Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:04

Сырткы күчтөрдүн коркунучунун алдын алуу максатында түштүккө Орусия менен АКШнын аскерий базалары убактылуу жайгашуусу ыктымалдыгын УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев өткөн апта соңунда билдирген эле.

Адистер өлкө түштүгүнө база түзүү зарылчылыгы болгон менен, анын макамын жана милдетин алдын ала аныктоо керектигин айтып жатышат.

Маалыматка ылайык, түштүккө база курулса, ал экстремизм менен күрөшүү иштерине көмөк көрсөтөт. Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов бул маселенин чечилиши көбүрөөк Орусияга байланыштуу болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, биргелешип база ачуу Орусия тарабынан сунушталганы менен, алар бул багытта чечкиндүү аракеттерди көрө элек:

- Баңгичилик менен күрөшүү боюнча база түзсө болот, аскерий база болбойт го. Ошко да, Баткенге да куруу каралган. Бирок бул азырынча сөз гана. Орусия ушундай чогуу база ачса болот эле деп сунуш кылган эле. Менимче, быйыл болбойт го, быйыл жетишпейбиз. ЕККУ күчтөрү да, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) да жардамдары созулуп атат. Саясий жагынан да карап атат да. Орусиянын жетекчилери өздөрү айтып коюп, шашпай, катуу аракеттерди көрбөй жатат. Алар жардам беребиз, база ачабыз деп сунуш киргизсе, биз туура көрөбүз.

Улуттук Коопсуздук Кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу бул боюнча азырынча толук маалымат жоктугун, качан, кайсы аймакка, ким тарабынан база түзүлөрү тактала электигин жана бул багытта келишим качан түзүлөрү да азырынча белгисиз экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул коопсуздукту камсыз кылуудагы келечектеги пландардын бири болушу мүмкүн.

Чындыгында Кыргызстандын түштүгүндө антитеррордук окуу борборун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөр мындан эки жыл мурда эле башталган. Учурунда Баткенде келишим негизинде куралган аскердик бөлүк жайгаштырылып, анда куралдуу күчтөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү кесиптик даярдыгын жогорулатышары айтылган. Ага АКШ өкмөтү аскердик-техникалык жардам иретинде 5,5 миллион доллар бөлөрү да белгиленген. Бирок апрель ыңкылабынан соң коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков азырынча мындай борбор курууга зарылчылык жок экенин айтып, бул маселе токтоп калган болчу.

Түштүктөгү тополоңдон кийин бул маселе кайра көтөрүлүп, түштүк аймагына сырткы күчтөрдүн коркунучун алдын алуу максатында түштүккө аскерий база убактылуу жайгашуусу ыктымалдыгы айтылып жатат. Бирок анын кайсы аймакка, кандай милдет, жана макам менен түзүлөрүн расмий бийлик ачыктай элек.

Коопсуздук маселелелери, этникалык чыр-чатактар боюнча эксперт Талант Разаковдун айтымында, бул аскерий эмес окуу базасы болушу мүмкүн. Анда Орусия кадрларды даярдоо боюнча Кыргызстанга көмөк көрсөтөт:

- Орусиянын базасы жөнүндө сөз болуп жатат. Түштүккө окуу базасы курулушу мүмкүн, ал аскерий база эмес. Ал эми кайсы жерде экени тактала элек. Болгону экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү боюнча кадрларды даярдайт. Эки жылдан бери ушунун тегерегинде маселе козголуп жатат. Орусия ушундай кадрларды даярдап берүүгө көмөктөшөт.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Коопсуздук кеңшинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров аскердик, көп тармактуу, анын ичинде чек арачылар, коопсуздук кызматы, коргоо министрлиги кирген ыкчам аракеттенүүчү топторду окутуучу окуу жайын сөзсүз ачыш керек деп эсептейт. Ал мындай окуу борбордун Баткен же Кызыл-Кыя шаарларына түзүлүшүн туура көрөт:

- Керек болсо күч структураларына керектөөчү, колдонуучу, универсалдык тармакта келечекте ошол багытта иштей турган азаматтарды окутуу үчүн бул окуу борборун ачышы керек. Ал Кыргыз мамлекетиники болушу керек.

А.Мадумаровдун айтымында, бул окуу борбору ЖККУга кирген мамлекеттердин ортосунда, балким эки тараптуу Кыргызстан-Орусия же көп тармактуу Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Белорус өлкөлөрүнүн ортосунда да түзүлүшү ыктымал. Булардын бардыгы келишимге жараша болмокчу.

А. Мадумаровдун белгилешинче, өткөн 2009-жылдын жай айында Чолпон-Ата шаарында бул багытта Орусия менен келишимге кол коюлган жана тиешелүү документтер да даяр. Бирок А. Мадумаров мунун ишке ашпай жатышына Кыргызстан гана күнөөлүү деп эсептейт. Анын айтымында, кыргыз тарап макулдашылган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизбеш керек эле деген ойдо. Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен бул келишим жана түштүккө биргелешип база ачуу сунушу боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле бул маселе көтөрүлүп келетканын, Канттагы Орусиянын базасы деле алгач ушул максатта түзүлгөнүн белгилеп, эми дагы база курула турган болсо Ош жана Жалал-Абаддын ортосундагы чекке курууну сунуштайт:

- Менимче түштүккө базаны түзүш керек. Болгондо дагы атайын ыкчам аба күчтөрүн, десанттык башкаруу кызматын түзүү зарыл. Аны Жалал-Абад менен Оштун ортосундагы чекке коюш керек. Түштүктөгүдөй жаңжал чыгып кете турган болсо эки жакка тең жеткидей болушу керек.

Ал эми жаш активист Мирсулжан Намазалиев түштүккө база ачуунун эки тарабы бар деген ойдо. Ал маселе чечилерден мурда базанын милдетин жана мөөнөтүн тактап алууну сунуштайт:

- Бул жерде абдан көп жардамы болгон менен тобокелдери да көп. Кай бир учурда бири-бири менен атаандашып калган өлкөлөрдүн базалары турганда айрым маселелер да Фергана өрөөнүндө пайда болуп калбайбы деген суроолор да жаралып калышы ыктымал. Кыргызстандын аймагы дүйнөлүк атаандаштык үчүн полигон болуп калбашы керек.

Июнь айындагы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуядан соң түштүккө коопсуздукту камсыз кылуу багытында аскерий, же болбосо окуу базасын түзүү талылуу маселелердин бирине айлангандай. Адистер бул азырынча сөз гана экенин, ал кимдин көмөгү, кандай мандат менен түзүлөрү туурасында конкреттүү чечимдер кабыл алына электигин белгилеп жатышат. Ошондой эле кайсы убакта, кайсы аймакка курулары да азырынча ачыктала элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG