АКШ сунуш кылчу бардык варианттарды караганга даярбыз. Ал кандай форматта, кандай түрдө болот - сүйлөшүүлөрдө белгилүү болот да. Бирок азырынча предметтүү сүйлөшүүлөр жок. АКШ сүйлөшүүгө даяр болсо, Кыргызстан да сүйлөшүүгө даяр. Бирок мурдагыдай шартта эмес. Эски келишим жокко чыгарылды, бул боюнча чечим кабыл алынды. Эми жаңы келишим, жаңы шарттар, жаңы форматтар жөнүндө гана сөз болушу мүмкүн. Сүйлөшүүлөргө даярбыз, бирок жаңы шарттар менен," -деп айтты президент Курманбек Бакиев Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына берген маегинде.

АКШ базасын чыгаруу чечими кабыл алынганын президент Курманбек Бакиев биринчи жолу 3-февралда Москвада жарыялаган. Мына ошол күнү Россия Кыргызстанга 300 миллион доллар насыя, 150 миллион доллар грант, Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн 1 миллиард 700 миллион доллар насыя берүү маселеси чечилген.

Россия андан сырткары Кыргызстандын 193 миллион доллар тышкы карызынын бир бөлүгүн “Дастандын” 48 акциясына алмашып, калган бөлүгүн кечүүгө макул болгон. Мына ушул эки окуя бир убакта жана бир жерде жарыя болгондуктан байкоочулар базаны чыгаруу Кыргызстандын эгемен чечими эмес, ал Кремлдин талабы боюнча чечилген маселе деп белгилешкен.

Курманбек Бакиев БиБиСи берген маегинде сөз арасында Орусиядан насыя алынып жаткан 2 млрд доллар менен АКШнын “Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечиминин эч кандай байланышы жоктугун, бул жөн гана дал келген окуялар болуп калгандыгын да белгиледи.

“Манас” аба майданында жайгашкан аскердик база жөнүндө АКШ менен болгон келишимди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганын расмий Бишкек Вашингтонго 20-февралда билдирген. Ошондон кийин 180 күн аралыгында АКШ “Манас” аба майданындагы аскердик базасын көчүрүп чыгып кетүүгө тийиш.

“Манас” базасы жөнүндө АКШ менен келишимди токтотуу маселесин Жогорку Кеңеш карап колдоп берген. Бир гана социал-демократтар фракциясы ага каршы чыккан.

“Каражат жагына карабашыбыз керек. Бизге жарандык аба майданыбызда бөлөк-бөтөн базанын кереги жок”,- деп сүйлөгөн болчу жарыш сөз маалында коммунисттердин лидери Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекова Кыргызстандагы демократиялык реформаларды жүргүзүүгө АКШнын көрсөткөн жардамына токтолуп, аскердик базаны чыгаруу өлкөдөгү демократиянын мындан аркы тагдырына залалын тийгизбеши керек деп белгилеген.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов АКШнын аскер базасынын тероризмге каршы күрөш жүргүзүүдөгү маанисин баса белгилеп, Кыргызстан 1999-жылы башынан өткөргөн террордук чабуулдар коркунучу дагы эле бар экенин эскертип сүйлөгөн. Ал социал-демократтардын атынан билдирүү жасап, АКШнын базасын чыгарууга шашпай, Кыргызстан бардык аскердик -саясий блоктор менен теңсалмак саясат жүргүзүшү керек деп айткан

Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө “Манас” аба базасы жөнүндө АКШ менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу бышып жетилген маселе экенин билдирген. Анын айтымында, 2006-жылы америкалык учак менен Кыргызстандын жарандык учагы кагылышкан, америкалык аскерлер 2002-жылы март айында эки кыргыз кызын коюп кетишкен.

Комиссиянын иликтөөсүнө караганда, учактар кагылышканда кыргызстандык кыйраган учактын зыяны 600 миң долларга бааланган. АКШ келген зыянды толук төлөп бербей, 250 миң доллар гана чектелген.

Ошондой эле кыргызстандык жаран А. Ивановду атып өлтүргөн америкалык аскерди аскердик трибуналдын жообуна тартуу боюнча эч кандай чара көрүлгөн эмес. Аскердик база үчүн ижара акысын көбөйтүү жөнүндө Кыргызстан тараптын өтүнүчтөрүн Вашингтон жоопсуз калтырып келатат.

Тышкы иштер министри парламентке берген маалыматка караганда, аскердик базанын ижара акысы үчүн АКШ 2006-жылдан тартып Кыргызстандын мамлекеттик казынасына 17 млн 400 миң доллардан төлөп келатат. Эки жыл мурда кол коюлган протоколдук келишим боюнча АКШ ижара акынын көлөмүн 50 млн долларга жеткирүүгө милдеттенген. Бирок иш жүзүндө аны аткарган эмес.

Пентагон “Манас” аба базасы үчүн 224,61 гектар айыл чарба жерин, Фрунзе токой чарбасынын 114 гектар жерин ижаралап келген. Мындан тышкары “Манас” эл аралык аэропорту учуу тилкесинен 985 миң чарчы метр жери дагы америкалыктарга ижарага берилген.

Президент Курманбек Бакиев 11-февралда маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын аскер базасынын ижара акысын көбөйтүү жөнүндө маселеде Бишкек менен Вашингтон тил табыша албай калганын билдирген. Соңку үч жылда бул маселени АКШнын мамлекеттик катчысы менен коргоо министринин алдына бир нече жолу койгонун, бирок алар ижара акысын көбөйтүү жөнүндө берген убадаларын аткарбай койгонун баса белгилеген.

"Мен Буш менен гана жолуккан жокмун, бирок Кондолиза Райска, мурдагы коргоо министри Гейтске, мага жолукканы келген сенаторлордун баарына айтып келдим. "Урматтуу мырзалар, макулдашуунун шарттарын карап чыгалы, мезгил башка, баалар башка, Кыргызстан экономикалык кыйынчылыкты тартып жатат, түшүнгүлө" деп. ...Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Мирослав Ниязов турганда да ал макулдашуу протоколун түзүп жатып америкалыктар бир жылда 150 млн долларга чыгат деп айткан. Бул да аткарылган жок,"- деген К.Бакиев.

АКШ баштаган эл аралык антитеррордук күчтөрдүн аскердик базасы Ооганстандагы террордук күчтөргө каршы “Урагыс эркиндик” согуштук операциясын ишке ашырууга көмөктөш болуу үчүн Кыргызстандын “Манас” аба майданына 2001-жылы декабрда киргизилген. Биринчи жолку келишим боюнча аталган база бир жылдык мөөнөт менен жайгаштырылган. Андан бери сегиз жылга аяк басты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG