Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

Дайындала элек шайлоо даярдыгы мурда эле башталган


27-июндагы референдумдан кийин, күзүндө өтөөрү айтылган парламенттик шайлоо азырынча расмий түрдө жарыялана элек.

27-июндагы референдумдан кийин, күзүндө өтөөрү айтылган парламенттик шайлоо азырынча расмий түрдө жарыялана элек.

Октябрда өтчү парламенттик шайлоо Кыргызстан коопсуздугуна коркунуч келтирбейби? Саясий маселелерди күчкө салып чечүүнүн кыныгын алып калгандар жеңилүү ызасынан кезектеги калайманды баштап ийбейт эч ким кепилдик бере албайт.

Парламент шайлоо коменданттык саат киргизилген аймактарда кандай өтөт суроосу да азырынча ачык калууда. Биртоп саясий партиялардын Бишкектеги жыйынында мунасага келүү, шайлоо алдында этикалык кодекс кабыл алуу маселеси козголду.

Кызыкча жыт дейби?..

Парламенттик шайлоо өтөрү белгилүү болгону менен камылга-даярдык көрүүгө азырынча мыйзамдуу уруксат бериле элек. А бирок өтүшүнөн өтөрү кызык саясий иш-чарадан эмитен эле чочулагандар, ансыз да калтыс абалда турган Кыргызстан шайлоонун аркасы менен дагы бир калабага туш келип калбайбы суроосун алдыга жайгандар арбын чыгууда.

- Баарыбыз эле сезип турбуз го. Абада кооптуу жыт турат. Жалаң эле сөзгө алаксыбай, ишке киришип, системалык өзгөртүүлөр аркылуу кооптуу жагдайды өзгөртө алабыз. Араң туган тынчтыкты сакташыбыз абзел,- деп “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов көптөн бери толгонтуп келаткан оюн ортого жайды.

Көзүнөн таанып турам

Саясатчылар эле будуң-чаң салып ийбесе парламенттик шайлоо тынч, эч кандай кагылыш-сүрүлүшү жок өтөрүн Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акун белгилеп, эмитен сарсанаага түшүүнүн кажаты жоктугуна токтолду.

- Эгерде биз шайлоону жакшы өткөрө албасак мамлекетибиз жоголот дейт. Эмне деген сөз, мен түшүнбөйм. Анан айтып атышат шайлоо баштала элек жатып эле агитациялык иштер жүргүзүлүп жатат дешет. А бирок ким жүргүзүп жатат аны? Кечирип койгула, мен окуп атам щиттерден. Акыйкатчы ошонун баарын көрүп турушу керек. “Өлкө үчүн, Республика үчүн!” деп жазып коюп жатышат. Мына бетине айтып атам. А “Республика” деген кимдин партиясы, мен ошентип эле түшүндүм, алдын-ала башталган экен дедим.

Шайлоону утурлап алдын-ала көрнөк-жарнактарын жайнатып чыгарган капчыгы калың партиялар менен каражаты чукталуу атаандаштар ортосунда катуу атаандаштык болору ансыз деле дайын.

«Чүш, аптаматы бар, атып салат…»

Азыр болсо саясатчыларды көбүрөөк толгонткон маселе элдин колундагы курал-жарактар эртеңки күнү дагы чыкпайбы суроосу болууда. Кыргызстан элдик-демократиялык партиясынын төрагасы Артур Медетбеков 7-апрель күнү коопсуздук кызматкерлеринен тартылып алынган куралдардын көбү ички иштер кызматына тапшырылбаганын айтат.

- “Форум” менен Акүйдүн жанындагы окуялардан кийин көбү элдин колунда калып калды. Жаш балдарда. Алардын көбү азыр ар кайсы партияларга таандык болуп эсептелинет. Себеп дегенде, биздин өзүбүздөгү маалымат боюнча, алардын кээ бирлери өздөрүнчө даярдык көрүп атайын уюшулган оперативдүү ыкчам аракеттенчү тобун түзүшүп, ошол шайлоодо кандайдыр бир чатак чыгып калса же уруш болуп кетсе, болбосо өздөрүнүн пайдасына чече турган маселелерди чечиш үчүн пайдалана турган өзүнчө топ болуп калды.

Парламенттик шайлоону кезектеги элдик революцияга айлантып ийбеш амалында атаандаштыкка аттанчу саясий партиялар ичара келишим түзүп, өздөрүнө моралдык жоопкерчилик алышы керектигин Бишкектеги жыйынды уюштуруучулардын бири Кыргызстан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева да белгиледи.

- Мына 146 партия бар экен. Алардын эми негизги өкүлдөрү катышып жатат. Жакшынакай бир келишим түзүү, шайлоодо бири-бириңерди жаманатты кылбай, бири-бириңердин штабыңарга кол салбай, мыйзамды бузбай, элди дүрбөтпөй, шайлоо бүткөндөн кийин дагы эки-экиден кырылышып жатып калбайлы, деген максат.

Парламенттик шайлоодо арбын добуш алыш үчүн айрым саясий партиялар кайсы бир этникалык топтор менен чайкоочулукка өтүүдөн да кайра тартышпастыгын “Атажурт” партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков ырастады.

- Ошол эле шайлоонун кесепетинен биз өзбек туугандардын канча добушун алабыз, канча партияга кирет? Ушунун негизинен келип чыкты. Буга чейин өзүнчө түтөп турган нерсеге биз күкүрттү жагып таштап койдук.

Парламенттик шайлоого катышчу партиялар ортосунда жигиттик келишим, этикалык кодекс, макулдашуу болушу керектиги кыйладан бери айтылып келатат. Антишке Кыргызстанда экинчи ирет бийликтин күч менен басылып алынышынан кийин куралчан жигиттердин коштоосунда жүргөндөрдүн көбөйүп кеткени, саясий кырдаалдын токтолго таппай турушу шыкак берүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG