Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Президент К.Бакиев Кыргызстан элдери ассамблеясынын курултайында өлкөнүн дүйнөлүк саясий оюнчуга айланышы өтө турган шайлоого таасир тийгизе тургандыгын эскертти. Ири гидрокурулуштардын башталышына коңшу өлкөлөр каршы, АКШ аскерий базасынын чыгарылышы Батыш өлкөлөрүнүн нааразылыгын жаратышы мүмкүн.

“Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары саясат таануучулар Алим Дөнөнбаев менен Турат Акимов президент шайлоо алдындагы эларалык мамиле-катыштар тууралуу ой бөлүшөт.

- Алим мырза, президенттин сөзүнөн улам алдыдагы шайлоо камтамасына бийлик эмитен эле түшүп калгандай сезилет. Сырттан кысым жөнүндө кеп кылсак, ал кайсы жаткан келиши мүмкүн?

Алим Дөнөнбаев
: - Мына Американын аскер базасы чыгарылышы тууралуу сөз болгондо аналитиктер арасында андай болсо эмнеликтен Орусиянын аскер базасы алынып чыкпай калышы козголгон. Менин оюмча бул жерде эларалык кызматташуу жөнүндө кеп болушу керек. Маалыматтарга караганда эгемендик тушунда Кыргызстан АКШдан 2 миллиардга жакын доллар жардам алган. Кыргызстан көп өлкөлөр менен кызматташат. Аскер база чыгарылып кетсе алдагыдай чоң жардам болобу-болбойбу суроосу турбайбы. Анан да АКШ дүйнөдө таасири өзгөчө чоң өлкө. Андай болсо башка өлкөлөрдөн келчү жардам токтоп калбайбы, деген мыйзамченемдүү суроо чыгат. Көп эле өлкөлөр менен кызматташсак болот. Ал эми интеграция жагына келсек биз ЕврАзЭстен башка жакка бара албайбыз. Географиялык, экономикалык, тарыхый жактан Казакстан, Өзбекстан, Орусия менен тыгыз байланыштабыз. Мына акыркы 17 жылда Кыргызстанда өндүрүш алга жыла алдыбы? Кыргызстан жанындагы коңшу өлкөлөр менен интеграцияланса, иш жүзүндө кызматташууга өтсө өндүрүш акырындык менен жанданат болчу.

- Турат мырза, бийликтин өтө элек шайлоодон эмитен эле кабатыр болушунун кандай себеп-жөнү бар? База боюнча Батыш, суу-энергетикалык жактан кошуна өлкөлөрдөн чочулоо болуп жатабы?

Турат Акимов: - Жалаң эле шайлоо боюнча болсо К.Бакиев андан коркпойт, деп ойлойм. Анткени АКШны баш кылып 11 өлкөнү базадан кетирсе анан ушу шайлоодон коркуп калабы? Анткен менен чочулашка да негиз бар. Бир жыл мурунку шайлоодон кийин БШК төрагасы качып кеткенин эстесе чочулашы да мүмкүн.

- Алим мырза, Кыргызстан суу жагынан коңшулары менен мамилесин мыкты деп айтыш кыйын. Мына жакында Өзбекстандын расмий бийлиги ири гидрокурулушту Кыргызстан менен Тажикстан коңшулардын макулдугу, эларалык эксперттердин бүтүмүн эске алуу менен курушу керектигин айтып чыгышты. Коңшулардын мамилеси шайлоого таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

Алим Дөнөнбаев: - Андай божомол туура эмес го, деп ойлойм. Эми аны тымызын жүргүзүшү мүмкүн. Бирок аны биз кайдан билебиз? Коңшулар Кыргызстан менен кызматташабыз десе мындай ишке барбайт, деп ойлойм. Суу-энергетикалык маселе өзү татаал нерсе. Аны чечүүнүн менин оюмча, эки жолу бар. Биринчиси, базар-нарк мамилесине өтүп аткандан киийн сууну товар катары тааныш керек. Окумуштуулардын болжолунда 2030-жылдары суу алтындан кымбат болуп калат. Товарга өтпөсөк мамилебиз азыркыдай кала берет. Экинчиси, ЕврАзЭстеги интеграцияны күчөтүшүбүз керек. Мындай маселелерди стол үстүндө отуруп эле чечкенге жетебиз деп ойлойм. Мына Европа шериктештигин карагыла. Буга жеткенче Европа канча жаңжалды, согуштарды башынан өткөрдү. ЕврАзЭс жакшы иштеп кетсе андан экономика утат эле, тоокен тармагы жакшы иштетилмек.

- Турат мырза, көпчүлүк аналитиктер АКШ базасы чыгарылганда алдыдагы шайлоонун жыйынтыктарын Батыш өлкөлөрү тааныбай коюшу мүмкүн экендигин болжолдошкон.

Турат Акимов:
- Эгер биздин өлкө бутуна туруп, баарын таразалап иш кылганда мындай тобокелдикке барбайт элек. Анан эми ошол эле саясий тобокелдикти улантып, базаны калтыргыңар келсе биздин шайлоону тааныгыла, колдосоңор база калат дегенден же сууну ортого коюп, шайлоо жыйынтыгын ага байласак да туура болбой калат. Кошуналар менен мамиле экономикалык нукка салынышы керек. Ал эми болот-болбойт болжолдордун баары жарым-жартылай туура. Глобалдык маселени учкай чечкен жарабайт. Ал 20-30 жыл илгери иликтенип, аныкталып, чечилиши абзел. Кытай каякка баратат, Орусия кайда баратат, ислам дүйнөсү бизге келатат. Ушунун баарын таразалап, маселени терең бышырып чечкенде туура болмок. Учкай чечип алып Европа менен Американын таарынтып жатабыз. Саясий серепчилер айткандай, Америка боз бала эмес. Бул дүйнөнү титиретип турган мамлекет. Азыркы глобалдык дүйнөдө мындай кыска саясат туура эмес.

- Алим мырза, биздин кошуналар агып келген суу дагыле агып келе бериш керек, аны тосконго эч кимдин акысы жоктугун ырастаган жүйөөнү алдыга жайып жатышат. Ушул жүйөөнүн тууралыгы барбы?

Алим Дөнөнбаев: - Суу товар катары бааланышын тарыхый шарт-жагдай талап кылууда. Мына биз глобалдашкан дүйнөдө жашап жатабыз. Суу товар катары бааланышы дүйнөдө козголуп жатат. Муну жакшылап отуруп алып санап, изилдеп-иликтеп чыгышыбыз керек. Албетте, сууну товар катары кароонун тажрыйбасы азырынча жок. Ага карап, көптүгүнө, бизге караганда чоңдугуна салып эле коңшулар бул маселеде бизге өктөмдүк кылбашы керек. Суу товар экенин биз, суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстан, эларалык деңгээлде көтөрбөсөк бул маселе чечилбей созулуп кете берет.

- Турат мырза, ушул суу-энергетикалык маселени чечүүнүн мурунку социалисттик айла-амалынан башка да жолу барбы?

Турат Акимов: - Бекер нерсени Кудай гана берет. Биз капитализм куруп жатсак, дүйнө ошого кетип жатса бардык нерсе сатылып каларын түшүнүшүбүз керек. Суу сатыш тажрыйбасы болбогон менен суунун айынан дүйнөдө чоң согуштар болуп келген. Орус падышасы Петр Биринчинин тушунда Балтика деңизине чыгыш үчүн, Азов деңизинен Кара деңизге чыгыш үчүн согуш ачылган. Израил менен Палестинанын Иордан дарыясынын башы үчүн болгон урушун деле айтып кетсек болот. Суу үчүн кагылыш, талаш-тартыш адамзат тарыхында аябай көп болгон. Биз мамиле-катышыбызды экономикалык нукка салмайын ушундай талаш-тартыштарга кабыла беребиз.

- Мырзалар, ушуну менен талкууну жыйынтыктасак, ишиңиздерди ийгилик жылоолоп жүрсүн! Ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG